Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 15-марты № 60-б
Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө", "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын ядролук жана радиациялык коопсуздугун колдоо боюнча 2021-2024-жылдар мезгилине комплекстүү план (мындан ары - Комплекстүү план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Комплекстүү планды ишке ашыруу боюнча координатор катары аныкталсын.
3. Комплекстүү планды ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
- Комплекстүү планды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- квартал сайып отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Комплекстүү планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Комплекстүү пландын жооптуу аткаруучуларынан келип түшкөн маалыматты талдоонун жана жалпылоонун негизинде жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 30уна чейин Комплекстүү планда каралган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| У.Марипов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ядролук жана радиациялык коопсуздугун колдоо боюнча 2021-2024-жылдар мезгилине КОМПЛЕКСТҮҮ ПЛАН
№ | Милдет | Жооптуу аткаруучу | Иш-чара | Каржылоо булагы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа |
1. Ченемдик укуктук база | ||||||
1.1. Ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы эл аралык-укуктук документтерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кароо | ||||||
1.1.1 | Ядролук авария боюнча ыкчам маалымдоо жөнүндө конвенцияга (ЫМК) кошулуу | ӨКМ, ССӨМ | Ядролук авария боюнча ыкчам маалымдоо жөнүндө конвенцияга (ЫМК) кошулуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу жол-жобосунан өткөрүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Ядролук авария боюнча ыкчам маалымдоо жөнүндө конвенцияга (ЫМК) кошулуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду |
1.1.2 | Ядролук авария жана радиациялык авариялык кырдаал жаралган учурда жардам берүү жөнүндө конвенцияга (ЯАЖК) кошулуу | ӨКМ | Ядролук авария жана радиациялык авариялык кырдаал жаралган учурда жардам берүү жөнүндө конвенцияга (ЯАЖК) кошулуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу жол-жобосунан өткөрүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Ядролук авария жана радиациялык авариялык кырдаал жаралган учурда жардам берүү жөнүндө конвенцияга (ЯАЖК) кошулуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду |
1.1.3 | Ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында эл аралык укуктук базаны түзүүчү эл аралык укуктук документтер жөнүндө чечим кабыл алуучу адамдардын маалымдуулугун жогорулатуу | ӨКМ, ССӨМ | Ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында эл аралык укуктук базаны түзүүчү эл аралык укуктук документтер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында эл аралык укуктук базаны түзүүчү эл аралык укуктук документтер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү |
1.2. Юридикалык милдеттүү эмес эл аралык документтерди колдонуу | ||||||
1.2.1 | ИНБ, радиоактивдүү заттардын, ядролук материалдардын жана түзүлүштөрдүн физикалык коргоо системасын өркүндөтүү боюнча эл аралык стандарттар боюнча сунуштамаларды колдонуу | ӨКМ, ССӨМ, ЭӨМ | Эл аралык стандарттарды жана эрежелерди колдонуу менен ИНБ, радиоактивдүү заттардын, ядролук материалдардын жана түзүлүштөрдүн физикалык коргоо системасын өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | Туруктуу негизде | Эл аралык стандарттарды жана эрежелерди колдонуу менен ИНБ, радиоактивдүү заттардын, ядролук материалдардын жана түзүлүштөрдүн физикалык коргоо системасын өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгарылды |
1.2.2 | Радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуу боюнча мамилелер кодексин эске алуу менен жөнгө салуучу ченемдерди, жоболорду жана колдонмо документтерин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ӨКМ, ССӨМ | Радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуу боюнча мамилелер кодексин ишке ашыруу тууралуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | Туруктуу негизде | Радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуу боюнча мамилелер кодексин эске алуу менен тиешелүү актылардын долбоорлору иштелип чыкты жана кабыл алынды |
