Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-декабры ПБ № 47
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору мүмкүн болуучу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Т.Мамытов |
|
| Долбоор |
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттер, мындан ары Тараптар деп аталып,
минаны гуманитардык зыянсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук базаны жакшыртуу зарылдыгын таанып,
эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алып,
минаны гуманитардык зыянсыздандырууну өткөрүүдө Тараптардын куралдуу күчтөрүнүн кызматташтыгын кеңейтүү ниетин билдирип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү терминдер пайдаланылат:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү (мындан ары - Биргелешкен бөлүм) - эки жана андан көп улуттук инженердик бөлүмдөрдөн турган минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу үчүн багытталган жыйынды отряд;
улуттук инженердик бөлүм - Биргелешкен бөлүмдүн курамына бөлүнүп берилген, Тараптын куралдуу күчтөрүнүн инженердик бөлүмү;
миналык кооптуулук - миналар жана жарылуучу кооптуу заттар (жарылбай калган ок-дарылар) менен байланышкан коркунуч (мындан ары - жарылуучу кооптуу заттар), тагыраак айтканда, санына, мүнөзүнө, жайгашуусуна (жайгашкан жерине) жана минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдети аткарылуучу райондо минанын жана ЖКЗ табылышына байланыштуу мүмкүн болуучу зыяндын боло тургандыгын билдирген белгилер;
суроо-талап кылган Тарап - минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу үчүн Биргелешкен бөлүмдү анын аймагында колдонуу жөнүндө суроо-талап менен кайрылган Тарап;
кабыл алуучу Тарап - суроо-талапка ылайык анын аймагында минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу үчүн Биргелешкен бөлүм колдонулган Тарап;
жөнөтүүчү Тарап - минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу үчүн Биргелешкен бөлүмдүн курамына улуттук инженердик бөлүмдөрдү жөнөтүүчү Тарап;
транзиттик Тарап - кабыл алуучу же жөнөтүүчү Тараптын аймагына бара жатканда Биргелешкен бөлүм жана анын кыймылдуу мүлкү аймагы аркылуу өтө турган Тарап;
аскер кызматчысы - Тараптын куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөп жаткан жана улуттук инженердик бөлүмдүн курамында минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткарууга катышуучу адам;
аскер кызматчысынын статусу - ушул Макулдашууда ар бир Тараптын мыйзамдарына жана Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген аскер кызматчысынын укуктарынын, эркиндиктеринин, милдеттеринин жана жоопкерчилигинин, социалдык жана укуктук кепилдиктеринин жыйындысы;
Биргелешкен бөлүмдүн кыймылдуу мүлкү - Биргелешкен бөлүмдүн ишмердиги үчүн керектүү курал-жарактар жана аскердик техникасы, аскердик-техникалык мүлк, атайын техника жана атайын каражаттар, транспорттук жана башка материалдык-техникалык каражаттар, ошондой эле кабыл алуучу жана жөнөтүүчү Тараптардын менчиги болуп саналган башка жүктөрү;
кыймылсыз мүлк (кыймылсыз мүлк объекттери) - кабыл алуучу/транзиттик Тараптардын менчиги болуп саналган жер тилкелери жана анын макулдугу менен Биргелешкен бөлүмдүн убактылуу пайдалануусунда турган жана анда жайгашкан аскердик жана жарандык инфратүзүмдөрдүн объекттери.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун максаты болуп Биргелешкен бөлүмдү түзүү, колдонуу жана ишин жыйынтыктоо тартибин, кабыл алуучу/транзиттик Тараптын аймагында анын статусун, ошондой эле минаны гуманитардык зыянсыздандыруу жүргүзүү мезгилинде Тараптардын аскер кызматчыларынын статусун аныктоо болуп эсептелет.
3-берене.
Тараптар Биргелешкен бөлүмдү түзүүдө жана ишмердигинде өзүнүн катышуу даражасын өз алдынча аныкташат.
Минаны гуманитардык зыянсыздандыруу операциясына катышуу үчүн улуттук инженердик бөлүмдү жөнөтүү жөнүндө чечимди жөнөтүүчү Тарап анын улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алат.
