Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 24-февралы № 37-б
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алуу менен:
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдында башкаруу органдарынын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, шайлоо участоктору боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждыктарынын картасын түзүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды түзүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- агитациялык материалдарды илүү үчүн атайын орундарды бөлүп берсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыз кылышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү убагында мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартиптин сакталышын, шайлоо участокторун коргоону;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурска, башка мыйзам бузууларга өз убагында жана натыйжалуу каршы аракеттенүүнү;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
4-1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын арасында алардын шайлоо укуктарын колдонуусунун шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар жөнүндө белгиленген тартипте маалымат даярдап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоочулардын такталган тизмесин берсин;
- республиканын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча зарыл шарттарды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине Кыргыз Республикасынын референдуму боюнча документтерди жана тиешелүү жабдууларды өз учурунда жана ыкчам жеткирүүнү уюштурсун.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
4-2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарында кызмат өтөп жаткан:
- шектүү же айыпталуучу катары камак жайларында кармалган.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун иштеринин алкагында укук коргоо органдарынын бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча активдүү ишти камсыз кылышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө байланышкан жүктөрдү шайлоо комиссияларына биринчи кезекте жеткирүүнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында социалдык роликтерди, маалыматтык материалдарды жайгаштыруу жана прокаттоо жолу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча шайлоочуларга маалымдоого көмөк көрсөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларды өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештиги боюнча текшерүүнү жүргүзсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылуу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
12. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
13. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| У.А.Марипов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 65-б буйругунун редакциясына ылайык)
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Республикалык штабдын мүчөлөрү: | ||
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри; |
Асанкулов Жеңишбек Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр; |
Чынбаева Асель Рыспековна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Омуралиев Таалайбек Барыктабасович | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Ажикеев Бообек Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри; |
Турдубаев Кубанычбек Апышевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; |
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри; |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Абдралиева Гулмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри; |
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Аттокуров Элдар Эртабылдыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Камчыбекова Толкун Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Муканов Канат Аскерович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Джаныкулов Кылычбек Акылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Исаев Санжар Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Аликеев Суйунтбек Сакыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Узаков Азат Сапарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Бишкек шаарынын мээринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Суваналиев Омурбек Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Ашимбаев Сабыркул Абасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Нарбеков Бакытбек Наркулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Тентишев Эркин Саткынбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. |