Редакцияот 20.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

БУЙРУК

 

2021-жылдын 20-апрели № 101-б

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Суюк ракеталык отундун компоненттерин утилдештирүү боюнча региондук программа" долбоорун аткаруу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министр

 

У.Марипов

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Суюк ракеталык отундун компоненттерин утилдештирүү боюнча региондук программа" долбоорун аткаруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ

ЕККУ долбоору № 1101542

 

Ушул Макулдашуу мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - КР КМ) менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары - ЕККУ) атынан Австрия, Вена, Валльнерштрассе, 6 дареги боюнча жайгашкан анын Катчылыгынын ортосунда түзүлдү.

Ушул Макулдашуу Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - "Меморандум"), ошондой эле ага карата 2021-жылдын "___" ________________ Протоколдун алкагында түзүлгөн жана ушул Макулдашуунун 1-беренесинде жазылган Долбоорду аткаруу үчүн укуктук негиз катары эсептелет.

Тараптардын ортосундагы билдирүүлөрдү, кепилдиктерди жана өз ара сүйлөшүүлөрдү эске алуу менен, Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.

1-берене. Долбоорду колдонуу чөйрөсү

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагынан суюк ракеталык отундун компоненттерин (меланжды жана саминди) алып чыгууну жана утилдештирүүнү (кайра иштетүүнү) караштырган жана Меморандумдун 1-беренесинин 5-пунктунун аракетине туш келүүчү "Суюк ракеталык отундун компоненттерин утилдештирүү боюнча региондук программа" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) алкагында биргелешкен ишти жүзөгө ашырат.

Долбоорду аткарууда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Новопавловка айылындагы КР КМ аскер бөлүгүндө сакталып турган 180 тоннадан кем эмес суюк ракеталык отундун компоненттерин, анын ичинде 134,222 тонна меланжды жана 46,214 тонна саминди алып чыгуу жана утилдештирүү (кайра иштетүү) каралган.

Суюк ракеталык отундун компоненттерин алып чыгууну жана утилдештирүүнү (кайра иштетүүнү) ЕККУ тандаган подрядчы (мындан ары - Подрядчы) КР КМ, ЕККУ жана Подрядчынын ортосунда түзүлгөн, Долбоорду ишке ашыруунун техникалык деталдарын караштырган үч тараптуу контрактка (мындан ары - Үч тараптуу контракт) ылайык ишке ашырат.

2-берене. Долбоорду аткаруу мөөнөтү

Долбоор боюнча иштер жетиштүү каражат болгон шартта 3 (үч) жыл аралыгында аяктоого тийиш. Долбоор боюнча бардык ишти аткарууга жетиштүү финансылык ресурстар болбогон учурда ишти аткаруу финансылык ресурстар болгонго чейин автоматтык түрдө токтотулуп турат. Эгерде Долбоордун аткаруу мөөнөтүн узартуу зарыл болсо, анда мындай узартуу Меморандумга жана ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен Тараптардын өз ара макулдугу боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

3-берене. Тараптардын Долбоорду ишке ашырууга байланышкан милдеттери

1. КР КМ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Долбоорду аткаруу мезгилинде кызыктар мамлекеттик органдардын ЕККУ жана Подрядчы менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга;

- жүктөө операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү персоналды берүүгө;

- ЕККУга жана Подрядчыга Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү болгон кандай болбосун отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, билдирүүлөрдү, документтерди жана башка купуя болбогон маалыматтарды берүүгө;

- меланж ракеталык отундун компоненттерин кондициялык эмес, химиялык өндүрүш үчүн чийки заттын категориясына өткөрүү үчүн даярдоого жана өткөрүүгө;

- Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясына (мындан ары - Базель конвенциясы) ылайык ракеталык самин отунунун компоненттерин кондициялык эмес, трансчек аралык ташуу үчүн кооптуу калдыктар категориясына өткөрүү үчүн даярдоого жана өткөрүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык кооптуу калдыктарды ташуу шарттарын Базель конвенциясынын жоболоруна шайкеш келтирүүнү камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык уруксаттарды жана лицензияларды алууну уюштурууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн суюк ракеталык отундун компоненттери сакталып турган КР КМ аскер бөлүгүнүн аймагына ЕККУнун жана Подрядчынын өкүлдөрүнүн кирүүсүн камсыз кылууга;