1.2.3 | Радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуу боюнча мамилелер кодексин толуктоочу Радиоактивдүү булактарды импорттоо жана экспорттоо колдонмо материалдарын эске алуу менен жөнгө салуучу ченемдерди, жоболорду жана колдонмо документтерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ӨКМ, ССӨМ, ЭФМ | Радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуу боюнча мамилелер кодексин толуктоочу Радиоактивдүү булактарды импорттоо жана экспорттоо колдонмо материалдарын ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | Туруктуу негизде | Радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуу боюнча мамилелер кодексин толуктоочу Радиоактивдүү булактарды импорттоо жана экспорттоо колдонмо материалдарын эске алуу менен тиешелүү актылардын долбоорлору иштелип чыкты жана кабыл алынды |
1.3. Ядролук коопсуздукту камсыздоочу мыйзамдык жана жөнгө салуучу негизди түзүү, карап чыгуу жана кайра кароо | ||||||
1.3.1 | Талаптагыдай координациялоо жана байланышты камсыз кылуу үчүн ядролук жана радиациялык коопсуздук маселелери боюнча ведомстволор аралык эксперттик- консультативдик топ түзүү | ӨКМ | Ведомстволор аралык эксперттик- консультативдик топтун курамын ӨКМдин буйругу менен бекитүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | Ядролук жана радиациялык коопсуздук маселелери боюнча ведомстволор аралык эксперттик-консультативдик топ түзүлдү |
1.3.2 | Ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү (администрациялык чаралар жана жол- жоболор, укук коргоо системалары жана чаралар боюнча) | ӨКМ, ССӨМ, ӨКМ, ИИМ, УКМК, ЭФМ | Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү: - физикалык ядролук коопсуздук маселелерине тиешелүү жоболорду аныктоо үчүн (физикалык коргоо, мыйзамсыз жүгүртүү, импорт-экспорт, чек аралык контролдоо), МАГАТЭнин сунуштамаларын жана жетектөөчү принциптерин эске алуу менен; - ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында мыйзамдык жана жөнгө салуучу инфраструктурадагы өксүктөрдү табуу үчүн | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүлдү: - физикалык ядролук коопсуздук маселелерине тиешелүү жоболорду аныктоо үчүн (физикалык коргоо, мыйзамсыз жүгүртүү, импорт- экспорт, чек аралык контролдоо), МАГАТЭнин сунуштамаларын жана жетектөөчү принциптерин эске алуу менен; - ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында мыйзамдык жана жөнгө салуучу инфраструктурадагы өксүктөрдү табуу үчүн. Администрациялык чаралар жана жол-жоболор, укук коргоо системалары жана чаралар боюнча ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды |
2. Коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоо | ||||||
2.1 | Ядролук жана радиациялык коопсуздук коркунучтарын жана тобокелдиктерин, анын ичинде ички бузуучулар тарабынан келтирилген коркунучтарды баалоо: - материал жөнгө салуучу контролдоодо турган учурда; - материал жөнгө салуучу контролдоого алынбаган учурда. Ири коомдук иш-чаралар учурунда коркунучтарды жана тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо | ӨКМ, ССӨМ, ИИМ, УКМК, ӨКМ, ЭФМ, ЭӨМ | Коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоо боюнча окутуу семинарын уюштуруу. Коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоого ылайык ар түрдүү багыттар боюнча ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүү жана муктаждыктарды аныктоо методологиясын бекитүү боюнча тиешелүү актыны иштеп чыгуу | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоо боюнча окутуу семинарын уюштуруу. Коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоого ылайык ар түрдүү багыттар боюнча ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүү жана муктаждыктарды аныктоо методологиясын бекитүү боюнча тиешелүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
2.2 | Радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү | ӨКМ, ССӨМ, ИИМ, УКМК, ЭФМ, ЭӨМ | Алынган оперативдүү маалыматтардын негизинде аларды андан ары түзөтүү үчүн коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоонун үзгүлтүксүз талдоосун камсыздоочу механизмди ишке киргизүүчү тиешелүү актыны иштеп чыгуу. Талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү (чара көрүү жана өз ара аракеттенүү жол-жоболору) | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Алынган оперативдүү маалыматтардын негизинде аларды андан ары түзөтүү үчүн коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоонун үзгүлтүксүз талдоосун камсыздоочу механизмди ишке киргизүүчү тиешелүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды. Радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарынын чара көрүү жана өз ара аракеттенүү жол-жоболору жөнүндө ченемдик укуктук акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
