Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 31-декабры № 416-б
Кыргыз Республикасыныы өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна баштапкы төгүмдүн суммасына жараша жылына 7-9 пайыздык ставкалар менен мурда берилген колдонуудагы бардык ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды өзүнүн маржасын кыскартуунун эсебинен 2021-жылдын 1-январынан тартып жылына 6-8 пайызга чейин кайра эсептөө жүргүзүү сунушталсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э.Новиков |