- ЕККУнун же Подрядчынын негиздүү талабы боюнча Долбоорго тиешеси бар отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, билдирүүлөрдү, документтерди жана башка купуя болбогон маалыматтарды берүүгө;

- КР КМ аскер бөлүгүнүн аймагында суюк ракеталык отундун компоненттерин жеткирүү жана жүктөө боюнча бардык операцияларды жүзөгө ашырууга жана алардын коопсуздукту жана күзөттү камсыздоо жаатындагы стандарттарга, ошондой эле экологиялык коопсуздуктун стандарттарына шайкештигин камсыз кылууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоо объектинде суюк ракеталык отундун компоненттеринин калдыктарын сактоо ченемдеринин сакталышын камсыз кылууга;

- ЕККУнун кызматкерлерине, ЕККУнун атынан келген эксперттерге жана адамдарга Долбоорду аткарууга же ага мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, өлкөдө жүрүүгө жана андан чыгууга визаларды жана уруксаттарды алууга жардам берүүгө;

- Долбоорду ишке ашыруу үчүн ракеталык отундун компоненттери сакталып турган аскер бөлүгүнүн аймагына убактылуу киргизилген жабдуулардын, аспаптардын жана материалдардын сакталышын камсыз кылууга.

2. ЕККУ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Долбоорду аткаруунун алкагында КР КМ менен өз ара аракеттенүүгө;

- Долбоорду жана операциялык, административдик жана Долбоорду ишке ашырууга байланышкан башка чыгымдарды төлөөнү бюджеттен тышкаркы каражаттан каржылоого;

- Долбоорду жалпы башкарууну жүзөгө ашырууга;

- Долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана отчетторду түзүүгө;

- Подрядчыны ушул Макулдашууга тиркелген жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасында суюк ракеталык отундун (меланж жана самин) компоненттеринин запастарын утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө техникалык тапшырманын эрежелерине/жоболоруна ылайык тандоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын алкагында ракеталык отунду алып чыгууга, ошондой эле кооптуу калдыктарды ташуу шарттарынын Базель конвенциясынын жоболоруна шайкештигин камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык уруксаттарды жана лицензияларды алууну уюштурууда КР КМге колдоо көрсөтүүгө.

4-берене. Персоналга карата талаптар

1. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында КР КМ жүктөө операцияларын жүргүзүү үчүн персоналды берүүгө милдеттенет.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында КР КМ эмгек маселелерин регламенттеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун сактоого милдеттенет.

2. КР КМ ЕККУнун эксперттери тарабынан өткөрүлүүчү тренингдерге Долбоордун алкагында жүктөө операцияларына тартылган персоналдын катышуусун камсыздоого милдеттенет.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрүнүн ушул Долбоорго катышкандыгы үчүн ЕККУ тарабынан кандайдыр бир финансылык компенсация, анын ичинде эмгек акы каралган эмес.

4. Ар бир Тарап өзүнүн атынан кызмат көрсөтүүчү кызматкерлер, персонал, агенттер, жеке жана юридикалык жактар жана Долбоорду аткарууга багытталган ишти жүзөгө ашыруучу башка адамдар тарабынан экинчи Тараптын имиджине жана кадыр-баркына терс таасирин тийгизе турган аракеттерге жана аракетсиздикке жол бербөөнү көзөмөлдөөгө милдеттенет.

5-берене. Сапатты камсыздоо программасы

Үч тараптуу контракттын алкагында Подрядчы максималдуу коопсуздук, ишенимдүүлүк, отчеттуулук, мыйзамдуулук, утилдештирүү (кайра иштетүү) процессине катышуучу бардык элементтерге карата натыйжалуулуктун жана ачык айкындуулуктун кепилдиги менен Долбоорду жогорку сапатта ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн суюк ракеталык отундун компоненттерин утилдештирүүнүн (кайра иштетүүнүн) бүтүндөй процесси үчүн принциптерди, милдеттенмелерди, жол-жоболорду жана документтерди аныктоону, иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү караган Сапатты камсыздоо программасын (мындан ары - Сапатты камсыздоо программасы) иштеп чыгат.

