Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-декабры № 410-б
1. Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине аталган Кредиттик макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Долбоор |
(Расмий эмес котормо)
ОПЕК ЭЛ АРАЛЫК ӨНҮКГҮРҮҮ ФОНДУ
КРЕДИТ № 13204Р
Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору
КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосунда
Макулдашуунун бул долбоору келишим түзүү үчүн макулдашуу же сунуш болуп эсептелбейт. Ал ОПЕК Фонду тарабынан жактырылган эмес жана ага өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Тараптар кол тамгасын койгон макулдашуу гана аларды милдеттендирген шарттарды камтыйт. Тараптар макулдашууга кол койгонго чейин тараптардын эч кимиси милдеттенме албайт. |
ОПЕК Эл аралык Фонду ("ОПЕК Фонду") менен Кыргыз Республикасынын ("Заемщик") ортосундагы МАКУЛДАШУУ
Алуучу ОПЕК Фондуна 1-Графикте жазылган Долбоорду жарым-жартылай каржылоо үчүн кредит бөлүп берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылгандыгынын негизинде; жана
ОПЕК Фонду Алуучуга мындан ары жазылган ("Кредит") шарттарында он миллион АКШ доллары (10000000 $) өлчөмүндө кредит бөлүп берүүнү жактырганынын негизинде;
ушуну менен бул Кредиттик Макулдашуунун ("Макулдашуу") тараптары төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Жалпы жоболор; аныктамалар
1.01. Бул Макулдашууга тиркелген Жалпы Шарттар, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт.
1.02. Преамбулада жазылган терминдерге толуктоолордо, төмөнкү терминдер жана сөз айкалыштары төмөнкүдөй маанилерге ээ болот, же, Жалпы Шарттардагы терминдерди же сөз айкалыштарын кайталаган учурларда төмөнкүдөй атайын маанилерге ээ болот:
(a) "Ыйгарым укуктуу өкүл" Алуучу болгон Финансы министрлигин билдирет;
(b) "Жабуу күнү" 2023-жылдын 30-сентябры;
(c) "Карызды жабуу күнү" 3-Графикте орнотулгандай, Кредит боюнча ар бир жарым жылдык төлөмдөр күнүн билдирет;
(d) "Доллар жана $ белгиси" Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдуу валютасына кирет жана билдирет;
(е) "Санкциялаштырылган чыгымдарды баштоо күнү" 2017-жылдын 12 декабрын билдирет.
(f) "Аткаруу агенттиги" Транспорт жана жол министрлиги - Алуучуну билдирет;
(g) "Жалпы шарттар" 2019-жылдын июнундагы мамлекеттик сектор чөйрөсүндөгү Кредиттик макулдашууларга колдонулган ОПЕК Фондунун жалпы шарттарын билдирет;
(h) "Жеңилдетүү мезгили" Макулдашуу күнүнөн баштап, ал күндөн 5 (беш) жыл өткөндөн кийин аяктаган мезгилди билдирет; жана
(i) "Кредиттик администратор" Ислам Өнүгүү Банкы.
2-берене. Кредит
2.01 ОПЕК Фонду Алуучуга ушул Макулдашууда жазылган шарттарда он миллион АКШ доллары (10000000 $) суммасында кредит берүүгө макул болот, ал эми Алуучу бул Макулдашууда жазылган шарттарда он миллион АКШ доллары (10000000 $) суммасында кредит алууга макул болот.
2.02. Алуучу Кредиттин алынган жана жабыла элек негизги суммасынын жылдык бир жарым пайыз коюму боюнча (1.5%) пайыздарды төлөйт.
2.03. Алуучу Кредиттин алынган жана жабыла элек негизги суммасы боюнча жылдык бир пайыз (1%) коюму боюнча кызмат көрсөтүүлөргө Төлөм жүргүзөт.
