КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 23-марты № 68-б
1. 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| У.Марипов |
| Долбоор |
2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары - ЕККУ) атынан ЕККУнун Катчылыгы жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси,
2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - Меморандум) 15-беренесинин 5-пунктунун жоболорун жетекчиликке алып,
сактоо мөөнөтү бүткөн суюк ракеталык отундун компоненттерин утилизациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Меморандумга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуласынын төртүнчү абзацы "(мындан ары - "КОЗ")" деген сөздөрдөн кийин ошондой эле сактоо мөөнөтү бүткөн суюк ракеталык отун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-беренесинин биринчи абзацындагы "төрт артыкчылыктуу багыттарга" деген сөздөр "беш артыкчылыктарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5) пункт менен толукталсын:
"5) суюк ракеталык отундун компоненттерин утилизациялоо боюнча долбоорлор.".
2-берене.
Ушул Протокол Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Протоколго 2021-жылдын "____" ___________ ______________ шаарында кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм үчүн |