Редакцияот 17.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

БУЙРУК

2021-жылдын 17-марты № 181

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын (мындан ары - Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Өзбекстан Республикасынын делегациясы менен биргелешкен жолугушуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы 2021-жылдын 23-26-мартында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

У.Марипов

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын жетекчиси;

Борубаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Жунусов Ибрагим Коджоназарович

-

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси;

Мамат уулу Чыңгызбек

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары;

Мырзаев Абдулат Абдраимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу;

Алайчиев Бактыбек Болбурович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Акматов Мамасалы Такабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Тулаев Маруфхан Каримович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Мусурманкулов Жанышбек Жусупович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Сыргабаев Батыркан Эсенканович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи;

Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси;

Рустамов Улан Кошоевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги;

Назарали уулу Талант

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары - чек араны кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;

Сулайманов Акылбек Таштанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин суу ресурстары башкармалыгынын начальниги;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;

Мурзаев Абдималик Мурзаевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;

Кочкорбаев Сагын Абдумуталипович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;

Эргешов Абдиназар Мамытович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Толеев Ардак Азизбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги;

Дуулатов Нуралы Жумабекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын директору;

Мырзаматов Таалайбек Токтоназарович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын директору;

Шерматов Русланбек Жанышбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын директору;

Кошиев Усенбек Токтосунович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын директору;

Миталипов Абабакир Мейманович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын директору;

Бакиров Атабек Мурзараимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директору;

Мурзахметов Шергазы Мураталиевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынын директору;

Исираев Жусуп Тороевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директорунун милдетин аткаруучу.