Ар бир Тарап ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органын аныктайт, бул жөнүндө депозитарийге билдирүү менен бир эле маалда анын күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгын маалымдайт.
Ыйгарым укуктуу орган өзгөргөн учурда тиешелүү Тарап бул тууралуу депозитарийге 30 күндүк мөөнөттө маалымдайт.
Тараптардын куралдуу күчтөрүнүн инженердик аскерлери жана Биргелешкен бөлүмдүн улуттук инженердик бөлүмдөрү минаны гуманитардык зыянсыздандырууну ишке ашыруу учурунда түздөн-түз өз ара аракеттенүү субъекттери катары чыгышат.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташтыкты координациялоо КМШга катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешине жүктөлөт, ал Биргелешкен бөлүмдү КМШга катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин катчылыгы жана КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешине караштуу инженердик камсыздоо маселелери боюнча Координациялык комитет (мындан ары - Координациялык комитет) аркылуу жетекчилик кылат.
5-берене.
Биргелешкен бөлүмдү түзүүнүн максаты болуп Тараптардын кайрылууларына ылайык минаны гуманитардык зыянсыздандыруу боюнча милдеттерин координациялап аткаруу болуп эсептелет.
Биргелешкен бөлүм, эл аралык уюмдар жана КМШ органдары аркылуу ушул жардамды сураган КМШга катышуучу-мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттердин (үчүнчү мамлекеттердин) аймагында минаны гуманитардык зыянсыздандыруу боюнча эл аралык программаларды, долбоорлорду жана операцияларды ишке ашыруунун жүрүшүндө минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.
Үчүнчү мамлекеттин аймагында Биргелешкен бөлүмдүн күчтөрү жана каражаттары менен минаны гуманитардык зыянсыздандыруу операцияларын жүргүзүү жөнүндө чечим үчүнчү мамлекеттин кайрылуусунун негизинде КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Биргелешкен бөлүм тарабынан минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин үчүнчү мамлекеттердин аймактарында аткаруусу өзүнчө эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
6-берене.
Минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин чечүүдө Биргелешкен бөлүмдүн ишмердигин уюштуруу төмөнкү принциптерге негизденет:
бирдиктүү көздөм жана макулдашылган өз ара аракеттенүү планы боюнча күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу;
улуттук инженердик бөлүмдөрдүн аракеттерин борборлоштуруп башкаруу;
минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу жана тийиштүү адистерди даярдоо үчүн улуттук инженердик бөлүмдөрдүн даярдыгына негизги талаптарынын бирдейлигине;
улуттук инженердик бөлүмдөрдүн өздүк техникалык камсыздоосун (жабдуу) колдонуу;
өзүнүн ишмердигинде Минага каршы ишмердиктин эл аралык стандарттарынын (IMAS) сунуштамаларын эске алуу менен бардык Тараптардын улуттук стандарттарынын негизинде иштелип чыккан операциялык жол-жоболорунун бирдиктүү стандарттарын колдонуу.
7-берене.
Биргелешкен бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
мина талааларын техникалык чалгындоо;
объекттерди мина жана ЖКЗ бардыгына техникалык чалгындоо;
мурда аскердик аракеттер жүргөн райондордо миналардын жана ЖКЗ бардыгына техникалык чалгындоо;
мина талааларын жана объекттерди зыянсыздандыруу;
мурда аскердик аракеттер жүргөн райондорду миналардан жана ЖКЗдан тазалоо;
акваторияларды миналардан жана ЖКЗ/ЖОК тазалоо;
табылган миналарды жана ЖКЗ/ЖОК зыянсыздандыруу.
Биргелешкен бөлүм ушул Макулдашууга ылайык курал-жарактарды жана ок-дарыларды колдонбостон милдеттерди аткарат жана минаны гуманитардык зыянсыздандыруунун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышкан башка бөлүмдөр жана уюмдар менен өз ара аракеттенет.
Жарылгыч заттарды жана жардыруучу каражаттарды, эгерде башкача айтылбаса, кабыл алуучу Тараптын улуттук инженердик бөлүмдөрү гана пайдаланат.
