Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 13-январы № 3-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 39 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепсиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2021-жылдын 12-февралына чейин 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепсиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун иштерин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын оруп басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Кыргызстан калкы ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директорунун орун басары;
Peace Nexus фондунун эки көз карандысыз эксперти (макулдашуу боюнча);
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын көз карандысыз эксперти (макулдашуу боюнча);
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын көз карандысыз эксперти (макулдашуу боюнча);
"Эл биримдиги көп түрдүүлүктө" долбоорунун көз карандысыз эксперти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору (макулдашуу боюнча).