КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 23-марты № 70-б
Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине ("2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары (бюджеттик блок);
- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары (экономикалык блок).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-майындагы № 207-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министри | У.Марипов |