Милдеттерди аткаруу райондорунун топографиялык карталары, эгерде башкача айтылбаса, кабыл алуучу Тарап тарабынан берилет.
8-берене.
Тараптардан биринин же болбосо эл аралык уюмдар жана КМШ органдары аркылуу жардам сураган үчүнчү мамлекеттин кайрылуусуна ылайык КМШ Мамлекет башчыларынын кеңеши Биргелешкен бөлүмдүн күчтөрү жана каражаттары менен минаны гуманитардык зыянсыздандыруу операцияларын жүзөгө ашыруу жана аны өткөрүү мөөнөтү жөнүндө чечим кабыл алат.
Суроо-талап кылган Тараптын суроо-талабында Биргелешкен бөлүмдү колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
а) суроо-талап жиберген Тараптын ыйгарым укуктуу органынын аталышы;
б) миналар жана ЖКЗ коюлган же ташталган жерлердин (аймактардын, акваториялардын) координаттарын көрсөтүү менен миналар бар кооптуу аймактардын (акваториялардын) сүрөттөлүшү;
в) мина бар кооптуу аймакка жанашкан жердин толук мүнөздөмөсү;
г) Биргелешкен бөлүмдү колдонуу зарылчылыгына негиздөө;
д) Биргелешкен бөлүм аткарууга тийиш болгон зыянсыздандыруу боюнча болжолдуу милдеттеринин тизмеги жана көлөмү, ошондой эле аларды аткаруунун болжолдуу мөөнөттөр;
е) адистерге, техникалык жана башка каражаттарга болгон муктаждыктар жөнүндө маалымат;
ж) Биргелешкен бөлүмдүн чогулуу орду;
з) чогулуучу жерге баруунун сунушталган каттамдары;
и) мамлекеттик чек арадан өтүүчү жерлер;
к) улуттук инженердик бөлүмдөрдүн жолугушуу орду жана убактысы;
л) суроо-талапты аткаруу үчүн зарыл болгон байланыш телефондору жана байланыштын башка каналдары жана маалыматтары.
9-берене.
КМШга катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңеши Тараптардын сунуштарынын негизинде Биргелешкен бөлүмдүн күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамын аныктайт, ал зарылчылыкка жараша такталып турат.
Координациялык комитет Биргелешкен бөлүмдүн ишмердиги, анын түзүмүн өркүндөтүү жана кадрларды даярдоо менен байланышкан маселелерди карайт жана КМШга катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешине сунуштарды даярдайт.
10-берене.
Биргелешкен бөлүм командачылыктан, штабдан жана улуттук инженердик бөлүмдөрдөн турат.
Биргелешкен бөлүмдүн командири Координациялык комитеттин сунушу боюнча КМШга катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин чечими менен дайындалат.
Биргелешкен бөлүмдүн командиринин орун басарлары болуп Тараптардын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган улуттук инженердик бөлүмдөрдүн командирлери эсептелет.
Биргелешкен бөлүмдүн командири ушул Макулдашууга, минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттери аткарылып жаткан аймактын Тарабынын мыйзамдарына жана КМШ алкагында кабыл алынган документтерге ылайык Биргелешкен бөлүмдү түздөн-түз даярдоону жана колдонууну уюштурат.
Улуттук инженердик бөлүмдүн командирине ага баш ийген бөлүмдү жетектөө жүктөлөт. Ал улуттук инженердик бөлүмдүн минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдетин аткарууга даярдыгы үчүн жооп берет жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, гуманитардык зыянсыздандырууну даярдоо жана аткаруу мезгилинде Биргелешкен бөлүмдүн командирине баш ийет.
Минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттери аткарылгандыгы тууралуу Биргелешкен бөлүмдүн командири белгиленген тартипте КМШ катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешине (ушул орган тарабынан аныкталат) доклад берет, андан кийин бул орган КМШ катышуучу-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешине маалымдайт.
11-берене.
Штаб Биргелешкен бөлүмдү башкаруунун негизги органы болуп эсептелет жана улуттук инженердик бөлүмдөрдүн атайын жана күнүмдүк ишмердигин жетектөө (координациялоо) үчүн түзүлгөн.