2.04. Пайыздар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн Төлөм жарым жылда бир жолу төлөнөт, ар бир жылдын 15-майында жана 15-ноябрында ОПЕК Фондунун Эсебине төлөнөт.
2.05. Алуучу Кредиттин негизги суммасын Доллар менен же ОПЕК Фонду үчүн ыңгайлуу болгон эркин айлантылган жана башка валюта менен төлөмдү жүргүзүп жаткан ордунда жана учурунда иштеп турган рыноктук айлантуу курсуна ылайык Доллар менен алынган карыздын суммасына эквиваленттүү суммада төлөйт. Төлөмдөр Жеңилдик мөөнөтү бүтөөрү менен жүргүзүлө баштайт жана 36 (отуз алты) жарым жылдык төлөмдөр менен, төлөмдүн тиешелүү Күнү үчүн (АМОРТИЗАЦИЯ) 3-Графикте көрсөтүлгөндөй, ар бири ОПЕК Фонду аныктаган өлчөмдө жүргүзүлөт.
2.06. Макулдашуу күнү болуп кол тамгасы коюлган күн жана Макулдашууга акыркы болуп кол тамгасын койгон жана кол коюлган күндү жазган тараптын ыйгарым укуктуу өкүлү койгон күн эсептелет.
3-берене. Күчүнө киришүүсү
3.01. Бул Макулдашууну ОПЕК Фонду алгандан кийин 3.02-бөлүмгө ылайык күчүнө кирет жана иш-аракетке өтөт;
(a) Алуучунун атынан бул Макулдашуу тиешелүү түрдө Алуучунун мыйзамдарынын талаптарына ылайык авторлоштурулгандыгы жана ратификациялангандыгы жөнүндө тариздөө жана бүтүм бар экендиги тууралуу ишенимдүү далилдөө болгондо;
(b) Юстиция министрлиги тарабынан Алуучуга бул Макулдашууга Алуучу керектүү үлгүдө кол койгондугу жана ратификациялаганы жөнүндө жана анын шарттарына ылайык Алуучу үчүн юридикалык күчү бар милдеттенме экендиги жөнүндө күбөлөндүрүүсү болгондо; жана
(c) Долбоорду каржылоо боюнча Кредиттик администратор жана Алуучунун ортосундагы кредиттик же башка финансылык макулдашуу күчүнө кирди деп жарыяланганы, же ушул Макулдашуу менен бирге күчүнө кирди деп жарыялана тургандыгы жөнүндө далилдөө болгондо;
3.02. Бөлүмдөн шарттары тиешелүү үлгүдө аткарылгандан кийин максималдуу кыска мөөнөттө бул Макулдашуу күчүнө кирет жана күчүнө кирген Күндөн баштап иш-аракетке өтөт. Эгер бул Макулдашуу, ага кол коюлгандан кийин жүз сексен (180) күндүн ичинде күчүнө кирбесе, Макулдашуу жана ал боюнча тараптардын бардык милдеттенмелери, ОПЕК Фонду мындай кечигүүнүн себептерин караштырып, бул Бөлүмдүн максаттары үчүн ылайыктуу кечирээк күндү белгилемейинче, токтоп турат.
