Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

БУЙРУК

2021-жылдын 10-марты № 53-б

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитетинин ортосундагы Атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 318-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

У.Марипов

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитетинин ортосундагы Атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ

Мындан ары "Катышуучулар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитети атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалоону билдирип, теңдик жана өз ара пайда принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, рынок экономикасын натыйжалуу өнүктүрүүдө атаандаштыктын ролун баса белгилөө менен төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө жетишти:

1-параграф.

Ушул Меморандумдун максаты болуп атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо саналат.

2-параграф.

Катышуучулардын өз ара кызыкчылыктарына ылайык кызматташуу төмөнкү негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:

- атаандаштык саясатынын укуктук негиздерин өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу;

- атаандаштык мыйзамдарын бузуу жөнүндө иштерди териштирүү жана кароо жаатында тажрыйба алмашуу;

- атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик бийликтин улуттук органдары менен Катышуучулардын өз ара аракеттенүүсү жаатында тажрыйба алмашуу;

- товардык рыноктордо изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, анын ичинде чек аралар аралык рыноктордо өнүктүрүүнү талдоодо өз ара аракеттенүү;

- атаандаштыкты адвокатташтыруу жаатында тажрыйба алмашуу;

- монополияга каршы мыйзамдар жана атаандаштык саясат чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктын көп тараптуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу.

3-параграф.

Ушул Меморандумдун 2-параграфында аталган кызматташтыктын багыттарын ишке ашыруу максатында Катышуучулардын кызматташуусу төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:

- Катышуучулардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларга же коммерциялык сырга кирбеген атаандаштык жаатындагы мыйзамдардагы, эрежелердеги жана айрым сот иштериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат алмашуу;

- адистерди, анын ичинде сот иштери менен иштегендерди кесиптик окутуу үчүн стажировкаларды жана окуу сапарларын өткөрүү;

- Катышуучулар уюштурган конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу;

- эки тараптуу кызыкчылыкты билдирген конкреттүү маселелер боюнча жашыруун эмес маалыматтарды оперативдүү алмашууну камсыз кылган Катышуучулардын адистеринин ортосунда эксперттердин кеңешмелерин же консультацияларын өткөрүү;

- Катышуучулардын мамлекеттеринде жарыяланган атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндөгү илимий адабияттарды, илимий-практикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын алмашуу;

- кызматташтыктын келечегин жана багыттарын талкуулоо үчүн Катышуучулардын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушууларын жана сапарларын уюштуруу.

4-параграф.

Ушул Меморандумдун алкагында кызматташтык боюнча иш-чараларды координациялоо жана жашыруун эмес мүнөздөгү маалыматтарды берүү почта жана/же электрондук почта аркылуу же болбосо Катышуучулардын эксперттеринин же адистеринин консультацияларында орус тилинде ишке ашырылат.

5-параграф.

Катышуучулар ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Катышуучулардын өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз алдынча тартышат.

6-параграф.

Ушул Меморандумду чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштар Катышуучулардын ортосундагы консультациялар жана/же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

7-параграф.

Катышуучулардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

8-параграф.

Ушул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Катышуучулардын кайсынысы болбосун бул жөнүндө экинчи Катышуучуга кабарлоо менен жазуу жүзүндө ушул Меморандумдун колдонулушун токтото алат. Ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтү аны токтотуу жөнүндө билдирүүнү Катышуучулардын бири алган күндөн тартып үч айдан кийин аяктайт.

9-параграф.

2020-жылдын ___ ___________ ____________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Катышуучулар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги үчүн

 

Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитети үчүн