Бөлүмдүн штабынын начальниги болуп кабыл алуучу Тараптын өкүлү дайындалат.
12-берене.
Күнүмдүк ишмердүүлүктө (минаны гуманитардык зыянсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарууга даяр режиминде) улуттук инженердик бөлүмдөр туруктуу дислокациялоо пункттарында турушат жана минаны гуманитардык зыянсыздандыруу жана биргелешкен иш-чараларды аткаруу үчүн биригишет.
Минаны гуманитардык зыянсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарууга даярдыкты жогорулатуу максатында улуттук инженердик бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу боюнча биргелешкен иш-чаралар өткөрүлөт.
Улуттук инженердик бөлүмдү даярдоо Биргелешкен бөлүм үчүн иштелип чыккан жана Координациялык комитеттин сунуштамасы боюнча КМШга катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңеши тарабынан бекитилген адистерди даярдоо программасына ылайык келиши керек.
13-берене.
Биргелешкен бөлүмдү колдонуу планын кабыл алуучу Тарап даярдайт.
Биргелешкен бөлүмдүн курамында улуттук инженердик бөлүмдөрдү жайылтууну камсыздоо үчүн минаны гуманитардык зыянсыздандыруу боюнча операцияга катышуучу Тараптардан ар бири үч адамдан кем эмес сандагы алдыңкы топту жөнөтөт.
Кабыл алуучу Тарап Биргелешкен бөлүмдүн штабын минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу учурунда улуттук инженердик бөлүмдөр менен байланышын камсыздайт.
14-берене.
Тараптардын мамлекеттик чек араларын кесип өтүүдө Биргелешкен бөлүмдүн курамына кирүүчү улуттук инженердик бөлүмдөр үчүн Тараптар жеңилдетилген жол-жобону колдонушат.
Улуттук инженердик бөлүмдөр мамлекеттик чек араны кабыл алуучу/транзиттик Тараптар менен макулдашылган өткөрүү пункттарында жөнөтүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кабыл алуучу/транзиттик Тараптардын аймагына келген максатын жана убактысын көрсөткөн такталган кыймылдуу мүлктөрдүн тизмегинин негизинде кесип өтө алышат.
Жөнөтүүчү Тарап кабыл алуучу/транзиттик Тарапка мамлекеттик чек арадан өтүүгө чейин 45 суткадан кем эмес мөөнөттө кабыл алуучу/транзиттик Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарына аты-жөнү жазылган өздүк курамдын жана кыймылдуу мүлктөрдүн тизмесин кабыл алуучу/транзиттик Тараптын компетенттүү органдары менен күн мурун макулдашуу үчүн берет.
Улуттук инженердик бөлүмдүн аскер кызматчылары кабыл алуучу/транзиттик Тараптары менен макулдашылган өткөрүү пункттарында эгерде Тараптардын эл аралык келишимдерине ылайык башкасы каралбаса, өздүк курамдын аты-жөнү жазылган тизмеси боюнча жана алардын өздүгүн жана аскердик жана башка түзүлүштөргө таандыктыгын тастыктаган жөнөтүүчү Тараптын мыйзамдарында белгиленген документтерди көрсөткөндө, мамлекеттик чек арадан өтө алышат.
Кабыл алуучу/транзиттик Тараптын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке колдонуу үчүн дайындалган буюмдарды, ошондой эле валюталык каражаттарды улуттук инженердик бөлүмдөрдүн аскер кызматчылары тарабынан алып кириши (алып чыгышы) кабыл алуучу/транзиттик Тараптын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Кабыл алуучу/транзиттик Тараптын бажы органдары кабыл алуучу/транзиттик Тараптын бажы чек арасы аркылуу ташылып кирген (ташылып чыккан), улуттук инженердик бөлүмдүн кыймылдуу мүлкүнө карата бажылык тариздөөнү (бажы операциясын жасашат) жана бажы контролун биринчи кезекте ишке ашырат. Тараптардын мыйзамдарына ылайык берилген аскердик өткөрмө күбөлүгүн же аны алмаштырган расмий документин көрсөткөн учурда, кабыл алуучу Тараптын мыйзамына жана алар мүчөсү болгон эл аралык укуктарга ылайык бул мүлк бажы төлөмдөрүнөн, салыктардан жана жыйымдардан бошотулат.