4-берене. Даректери
4.01 Тараптардын даректери төмөндө көрсөтүлгөн:
ОПЕК Фонду үчүн:
ОПЕК Эл аралык өнүгүү фонду
Паркинг 8 А-1010 Вена
АВСТРИЯ
Факсимильдик байланыш: (++43-1) 513 92 38
Алуучу үчүн:
Финансы министрлиги
Бишкек, 720040
Эркиндик бульвары, 58
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Факс (++996-312) 661-645/664-812
ДАЛИЛ КЕЛТИРҮҮ ИРЕТИНДЕ, бул Макулдашуунун тараптары, өздөрүнүн тиешелүү деңгээлдеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу иш-аракет кылуу менен бул Макулдашууга кол коюшту жана бул Макулдашууну англис тилинде эки нускада түзүштү, ар бири түп нуска болуп эсептелет жана Макулдашуу Күнүнөн баштап бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
ОПЕК Эл Аралык Өнүгүү Фонду Үчүн:
Кол тамгасы: |
|
Аты: | Абдулхамид Альхалифа |
Кызматы: | Генералдык директор |
Зайымчы үчүн:
Кол тамгасы: |
|
Аты: | Мукашев Кыялбек Белекович |
Кызматы: | Финансы министри |
КЫРГЫЗ РЬСПУБЛИКАСЫ
ЫСЫК-КӨЛ АЙЛАНМА АВТОЖОЛУНУН КОРУМДУ-БАЛБАЙ УЧАСТОГУН РЕКОНСТРУКИИЯЛОО ДОЛБООРУ
График 1 Долбоорду сүрөттөп жазуу
1.01. Долбоордун максаты, 2018-2040-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык экономикалык өсүштү күчөтүү болуп эсептелет. Долбоор Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма автожолунун 2Н Участкасын Корумду айылынын 104 км Балбай а. 184,5 км чейин кайра курууга (i) багытталган, анын ичине жер түздөө жана дренаждык иштер, көпүрөлөрдү куруу ж.б. жумуштар кирет, ошондой эле, (ii) институционалдык потенциалды жогорулатуу, анын ичинде, деталдык талдоо, курулушка көзөмөл жүргүзүү, долбоордун менеджменти, долбоордун аудити жана автожолдорду тейлөө үчүн жабдуулар.
1.02. Долбоордун максаттарына төмөндөгү компоненттерди ишке ашыруу менен жетишилет:
(a) Жарандык иштер:
Бул компоненттин ичине жол коопсуздугун камсыздоо талаптарын сактоо менен 11,5 тонна жүк огу үчүн орнотулган улуттук спецификацияларга ылайык жер казуу иштери, автожолду куруу жана асфальтбетон катмарын төшөө кирет, алар төмөнкүлөр:
i. Айыл жерлеринде - 80.5 км жакын автожолду кайра куруу, анын ичине ар бир тарабында жээктерине 1,5 м шагыл төшөө менен кеңдиги 3.75 м келген 4 тилке кирет. Автожол эки тараптуу кыймыл менен өтүү бөлүгүндө кыймылдын 4 тилкеси бар II категорияга чейин жакшыртылган.
ii. 212 түз бурчтуу суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кайра куруу.
iii. узундугу 6 дан 20 м чейин 12 көпүрөнү куруу жана кайра куруу.
iv. Жолду жабдуу, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча жумуштар, кошумча элементтер жана калк жайгашкан пункттарга жарык берүү ж.б.
(b) Автожолдорду тейлөө үчүн жабдуулар:
Бул компоненттин алкагында автожолдорду тутуу үчүн жабдууларды жана автотранспортту таразага тартуу үчүн жабдууларды сатып алуу каржыланат.
(с) Кенеш берүү кызматтары:
Бул компонент долбоорду даярдоодон баштап аяктоого чейинки мезгилге кеңеш берүүчүнү жалдоону каржылоого мүмкүндүк берет, Даярдоо этабында, ошондой эле, жарандык жумуштарды сатып алуу процессинде кеңеш берүүчүлөр деталдык долбоорду изилдеп жана даярдап чыгууну жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшөт. Долбоорду ишке ашыруу этабында кеңеш берүү кызматынын компоненти ДИБ(ОРП) жарандык иштерди аткарууга көзөмөлдү ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
(d) Долбоорду ишке ашыруу Бөлүмүн тейлөө ДИБ (ОРП):
Бул компоненттин алкагында иштеп турган ДИБ каржыланат, ал долбоорду ишке ашырууга байланышкан күнүмдүк иштерди аткарат. ДИБ кесипкөй адистерден түзүлөт, анын ичинде сатып алуулар боюнча адис бар. Бул компонент операциялык чыгымдарды, офистик жана транспорттук чыгымдарды, ошондой эле, финансылык аудитти ичине камтыйт.
