Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 14-декабры № 397-б
1. 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана министрлигинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Долбоор |
2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу) 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 10-беренесинин негизинде төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-беренесинде:
биринчи абзацындагы "20" деген цифралар "30" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин жарандарын окутуу үчүн жыл сайын ноябрдын аягына чейин өз мамлекеттеринин ички жол-жоболоруна ылайык бекитилген артыкчылыктуу адистиктердин тизмегин бири-бирине жөнөтөт.
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү тандоонун жыйынтыгы боюнча тандап алынган адистикти эске алуу менен Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына окууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын жарандары Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына Кыргыз Республикасынын жараны менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Кытай Эл Республикасында окууну аяктагандан кийин анын милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасына кайтып келүүсү жөнүндө түзүлгөн келишимдин/контракттын көчүрмөсүн алгандан кийин жиберилет.".
2-берене.
Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Протокол 2020-жылдын "__"___________ _____________ шаарында, эки нускада, ар бири бирдей күчкө ээ болгон кыргыз, кытай жана орус тилдеринде кол коюлду.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, орус тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги үчүн |
________________________________________________ |
| ________________________________________________ |