Ар бир Тараптын бажы органдары мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте жана шарттарда улуттук инженердик бөлүмдөрдүн аскер кызматчыларын жана алардын жүгүн карап чыгууну жүргүзөт жана кыймылдуу мүлктүн тизмесиндеги нерселерден (мүлктөрдөн) башка алып кирүүгө жана алып чыгууга тыюу салынган жана чектелген нерселерди алып коё алат.
15-берене.
Тараптар алдын-ала макулдашылган каттам боюнча өзүнүн аймагы аркылуу белгиленген жерге чейин Биргелешкен бөлүмүнүн жана анын кыймылдуу мүлкүнүн тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылат, ошондой эле, ар бир Тараптын мыйзамдарынын талаптарына ылайык алдын ала табыштамалардын негизинде темир жол, автомобиль, деңиз, дарыя жана аба транспортун жана транспорттук коммуникацияларды биринчи кезекте берет.
Авиациялардын учуулары каттамдары боюнча, ошондой эле, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, Тараптардын аба кыймылын башкаруу органдары жана аба көзөмөлү органдары менен макулдашылган зоналарда (райондордо) аткарылат. Аба кемелерин кабыл алуу, аэродромдук-техникалык камсыздоо жана кайтаруу аскердик жана жарандык аэродромдордо Тараптардын аэродромдук кызматтары менен ишке ашырылат.
Тараптардын түзүмдөрүнүн кораблдеринин жана кемелеринин сууларда сүзүүсү жана кабыл алуучу Тараптардын портторуна алардын келүүсү коюлган тапшырмаларды аткаруу зарылчылыгын эске алуу менен кабыл алуучу Тараптын белгиленген тартибине ылайык ишке ашырылат.
Биргелешкен бөлүмдөрдүн ушул Макулдашуунун катышуучусу болбогон мамлекеттин аймагы аркылуу өтүүсү кабыл алуучу Тарап же жөнөтүүчү Тарап менен түзүлгөн келишимдерге ылайык каралган тартипте ишке ашырылат.
16-берене.
Кабыл алуучу тарап өз аймагынын чектеринде Биргелешкен бөлүмдүн өздүк курамынын жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылат.
17-берене.
Тараптар кабыл алуучу/транзиттик тараптардын аймагына Биргелешкен бөлүмдүн убактылуу келүүсүнө байланышкан юрисдикциялоо маселелеринде төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алышат:
кабыл алуучу/транзиттик Тараптардын юрисдикциясы жөнөтүүчү Тараптын аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жүзөгө ашырылган аракеттерине (аракетсиздигине) жайылтылбайт;
кабыл алуучу/транзиттик Тараптардын юрисдикциясынан аскер кызматчылардын иммунитети, аларды жөнөткөн Тараптын юрисдикциясынан бошотпойт.
18-берене.
Ар бир Тарап өзүнүн улуттук инженердик бөлүмдүн даярдыгына жана материалдык-техникалык камсыздалышына жооп берет, ага Биргелешкен бөлүмдүн курамында анын кыймылы жана колдонулушу да кирет.
Тараптар тапшырмалар аткарылуучу аймакка жеткирилген техникалардын жана жабдуулардын техникалык жактан оңдугуна кепилдик берет. Материалдык-техникалык камсыздоо ушул Макулдашууга жана Тараптардын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Жөнөтүүчү Тарап өзүнүн улуттук инженердик бөлүмүн тамак-аш, суу жана отун запастары менен үч күндүк жашоосу үчүн жетиштүү санда, ал эми буюм-тайым кызматынын материалдык каражаттары менен - биргелешкен иш-чараны өткөрүүнүн бардык учурунда жеке эсебинен камсыз кылат. Эгерде, кабыл алуучу Тараптын аймагында жөнөтүүчү Тараптын улуттук инженердик бөлүмүн буюм-тайым менен камсыз кылуу кыйын болгон учурда, ал кабыл алуучу Тараптын материалдык ресурстарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн. Мында материалдык каражаттардын ордун толтуруу жана андан аркы өз ара эсептешүүлөр, кабыл алуучу жана жөнөтүүчү Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда келишимдик негизде жүргүзүлөт.