КР КМ жана ЕККУ тарабынан жактырылган Сапатты камсыздоо программасы Үч тараптуу контракттын тиркемеси болуп эсептелет.

Ушул Макулдашуунун алкагындагы өзүнүн милдеттенмелерине кошумча катары ЕККУ жана КР КМ Сапатты камсыздоо программасында баяндалган тиешелүү милдеттенмелердин аткарылышы үчүн да жоопкерчилик тартышат.

6-берене. Камсыздандыруу

КР КМ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КР КМге таандык мүлктү, ошондой эле Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууну ишке ашырат.

7-берене. Кепилдиктер

КР КМ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын же айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү же адамдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна жана/же мүлктүн сактыгына тиешелүү болгон эл аралык стандарттардын жоболорун бузуу же бузган болуп эсептелген аракеттеринен улам кандай болбосун окуянын же жагдайдын пайда болушуна же курчушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө кепилдик берет.

8-берене. Жоопкерчилик

Ушул Макулдашуу боюнча Тараптардын жоопкерчилигине байланышкан маселелер Меморандумдун 10-беренеси менен жөнгө салынат.

9-берене. Интеллектуалдык менчик укугу

1. КР КМ ЕККУнун аталышын жана логотибин ЕККУнун алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугун алган шартта Долбоор менен түздөн-түз байланышта гана пайдалана алат.

2. Долбоор боюнча ишти ЕККУ тарабынан каржылоо факты Долбоорго байланыштуу даярдалган бардык маалыматтык материалдарда, ошондой эле макалаларда, чыгып сүйлөөлөрдө жана басма сөз үчүн билдирүүлөрдө же элдин кеңири катмары үчүн ушул сыяктуу билдирүүлөрдө айтылууга тийиш.

3. ЕККУ Долбоорду аткаруу мезгилинде ЕККУ тарабынан даярдалган бардык көрүнөө материалдарды (видеоматериалдар, сүрөттөр ж.б. сыяктуу) пайдалана алат.

10-берене. Талаштарды жөнгө салуу

Ушул Макулдашууну чечмелөөдө же ишке ашырууда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү аркылуу, ошондой эле Меморандумдун 13-беренесине ылайык чечишет.

11-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер

ЕККУ Катчылыгынын кызмат адамдарынын артыкчылыктары жана иммунитеттери менен байланышкан маселелер Меморандумдун 14-беренеси менен жөнгө салынат.

12-берене. Келишимдик документтер

Ушул Макулдашуу төмөнкү документтерден турат, алардын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда төмөнкүлөргө артыкчылыктар берилет:

1. Ушул Макулдашуу;

2. Кыргыз Республикасында суюк ракеталык отундун (меланж жана самин) компоненттеринин запастарын утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүгө техникалык тапшырма.

13-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши, аны колдонууну токтото туруу, аны бузуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Ушул Макулдашуу 2013-жылдын 2-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЕККУнун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.

2. Тараптардын ар бири, эгерде анын оюу боюнча Долбоордун ийгиликтүү аякташына жана анын максаттарына жетүүсүнө тоскоол болуучу жагдайлар түзүлсө же буга карата тоскоолдуктун пайда болуу коркунучу жаралса, бул жөнүндө экинчи Тарапты жазуу жүзүндө билдирүү жолу менен ушул Долбоордо өзүнүн катышуусун токтото туруу укугуна ээ. Жазуу жүзүндөгү билдирүүдө Тарап өзүнүн Долбоорго кайрадан катышууга даяр боло турган шарттарын көрсөтүшү мүмкүн. Кандай болгон учурда да бул шарттар башка Тарапка алгылыктуу болмоюнча иш токтоп турат, андан соң Тарап Долбоорго кайрадан катышууга даяр экендиги жөнүндө экинчи Тарапты жазуу жүзүндө кабарлайт. Ушул Макулдашууну токтото туруунун мөөнөтү Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөткө кошулат.

3. Тараптар Долбоорду андан ары аткарууну татаалданткан ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда Долбоорду же анын кайсы бир бөлүгүн аткарууну токтото турушу мүмкүн. Тараптар Долбоорду аткарууну токтото туруунун мөөнөтүн мүмкүн болушунча азайтууга жана шарт түзүлгөн жагдайда аны кайрадан улантууга аракеттенүүгө тийиш.