График 2 Кредитти бөлүштүрүү
1. Эгер Алуучу менен ОПЕК Фондунун ортосунда башкача макулдашылбаса, төмөнкү таблица. Кредиттин каражаттарынан каржылоого жаткан компоненттерди, Кредиттин суммасын ар бир компонентке бөлүштүрүүнү жана каржылоого жаткан пункттар боюнча ар бир компонентке карата чыгымдардын жалпы көлөмүнүн пайыздык катышын орнотот.
Компонент | Кредиттин берилген суммасы (АКШ доллары м/н) | Каржылоого жаткан чыгымдардын жалпы көлөмүнүн пайыздык катышы |
(а) Жарандык жумуштар | 9000000 | 8,18 |
(b) Автожолдорду тейлөө үчүн жабдуулар | - | - |
(с) Кеңеш берүү кызмат көрсөтүүлөр | - | - |
(d) ДИБ (ОРП) тейлөө | - | - |
(е) Күтүлбөгөн чыгымдар | 1000000 |
|
Бардыгы: | 10000000 |
|
2. Жогорудагы 1-пунктта жазылган төлөп берүүгө жаткан Кредиттин каражаттарын же чыгымдардын үлүшүн бөлүштүрүүгө карабастан, эгер ОПЕК Фонду Кредиттин ошол учурда компоненттер боюнча бөлүштүрүлгөн суммасы ал компоненттеги бардык чыгымдардын макулдашылган пайыздык катнашын каржылоо үчүн жетишерлик эмес деп негиздүү бааласа, ОПЕК Фонду бул жөнүндө Алуучуга билдирүү менен:
(i) Кредиттин ошол учурда башка компонентке бөлүштүрүлгөн жана ОПЕК Фондунун ою боюнча башка чыгымдарды төлөөгө керек эмес каражаттарынан жетишерлик эмес көлөмдө бөлүнгөн деп бааланган компонентке бөлүштүрүүсү мүмкүн жана;
(ii) эгер мындай кайра бөлүштүрүү каражаттардын бааланган кемтигин толук толтура албаса, ошол учурда мындай чыгымдарга колдонула турган төлөмдөргө жаткан чыгымдардын үлүшүн, мындай компонентке карата каражаттарды андан ары сарптоо, бул компонент боюнча бардык чыгымдар жүргүзүлүп бүтмөйүнчө улантыла берилиши үчүн азайтат.
График 3 Амортизация
1. Төмөнкү таблица Кредитти жабуу күнүн жана ар бир жабуу күнүндө төлөмгө (эсептелген суммага) Кредиттин негизги суммасы боюнча эсептелген пайызын бекитет. Эгер Кредиттин каражаттары жабуунун биринчи күнүндө толук чыгарып алынган болсо, Алуучу тарабынан жабуунун ар бир күнүнө төлөөгө жаткан Кредиттин негизги суммасы ОПЕК Фонду тарабынан көбөйтүү жолу менен аныкталат: (а) Кредиттин жалпы чыгарылып алынган жана жабуу күнүндө төлөнбөгөн суммасы (b) төмөндө жабуунун ар бир күнүнө көрсөтүлгөн эсептелген сумманын процентине көбөйтүлөт.