Жөнөтүүчү Тараптын улуттук инженердик бөлүмүнүн өздүк курамын материалдык каражаттар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну кабыл алуучу Тарап кабыл алуучу Тараптын улуттук инженердик бөлүмүнүн өздүк курамы менен бирдей шартта ишке ашырат.
Биргелешкен бөлүмдүн өздүк курамын жайгаштырууга, анын тамак-аш, мончо-кир жуу тейлөөсүнө чыгымдарды кабыл алуучу Тарап көтөрөт.
Кабыл алуучу Тарап өз аймагында жөнөткөн Тараптын улуттук инженердик бөлүмүн жеке улуттук куралдуу күчтөрүнүн азык-түлүк үлүшүнүн ченемдери боюнча төртүнчү күндүн таңынан баштап тамак-аш менен, ошондой эле жайылтуудагы мөөнөттө отун, суу менен камсыз кылат, камсыздоону өзүнүн мамлекеттик чек арасын кесип өткөндөн кийин токтотот.
Жөнөтүүчү Тарап өзүнүн улуттук инженердик бөлүмүнүн милдеттерди аткаруу аймактарында жайылтылышына (ишин аяктоосуна) жооп берет.
Кабыл алуучу Тарап улуттук инженердик бөлүмдүн жүктөө-түшүрүү, техникаларын жана мүлктөрүн жайгаштыруу иштерин өз эсебинен камсыздайт.
Жөнөтүүчү тарап Биргелешкен бөлүмдүн курамына кирген өзүнүн улуттук инженердик бөлүмүн өз техникасын жана мүлкүн тейлөө үчүн запастык бөлүктөр, майлоочу материалдар жана атайын суюктуктар менен Биргелешкен бөлүмдүн курамындагы аталган улуттук инженердик бөлүмдүн жайылтылган мөөнөтүндө камсыз кылуу үчүн жооп берет.
Кабыл алуучу Тарап зарыл учурда анын аймагында биргеликте пайдаланылып жана сакталып турган техникага запастык бөлүктөрдү, майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды, ошондой эле жөнөтүүчү Тараптын улуттук инженердик бөлүмүнө оңдоо жана техникалык тейлөө пункттарын берет. Бул талаптарды канааттандыруу максатында Тараптар жөнөтүлүүгө жана жайылтылууга тийиш болгон өз техникаларынын жана мүлктөрүнүн тизмеси менен алмашат.
Тараптардын ар бири өзүнүн бузук техникасын жана мүлкүн оңдоо жана алмаштыруу үчүн жооп берет.
19-берене.
Тараптар минаны гуманитардык зыянсыздандырууну жүргүзүү учурунда аскер кызматчыларынын статусунун сакталышын камсыз кылат.
20-берене.
Аскер кызматчылары кызматтык милдеттерин аткарууда, жөнөтүүчү Тараптын улуттук мыйзамына ылайык алар үчүн командирлер (башчылар) болуп саналган адамдарга гана баш ийишет.
Минаны гуманитардык зыянсыздандырууну жүргүзүүнүн жүрүшүндө аскер кызматчыларынын кызматтык ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.
21-берене.
Минаны гуманитардык зыянсыздандырууну жүргүзүү учурунда аскер кызматчыларына:
а) аскер кызматчысы минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдетин аткарууга тартылган күнгө чейин укугу бар болгон акчалай күтүү, ай сайынкы жана башка төлөмдөрү, жөлөк пулдар жана компенсациялар сакталат;
б) минаны гуманитардык зыянсыздандырууга түздөн-түз катышкан мезгили үчүн жөнөтүүчү Тараптын улуттук мыйзамдарында белгиленген көлөмдөрдө жана тартипте акчалай төлөмдөр (сыйлыктар) берилет;
в) эмгек өргүү өткөрүлө турган жерге жана кайра артка жолго кете турган убакытты кошпой, эки жумалык төлөнүүчү кошумча эмгек өргүүсү берилет.