4. Ушул Макулдашууну мөөнөтүнөн мурда 30 (отуз) күндөн кечиктирбей экинчи Тарапты бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаган Тараптардын ар бири бузушу мүмкүн.

5. Ушул Макулдашууга кандай болбосун өзгөртүүлөр Тараптардын жазуу жүзүндөгү келишиминин негизинде киргизилиши керек.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл, анын ичинде донор мамлекеттер тарабынан атайын суралышы мүмкүн болгон кошумча шарттар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча Протоколду түзүү аркылуу таризделет.

 

Ушул Макулдашууга ________________ шаарында 2021-жылдын "___" _______________ кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан

 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун атынан

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Суюк ракеталык отундун компоненттерин утилдештирүү боюнча региондук программа" долбоорун аткаруу жөнүндө макулдашууга тиркеме

Кыргыз Республикасында суюк ракеталык отундун (меланж жана самин) компоненттеринин запастарын утилдештирүү (кайра иштетүү) боюнча кызмат көрсөтүүгө ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

1. Жалпы маалымат

1.1. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кампаларында сактоо мөөнөтү өтүп кеткен, ушуга байланыштуу утилдештирүүгө тийиш болгон суюк ракеталык отундун компоненттери - меланж жана самин бар. Утилдештирүүгө тийиш болгон суюк ракеталык отундун компоненттеринин запастарынын алдын ала бааланган көлөмү төмөнкүдөй:

- меланж ракеталык отундун кычкылданткычы (АК-20к), көлөмү 40 куб. метрдик үч алюминий резервуарларда сакталат - 134,222 тонна;

- самин ракеталык отуну (ТГ-02), көлөмү 20 куб. метрдик үч болот резервуарларда сакталат - 46,214 тонна.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде (мындан ары - КР КМ) техникалык ченемдерге жана экологиялык талаптарга ылайык суюк ракеталык отундун компоненттеринин запастарын өз күчү менен утилдештирүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүктөр жок. Ушуга байланыштуу КР КМ суюк ракеталык отундун компоненттеринин жогоруда аталган запастарын утилдештирүүгө жардам көрсөтүү суроо талабы менен Европадагы коопсуздукту камсыздоо (мындан ары - ЕККУ) боюнча уюмга кайрылды.

1.2. КР КМ суюк ракеталык отундун компоненттеринин утилдештирүүгө тийиш болгон бардык запастарын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Новопавловка айылындагы КР КМ аскер бөлүгүнүн кампасында сактоодо.

1.3. "Ракеталык отундун компоненттерин утилдештирүү боюнча региондук программа" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Ракеталык отундун компоненттерин утилдештирүү боюнча региондук программа" долбоорун аткаруу тууралуу макулдашууга ылайык башка категорияга өткөрүлгөн ракеталык отундун компоненттеринин (мындан ары - РОК) запастарын экологиялык талаптарды сактап, ушул Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөндөй колдонулуучу стандарттарга ылайык талаптагыдай жана туруктуу технологияларды колдонуу менен утилдештирүү (кайра иштетүү) эсептелет. Утилдештирүү рыноктогу текшерилген техникалык чечимдер ушул Техникалык тапшырмада баяндалган бардык талаптарга, ошондой эле колдонулуучу стандарттарга жооп берген шарттарда мындай чечимдерди пайдалануу менен өткөрүлүшү керек.

2. Долбоорду аткаруунун жалпы концепциясы

2.1. Ушул Техникалык тапшырмада Долбоорго карата техникалык талаптар ушул Техникалык тапшырманын 1.3-пунктунда баяндалгандай аныкталат.

2.2. ЕККУ тендер өткөрүп, подрядчыны (мындан ары - Подрядчы) аныктады. ЕККУ, КР КМ жана Подрядчы Долбоорду ишке ашыруу алкагында үч тараптуу контракт (мындан ары - Үч тараптуу контракт) түзүшөт. Аймагында РОК алынып чыгуучу жана иштетилүүчү мамлекеттер Подрядчы тарабынан аныкталат.