3. ИНБ, ядролук материалдардын, объекттердин жана түзүлүштөрдүн физикалык коргоо системасын күчөтүү | ||||||
3.1. ИНБ жана ядролук материалдардын улуттук регистрин/инвентардык тизмесин түзүү жана жүргүзүү | ||||||
3.1.1 | ИНБны физикалык коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдү жана контролду күчөтүү | ӨКМ, ССӨМ | ИНБ жана ядролук материалдардын улуттук регистринин маалыматын жаңыртуу жана каттоо жол-жоболорун белгилөөчү тиешелүү актыны иштеп чыгуу | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | ИНБ жана ядролук материалдардын улуттук регистринин маалыматын жаңыртуу жана каттоо жол-жоболорун белгилөөчү тиешелүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
3.1.2 | ИНБ жана ядролук материалдардын улуттук регистрин жаңыртуу жана текшерүү | ӨКМ, ССӨМ | Техникалык каражаттардын жана адистештирилген программалык камсыздоонун жардамы менен ИНБны туруктуу негизде баалоо. Ар түрдүү категориядагы ИНБнын пайдаланылышын контролдоону жана жөнгө салууну күчөтүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | Туруктуу негизде | ИНБ жана ядролук материалдардын улуттук регистрин жаңыртуу иши колдоого алынды. Улуттук регистрге ылайык ИНБ жана ядролук материалдарга инвентаризация жана инспекциялоо жүргүзүлүүдө |
3.2. ИНБ, ядролук материалдардын жана түзүлүштөрдүн физикалык коргоо боюнча талаптагыдай системаларын жана чараларын иштеп чыгууда жана колдоодо санкцияланбаган алып коюуну жана саботажды (диверсияны) болтурбоо максатында оптималдуу мамилелерди колдонуу | ||||||
3.2.1 | Тийиштүү объекттерде радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу жана ИНБ менен түзүлүштөрдү физикалык коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү | ӨКМ, ССӨМ, ЭӨМ, УКМК | ИНБ менен түзүлүштөрдүн коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле аларды ташуу боюнча тиешелүү актыны иштеп чыгуу. Объекттерде радиоактивдүү жана ядролук материалдар менен байланышкан инциденттерге жана аларды ташуу учурунда орун алган окуяларга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | ИНБ менен түзүлүштөрдү физикалык коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу, объекттерде радиоактивдүү жана ядролук материалдар менен байланышкан инциденттерге жана аларды ташуу учурунда орун алган окуяларга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды |
3.3. Пайдалануу жана сактоо процессинде ИНБ жана ядролук материалдарды физикалык коргоонун талаптагыдай жана натыйжалуу чараларын иштеп чыгууда жана колдоодо оптималдуу мамилелерди колдонуу | ||||||
3.3.1 | ИНБны колдонуу механизмин иштеп чыгуу: - пайдаланууга киргизилбеген; - жүгүртүүдөн чыгарылган; - жөнгө салуучу контролдон чыгарылган; - бир же бир нече талап коюлуп конфискацияланган: 1) берүүчүгө же чыгарган өлкөгө кайтарып берүү; 2) улуттук сактоо жайында сактоону/көмүүнү камсыздоо; 3) колдонулбаган, пайдалануудан алып коюлган, жөнгө салуучу контролдон чыгарылган жана конфискацияланган радиоактивдүү материалды өткөрүп берүү шарттарын алдын ала караштыруу | ӨКМ, ССӨМ, ЭФМ, ЭӨМ | Өз ара аракеттенүү механизмдеринин жол-жоболоруна сереп жүргүзүү. ИНБни пайдалануудан алып коюуда аны издөө, аныктоо жана конфискациялоо боюнча ведомстволор аралык координациялоо жана кызматташуу системасын иштеп чыгуу жана жаңылоо | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | ИНБны колдонуу боюнча ведомстволор аралык координациялоо жана кызматташуу механизмин белгилөөчү, ошондой эле ИНБ материалдарынын сактыгын камсыздоо, ИНБ инциденттерин жана аварияларын алдын алуу жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө таасир көрүү чараларын иштеп чыгуу максатында тиешелүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
3.4. Ички жана эл аралык ташуу процессинде ИНБ жана ядролук материалдарды физикалык коргоонун талаптагыдай жана натыйжалуу чараларын иштеп чыгууда жана колдоодо оптималдуу мамилелерди колдонуу | ||||||