Минаны гуманитардык зыянсыздандыруу боюнча иш-чараларга катышкан аскер кызматчылар үчүн жөнөтүүчү Тараптын мыйзамында белгиленген жеңилдиктер, кепилдиктер жана компенсациялар сакталат.
Мында жөнөтүүчү Тараптан төмөндөгүдөй кошумча социалдык кепилдиктер бекитилет:
а) минаны гуманитардык зыянсыздандырууну өткөрүүдөгү аскер кызматчысынын кызмат убактысынын бир күнү - кызмат убактысынын үч күнүнө эсептелет;
б) минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткарууга түздөн-түз байланышкан, кызматтык милдетин аткаруу учурунда убактылуу эмгек жараксыздыкка алып келип, майыптыкка алып келбеген (жаракат, травма, контузия) ооруксунуу алган аскер кызматчысына - 5 айлык өлчөмүндө акчалай, ал эми майыптыкка кириптер болгондо - 10 айлык өлчөмүндө акчалай бир жолку төлөнүүчү компенсация берилет.
Минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу учурунда аскер кызматчысы каза болсо (өлсө), анын үй-бүлөсү жөнөтүүчү Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык бир жолку компенсацияны алууга укуктуу.
Ушул Макулдашууда каралган социалдык жана укуктук кепилдиктер минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу учурунда бөлүмдү же кызмат ордун өз алдынча таштап кеткен адамдарга; кылмыш жаза жосунуна кириптер болгондорго (соттун өкүмү менен мыйзамдуу күчүнө кирген өз жанын өзү кыюуга жеткирген учурдан башкасы); өзүнүн денесине өзү атайылап зыян келтиргендерге (денеге залал келтирүү); медициналык себеби жок учурда алкоголдук, баңгилик же башка мас абалына алып келген нерсени пайдалангандарга (медициналык күбөлөндүрүүнүн тиешелүү корутундусу бар учурда), ошондой эле кесиптик талаптарга жооп бербегендиги боюнча кайра чакыртылгандарга жайылтылбайт.
22-берене.
Минаны гуманитардык зыянсыздандыруу милдеттерин аткаруу учурунда аскер кызматчысынын өмүрү жана ден соолугу жөнөтүүчү Тараптын каражатынын эсебинен милдеттүү камсыздандырууга жатат.
23-берене.
Ушул Макулдашууда каралган аскер кызматчылары үчүн социалдык жана укуктук кепилдиктердин башталышы жана токтотулушу Тараптардын макулдашуусуна ылайык аныкталат.
24-берене.
Тараптардын ар бири аскер кызматчыларына кырсыкка кабылганда, жаракат алуу, ууланган жана башка алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген учурда медициналык жардам көрсөтүлгөнгө чейинки жардам берүүнү камсыз кылат.
Токтоосуз медициналык кийлигишүүнү талап кылган пациенттин өмүрүнө коркунуч келтирген (токтоосуз формада) же пациенттин өмүрү коркунучсуз абалдагы (кечиктирилгис формада) күтүүсүз катуу ооруларда, ооруган абалдарда, кырсык окуяларында, жаракат алганда, ууланганда, өнөкөт оруулары өтүшүп кеткенде Биргелешкен бөлүмдүн өздүк курамына тез медициналык жардамды кабыл алуучу Тараптардын мамлекеттик жана саламаттык сактоо системасынын медициналык уюмдары (саламаттык сактоо мекемелери) тоскоолдуксуз, акысыз жана толук көлөмдө өмүргө коркунуч четтетилгенге чейин жана жөнөтүүчү Тараптын аймагына эвакуациялаганга мүмкүнчүлүк тууралуу медициналык жардам көрсөтүп жаткан медициналык уюмдун врачтык комиссиясынын (консилиуму) корутундусу чыкканга чейин көрсөтөт.
Андан аркы медициналык жардам көрсөтүү жөнөтүүчү Тараптын эсебинен ишке ашырылат.
Кабыл алуучу Тарап Биргелешкен бөлүмдүн оорулууларын жана жарадарларын жөнөтүүчү Тараптын мамлекеттик чек арасына же Тараптар менен макулдашылган пунктка эвакуациялоону уюштурат жана камсыздайт.
