Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 16-февралы № 27-б
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатында кызматташуу маселеси боюнча протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| У.А.Марипов |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатында кызматташуу маселеси боюнча ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Тараптар) 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагында бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) жоболорун жетекчиликке алып,
Тараптардын мамлекеттеринин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары - УУА) жана учкучсуз авиациялык системаларды колдонуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты,
1-берене.
УУАны колдонууну Россиялык Тарап Кыргыз Тарабынын өз ара аракеттенүү боюнча өкүлүнүн катышуусунда Тараптар кезектеги ай башталганга чейин 10 суткадан кеч эмес макулдашкан жана бекиткен УУАны учуруунун ар бир айга карата биргелешкен план-графигинин негизинде ишке ашырат.
УУАны учуруу план-графигинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аралыктын аба мониторингинин максаттары жана милдеттери;
- учуулардын датасы жана убактысы;
- УУАнын тиби жана модели;
- учуучу (конуучу) жер;
- кыймыл аймактары, бийиктиктери жана машруттары;
- учуунун узактыгы;
- пайдалуу жүктүн түрлөрү жана жабдуулар.
Тараптардын макулдашуусу боюнча көрсөтүлгөн план-графикке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Учуулардын жыйынтыктары боюнча, тартылган фото жана видео материалдарынын көчүрмөлөрү (Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын аймагын жана объектилерин кошпогондо) Кыргыз Тарабынын өкүлүнө берилет.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде УУАнын учуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Тараптар иштеп чыккан жана бекиткен Нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
3-берене.
Практикалык учууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө Россиялык Тарап сактоочу УУАнын учуу тапшырмасына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Кыргыз Тарабынын укугу бар.
Нускама Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору жогору турат.
4-берене.
УУАны тез арада колдонуу талап кылынган Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө жана башка кырдаалдар пайда болгон учурда, Россия Тарабы Кыргыз Тарабынын өтүнүчү боюнча УУАны колдонуу менен мониторинг жүргүзүүгө көмөктөшөт.
5-берене.
Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толтуруу Макулдашуунун 22-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
6-берене.
УУА комплекстерин эксплуатациялоо жана пайдалануу боюнча кыргыз адистерин окутуу учурдагы эл аралык келишимдердин жана окутуу контракттарынын алкагында ишке ашырылат.
7-берене.
Ушул Протоколду колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8-берене.
Ушул Протоколго өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9-берене.
Ушул Протокол кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою күчүндө болот.
Эгерде Тараптардын бири да кезектеги мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбей ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка кабарлабаса, ушул Протоколдун колдонулушу кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Протокол өзүнүн күчүн Тараптардын бири экинчи Тараптан анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо алган датадан тартып алты ай өткөндөн кийин токтотот.
______________ шаарында 20__-жылдын, _______ - ________________ кыргыз жана орус тилдеринде ар бири эки нускада түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколду чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн |
| Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги үчүн |