КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 1-апрели № 81-б
Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасын - 2-чакан программаны ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасын - 2-чакан программаны ишке ашыруунун алкагында бюджетти колдоого финансылык каражаттарды тартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| Тиркеме |
Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасын -2-чакан программаны ишке ашыруунун алкагында бюджетти колдоого финансылык каражаттарды тартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун
КУРАМЫ
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчиси; |
Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Токтоматов Нурмамбет Талгатович | - | "Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо программасын колдоо" техникалык жардамынын консультанттар тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча). |