Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 28-январы № 14-б
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгына мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласы боюнча каржылык эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
Исполняющий обязанности Премьер-министра, исполняющий обязанности первого вице-премьер-министра |
|
А.Э.Новиков |
|
| Долбоор |
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгына мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласы боюнча каржылык эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрү,
2009-жылдын 3-октябрында Нахчыванда кол коюлган "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү жөнүндө" Нахчыван макулдашуусуна 2019-жылдын 14-октябрында Өзбекстан Республикасынын кошулуусу жана Баку шаарында 2019-жылдын 15-октябрында кабыл алынган "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстан Республикасынын кошулуусу боюнча Түрк кеңешинин мамлекеттеринин башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн" көңүлгө алып,
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын бюджетине (Түрк кеңеши) мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласын өзгөртүү тууралуу, 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржылык эрежелери жөнүндө макулдашуунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн (мындан ары - Макулдашуу) (а) пунктунун ii) пунктчасына шилтеме келтирүү менен;
Тараптардын өзүнчө протокол түрүндөгү өз ара макулдугу боюнча, Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Макулдашуунун 10-беренесинин 4-пунктуна ылайык төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1. Түрк кеңешинин катчылыгынын бюджетине милдеттүү төгүмдөрдүн шкаласына карата Макулдашуунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн (а) пунктунун i) пунктчасы өзгөртүлүп, төмөнкүдөй түрдө жазылды:
"i) Төгүмдөрдүн шкаласы төмөнкүдөй түрдө белгиленген:
Кыргыз Республикасы - 1/18
Азербайжан Республикасы - 2/18
Казакстан Республикасы - 4/18
Түркия Республикасы - 8/18
Өзбекстан Республикасы - 3/18.".
2. Ушул Протокол күчүнө киргенге чейин Өзбекстан Республикасынын ыктыярдуу төгүмү ушул Протоколдун 1-пунктунда белгиленген шкала боюнча ишке ашырылат.
3. Макулдашуунун 10-беренесинин 4-пунктуна ылайык ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт.
4. Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пунктунда баяндалган жол-жобого ылайык ушул Протокол, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболордун Тараптар тарабынан аяктагандыгы жөнүндө депозитарий дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү акыркы билдирмени алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
5. Түркия Республикасы ушул Протоколдун депозитарийи болуп саналат. Депозитарий Тараптарга дипломатиялык каналдар боюнча ушул Протоколдун күчүнө кирген датасы жөнүндө кат түрүндө билдирме жөнөтөт.
2021-жылдын ___________________ күнү кыргыз, азербайжан, казак, түрк, өзбек жана англис тилдеринде, жалгыз түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|