3.4.1 | Транспорттук операциялар үчүн мүнөздүү коркунучтарды жана тобокелдерди баалоонун негизинде ИНБ жана ядролук материалдарды ташуу менен байланышкан физикалык коргоо пландарын жана чараларын иштеп чыгуу жана колдоо | ӨКМ, ССӨМ, ЭӨМ | ИНБ жана ядролук материалдарды ташууда физикалык коргоо чараларын белгилөөчү тиешелүү актыларды иштеп чыгуу. Зарыл болгон техникалык жабдууларды аныктоо үчүн талдоо жүргүзүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | ИНБ жана ядролук материалдарды ташууда физикалык коргоо чараларын белгилөөчү тиешелүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды. ИНБны ташууда транспорттук коопсуздукту жана физикалык коргоону камсыздоо чаралары күчөтүлдү |
3.4.2 | ИНБны ташуу учурунда физикалык коопсуздукту камсыз кылуу режиминин натыйжалуулугун баалоо жана баалоонун негизинде жаңылоо | ӨКМ, ЭӨМ, ИИМ | Коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоо боюнча ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрүү. ИНБны ташуу учурунда инциденттерге чара көрүү жана кооптуу жүктүн физикалык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү актыны иштеп чыгуу | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | Туруктуу негизде | ИНБны ташуу учурунда коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоо. ИНБны ташуу учурунда инциденттерге чара көрүү жана кооптуу жүктүн физикалык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
4. ИНБ жана ядролук материалдарды аныктоо жаатында оптималдуу мамилени иштеп чыгуу жана санкцияланбаган аракеттердин алдын алуу | ||||||
4.1 | Коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарынын негизинде ири коомдук иш-чаралар өткөрүлгөн учурда жөнгө салуучу контролдон чыгарылган ИНБ жана ядролук материалды аныктоо жаатында максатты, мазмунду жана артыкчылыктарды аныктоо | ӨКМ, ССӨМ, ИИМ, УКМК, ЭФМ | Ири коомдук иш-чараларды камсыз кылуу үчүн коркунучтарга жана тобокелдиктерге баа берүү жүргүзүлдү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Ири коомдук иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу менен ИНБ жана ядролук материалды аныктоо жаатында чаралар аныкталды. Коомдук иш-чараларды жүргүзүү учурунда ИНБ аныктоо жаатында максаттар, мазмуну жана артыкчылыктар аныкталды |
4.2 | Бузууларды аныктоо системасын туруктуу ишке ашыруу максатында, ошондой эле ири коомдук иш-чаралар өткөрүлгөн учурда техникалык, кадрдык жана финансы ресурстарына болгон муктаждыкты аныктоо | ӨКМ, ССӨМ, ИИМ, УКМК, ЭФМ, ЭӨМ | Техникалык жана кадрдык потенциалды баалоо. Ири коомдук иш-чаралар өткөрүлгөн учурда ИНБны аныктоо системасын белгилөө боюнча техникалык муктаждыктарын аныктоо | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Ири коомдук иш-чаралар өткөрүлгөн учурда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн техникалык, кадрдык жана финансылык муктаждыктар аныкталды |
4.3 | ИНБны аныктоо боюнча уюштуруу иш-чараларын өткөрүү жана ири коомдук иш-чараларды пландоонун жүрүшүндө аларды талаптагыдай кароону камсыз кылуу | ӨКМ, ССӨМ | Чара көрүүнүн улуттук планын даярдоо. Кызыкдар уюмдарды аныктоо, милдеттерди, ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Ири коомдук иш-чараларды пландоонун жүрүшүндө контролго алынбаган радиоактивдүү булактарды жана ядролук материалдарды издөө боюнча тийиштүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
4.4 | Операциялык пландарга жана жол-жоболорго ИНБны аныктоо технологияларын жана методдорун интеграциялоо | ӨКМ, ССӨМ, ИИМ, УКМК, ЭФМ | ИНБны аныктоо технологияларын жана методдорун аныктоо. Чара көрүү, өз ара аракеттенүү жана координациялоонун учурдагы жол-жоболоруна талдоо жүргүзүү. ИНБны аныктоо системаларын жана механизмдерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тактикалык иш пландарына киргизүү. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жол-жоболоруна чара көрүү пландарын киргизүү | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | Туруктуу негизде | ИНБны аныктоо системаларын жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жол-жоболорун киргизүү боюнча тийиштүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
5. Радиологиялык кылмыш болгон жерде иштерди уюштуруу жана ядролук криминалистика жүргүзүү муктаждыгын аныктоо | ||||||
5.1 | Ядролук криминалистика жагындагы иштерди уюштурууга муктаждыкты аныктоо | ӨКМ, ССӨМ, ИИМ, ЭӨМ | Ядролук криминалистика жагындагы иштерди уюштуруу үчүн техникалык талдоо жана муктаждыктарды баалоо, белгиленген артыкчылыктарга ылайык зарыл потенциалды арттыруу. Ядролук криминалистика жагындагы потенциалды арттыруу боюнча тиешелүү актыны иштеп чыгуу | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Ядролук криминалистика жагындагы иштерди уюштуруу үчүн муктаждыктарга талдоо жана баалоо жүргүзүлдү. Баалоонун жыйынтыгы боюнча ядролук криминалистика жагындагы потенциалды арттыруу боюнча тийиштүү акт иштелип чыкты жана кабыл алынды |