Кабыл алуучу/транзиттик Тараптардын аймагында Биргелешкен бөлүмдүн өздүк курамына медициналык жардам пландык формада жөнөтүүчү Тараптын эсебинен акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
25-берене.
Жөнөтүүчү Тараптын аскер кызматчысы (өкүлү) кабыл алуучу/транзиттик Тараптын аймагында каза болгон (өлгөн) учурда акыркысы бул тууралуу жөнөтүүчү Тарапты кабарлоого милдеттүү. Жөнөтүүчү Тараптын аскер кызматчысынын (өкүлүнүн) каза болгон учурун аныктоо кабыл алуучу/транзиттик тараптын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кабыл алуучу/транзиттик Тарап Биргелешкен бөлүмдүн аскер кызматчысынын сөөгүн жөнөтүүчү Тараптын мамлекеттик чек арасына чейин жеткирүүнү камсыздайт.
26-берене.
Тараптар ортосунда маалымат алмашуу жана аны ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууда коргоо ар бир Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык камсыздалат.
Мамлекеттер аралык жашыруун сырлар менен иштөө тартиби жана аларды коргоо 2013-жылдын 25-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги алкагында жашыруун маалыматтарды коргоо жөнүндө Макулдашууга жана жашыруун маалыматтарды (мамлекеттик сырларды) өз ара коргоо жөнүндө эки тараптуу келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын биринен алынган маалымат тиешелүү Тараптардын кат жүзүндөгү макулдашуусу жок жана башка Тараптардын кызыкчылыктарына каршы пайдаланылышы мүмкүн эмес.
27-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды, эгерде ар бир конкреттүү окуяда башка тартиби макулдашылбаса, өз алдынча көтөрөт.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо ар бир Тараптын коргоо министрликтеринин (коргоо ведомстволорунун) улуттук бюджеттеринде каралган каражаттардын чектеринде, ошондой эле Тараптардын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги башка булактардан ишке ашырылат.
28-берене.
Тараптардын ортосундагы аталган Макулдашууну колдонуу жана чечмелөө учурунда пайда болгон талаштуу маселелер, кызыкдар Тараптардын кеңешүү жана сүйлөшүү жолдору же Тараптардын башка макулдашылган жол-жобосу менен чечилет.
29-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын макулдугу менен анын ажырагыс бөлүгү болуп саналып, тиешелүү протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
30-берене.
Аталган Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду ага кол койгон тараптардын аткаргандыгы жөнүндө үчүнчү кабарды депозитарий алган датадан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ички мамлекеттик жол-жоболорду кечирээк аткарган Тараптар үчүн Макулдашуу депозитарий тарабынан тиешелүү документтерди алган датадан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
31-берене.
Аталган Макулдашуу белгисиз мөөнөткө бекитилет. Ар бир Тарап ушул Макулдашуудан чыгууга укуктуу, ал үчүн Макулдашуу иштеп турган учурда пайда болгон финансы жана башка милдеттенмелерди жөнгө салып, өзүнүн ушундай ниети жөнүндө алты ай мурда кабарды депозитарийге жөнөтөт.
32-берене.
Аталган Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин кайсынысы болбосун кошулуу жөнүндө документтерди депозитарийге берүү жолу менен кошулушу үчүн ачык.
Кошулган мамлекет үчүн аталган Макулдашуу кошулгандыгы жөнүндө документти депозитарий алган датадан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
____________ шаарында ____-жылдын "___" ____________ айында жалгыз нускада орус тилинде түзүлгөн. Түп нускасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат, ал аталган Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтөт.
Азербайжан Республикасы үчүн |
| Армения Республикасы үчүн |
|
|
|
Беларусь Республикасы үчүн |
| Казакстан Республикасы үчүн |
|
|
|
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Молдова Республикасы үчүн |
|
|
|
Россия Федерациясы үчүн |
| Тажикстан Республикасы үчүн |
|
|
|
Түркмөнстан үчүн |
| Өзбекстан Республикасы үчүн |
|
|
|
Украина үчүн |
|
|