№ | Төлөм күнү(1) | Суммасы (пайыз менен) |
1 | 15-ноябрь 2025 | 2,77 |
2 | 15-май 2026 | 2,77 |
3 | 15-ноябрь 2026 | 2,77 |
4 | 15-май 2027 | 2,77 |
5 | 15-ноябрь 2027 | 2,77 |
6 | 15-май 2028 | 2,77 |
7 | 15-ноябрь 2028 | 2,77 |
8 | 15-май 2029 | 2,77 |
9 | 15-ноябрь 2029 | 2,77 |
10 | 15-май 2030 | 2,77 |
11 | 15-ноябрь 2030 | 2,77 |
12 | 15-май 2031 | 2,77 |
13 | 15-ноябрь 2031 | 2,77 |
14 | 15-май 2032 | 2,77 |
15 | 15-ноябрь 2032 | 2,77 |
16 | 15-май 2033 | 2,77 |
17 | 15-ноябрь 2033 | 2,77 |
18 | 15-май 2034 | 2,77 |
19 | 15-ноябрь 2034 | 2,77 |
20 | 15-май 2035 | 2,77 |
21 | 15-ноябрь 2035 | 2,77 |
22 | 15-май 2036 | 2,77 |
23 | 15-ноябрь 2036 | 2,77 |
24 | 15-май 2037 | 2,77 |
25 | 15-ноябрь 2037 | 2,77 |
26 | 15-май 2038 | 2,77 |
27 | 15-ноябрь 2038 | 2,77 |
28 | 15-май 2039 | 2,77 |
29 | 15-ноябрь 2039 | 2,77 |
30 | 15-май 2040 | 2,77 |
31 | 15-ноябрь 2040 | 2,77 |
32 | 15-май 2041 | 2,77 |
33 | 15-ноябрь 2041 | 2,77 |
34 | 15-май 2042 | 2,77 |
35 | 15-ноябрь 2042 | 2,77 |
36 | 15-май 2043 | 3,05 |
|
| Бардыгы: 100,00 |
2. Эгер Кредиттин суммасы жабуунун биринчи күнүндө толук чыгарылып алынбаса, Зайымчы тарабынан жабуунун ар бир күнүнө төлөөгө жаткан Кредиттин негизги суммасы төмөнкү үлгүдө аныкталат:
(a) Эгер Кредиттик каражаттардын кайсы бир суммасы жабуунун биринчи Күнүндөгү абал боюнча чыгарып алынса, анда Алуучу Кредиттин чыгарып алынган жана жогорудагы 1-п. ылайык жабуунун биринчи Күнүндөгү абал боюнча жабылбай калган суммасын төлөйт.
(b) Жабуунун биринчи күнүндө жүргүзүлгөн каражаттарды чыгарып алуу, мындай чыгарын алуу жүргүзүлгөн күндөн кийинки ар бир жабуу күнүндө ОПЕК Фонду орноткон өлчөмдө төмөнкүдөй үлгүдө төлөнөт: чыгарып алынган сумма, үлүшкө көбөйтүлгөн, мында алым мындай жабуу күнүнө карата жогорудагы 1-п. таблицада көрсөтүлгөн төлөмдүн пайызы болуп эсептелет, ал эми анын бөлүүчүсү болуп мындай төлөм Күнүндөгү жана андан кийинки жабуу күнүндөгү төлөмдөрдүн бардык калган пайыздарынын суммасы эсептелет.
3. Кайсы бир төлөм күнүнө чейин үч календардык айдын ичинде чыгарып алынган каражаттар чыгарып алынды деп жана чыгарып алынгандан кийинки күнгө карата жабылган жок деп эсептелет (Кредитин кайсы бир жабуу күнүнө карата төлөмгө жаткан сумманын эсеп-кысабын чыгаруу максатында гана). Бул жерде жазылган түшүндүрүүлөргө карабастан, кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайыздар жана төлөмдөр каражаттарды мындай чыгарып алуу жүргүзүлгөн күндөгү эсептөөлөрдүн тиешелүү күнүнө топтоштурула баштайт.
(1) Зайымчылар үчүн эскертүү: Кредиттик макулдашуунун долбоорунда көрсөтүлгөн жабуу күнү, ага кол тамгасын коюу күнү аныкталгандан кийин жаңыртылат. Төлөмдөрдү жүргүзүүнүн биринчи айы болуп Макулдашууга кол коюлган ай эсептелет (эгер Макулдашууга айдын 15не чейин кол коюлса), кийинки ай эсептелет (эгер Макулдашууга айдын 15нен кийин кол коюлса).