6. Ядролук жана радиациялык коопсуздук жаатында техникалык жана кадрдык потенциалды арттыруу | ||||||
6.1 | Жооптуу адистер үчүн ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында окуучу жана билим берүүчү курстарды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү. Төмөнкү кызматкерлердин потенциалын арттыруу: - ИНБ, ядролук материалды, ошондой эле алар менен байланышкан түзүлүштөрдү физикалык коргоо боюнча чараларды көрүүгө жооптуулар; - ИНБ жана ядролук материалды ташууда физикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жооптуулар. Иш-аракеттерди иштеп чыгуу боюнча окуу курстарын өткөрүү жана чара көрүүнүн улуттук планынын натыйжалуулугуна, анын ичинде ири коомдук иш-чараларга талдоо жүргүзүү. Ядролук криминалистика чөйрөсүндө иштеген адамдардын квалификациясын жогорулатуу жана окутуу | ӨКМ, ССӨМ, УИА, БИМ, ЭӨМ, ИИМ, УКМК, ЭФМ | Артыкчылыктуу тармактарды аныктоо: ядролук жана радиациялык коопсуздукка тийиштүү темалар менен камтуу. Кызматкерлерди талап кылынган окутуудагы керектөөлөргө талдоо жүргүзүү: - ИИБ, ядролук материалды, ошондой эле алар менен байланышкан түзүлүштөрдү физикалык коргоо боюнча чараларды көрүүгө жооптуулар; - ИНБ жана ядролук материалды ташууда физикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жооптуулар. ИНБны аныктоого даярдоо боюнча тиешелүү актыны иштеп чыгуу, ИНБ менен байланышкан инциденттерге бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча тиешелүү актыны иштеп чыгуу. Кызматкерлер үчүн тренингдерди, семинарларды, курстарды уюштуруу: - ИНБ, ядролук материалды, ошондой эле алар менен байланышкан түзүлүштөрдү физикалык коргоо боюнча чараларды көрүүгө жооптуулар; - ИНБ жана ядролук материалды ташууда физикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жооптуулар. Ядролук криминалистика чөйрөсүндө иштеген адамдарды даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү. Мындай окутуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдарды жана окутууга муктаж болгон персоналды аныктоо | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | Туруктуу негизде | Ядролук жана радиациялык коопсуздук жаатында төмөнкүдөй багыттар боюнча окуучу жана билим берүүчү курстар өткөрүлдү: ченемдик укуктук база; эл аралык стандарттар жана жетектөөчү принциптер; коркунучтарды баалоо методологиясы; ИНБ, ядролук материалды, ошондой эле алар менен байланышкан түзүлүштөрдү физикалык коргоо; радиациялык нурланууну табуу боюнча жабдууларды колдонуу; ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо боюнча чара көрүү жол-жоболору; коопсуздук маданияты; коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана ИНБ инциденттерине чара көрүү; ИНБ жана ядролук материалдарды ташууда физикалык коопсуздукту камсыздоо. ИНБ табууга даярдык көрүү жана ИНБ менен байланышкан инциденттерге бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча тийиштүү акты иштелип чыкты жана кабыл алынды. Төмөнкүлөрдү камсыз кылууга жооптуу кызматкерлердин потенциалы жогорулатылды: - ИНБ, ядролук материалды, ошондой эле алар менен байланышкан түзүлүштөрдү физикалык коргоо боюнча чараларды көрүүгө; - ИИБ жана ядролук материалды ташууда физикалык коопсуздукту камсыз кылууга. Ядролук криминалистика чөйрөсүндө иштеген адамдарды даярдоо боюнча иш- чаралар жүргүзүлдү |
6.2 | Ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында улуттук илимий-техникалык потенциалды жогорулатуу, техникалык кызматташууну ишке ашыруу | ӨКМ, ССӨМ, БИМ, ЭӨМ, ИИМ, УКМК, ЭФМ | Ядролук радиациялык коопсуздук жаатындагы техникалык жана илимий потенциалды жогорулатууга багытталган эл аралык уюмдар менен кызматташуу. Төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү: - ядролук жана радиациялык коопсуздукка техникалык колдоо көрсөтүүнү уюштуруу боюнча; - ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жана эксперттик, техникалык колдоону даярдоо жаатында илимий-техникалык потенциалды жогорулатуу | Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы илимий-техникалык потенциал жогорулатылды |
Кыскартуулардын тизмеси:
ССӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭФМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЭӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
ИНБ | - | Иондуу нурлануу булагы |