2.3. Подрядчы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга төмөнкүлөр кирет, бирок аны менен гана чектелип калбайт: ишти координациялоо жана башкаруу, операцияларды жана иштерди пландоо, графиктерди түзүү, бардык процесстерди (куруу, долбоорлоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана химиялык процесстерди өткөрүү) техникалык ишке ашыруу, иштин жүрүшү тууралуу отчеттуулук, мүлктү ташуу, анын коопсуздугун жана сактыгын, авариялык кырдаал учурунда аракеттердин эрежелерин камсыздоо, ошондой эле РОК запастарын алып чыгуу жана утилдештирүү (кайра иштетүү) боюнча иш жүзүндөгү операциялар жана Долбоордо каралган башка тийиштүү иштер (мындан ары - Кызмат көрсөтүү).

2.4. Түздөн-түз же кыйыр түрүндөгү бардык Кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде (бирок аны менен гана чектелип калбаган) кандай болбосун калдык, кошумча же акыркы продуктуну ташуу, кайра иштетүү жана өндүрүү азыркы жана колдонулуучу стандарттардын (мындан ары биргеликте аталган - Колдонулуучу стандарттар) төмөнкүдөй топтомуна шайкеш келиши керек:

а) РОКту утилдештирүүнү (кайра иштетүүнү) ишке ашыруучу өлкөлөрдүн жана аймагында РОК турган транзиттик өлкөлөрдүн тийиштүү улуттук стандарттары;

б) РОКту утилдештирүү (кайра иштетүү) жана ташуу маселелерин жөнгө салуучу тийиштүү эл аралык стандарттар (конвенциялар);

в) Европа биримдигинин (мындан ары - ЕБ) жана зарыл болгон учурда донор өлкөлөрдүн тийиштүү стандарттары.

2.5 РОКту утилдештирүү (кайра иштетүү) боюнча Подрядчы тарабынан аткарылган операциялар, эгерде операциялардын жүрүшүндө Колдонулуучу стандарттардын, анын ичинде (бирок аны менен гана чектелип калбаган) атмосферага чыгындылардын, иштетилген суулардан жана катуу калдыктардын чыгууларынан ашкан көлөмдө мүмкүн боло турган болсо, булганууга же булгоочу кошумча продуктулардын чыгындыларына алып келбөөгө тийиш.

2.6. Подрядчы жазуу жүзүндөгү жана Колдонулуучу стандарттарга жооп берүүчү Сапатты камсыздоо программасын колдонууга берүүгө милдеттенет.

2.7. ЕККУ Меморандумдун тиешелүү жоболоруна ылайык Долбоорго тиешелүү иштерге гана жоопкерчилик тартат. ЕККУ кандай учур болбосун Подрядчынын аракети же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси

3.1. Күтүлүүчү Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине төмөнкүдөй көлөмдөгү РОКту 2022-жылдын 23-октябрына чейинки мөөнөттө талаптагыдай жана өз убагында утилдештирүү кириши керек: 180 тонна суюк ракеталык отундун компоненттери, анын 134,222 тоннасы меланж жана 46,214 тоннасы самин.

3.2 Подрядчы Ушул техникалык тапшырманын жобосун, Колдонулуучу стандарттардын жана Сапатты камсыздоо программасынын талаптарын так сактоо менен Кызмат көрсөтүүгө тийиш.

4. КР КМ милдеттери

4.1. КР КМ жүк жеткирүү шарттарына жараша Подрядчынын контролуна жана жоопкерчилигине өткөнгө чейин РОКту сордуруу, жүктөө жана ташуу боюнча операцияларга катышкан бардык адамдардын коопсуздугун жана сактыгын камсыздоого жооптуу болот.

4.2. КР КМ Долбоорду ишке ашыруунун алкагында КР КМде колдонуудагы жоболорго ылайык ЕККУга жана Подрядчыга каалаган учурда РОКтун запастары сакталып турган аскер бөлүктөрүнүн аймагына эркин кирүүгө кепилдик берет.

4.3. КР КМ ЕККУнун жана Подрядчынын Долбоорду аткарууга катыша алган Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

4.4. КР КМ кооптуу калдыктарды ташуу шарттарын Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын жоболоруна шайкеш келтирүүнү камсыздоо үчүн КР мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык подрядчынын бардык уруксаттарды жана лицензияларды алуусун уюштурат.

РОКту Кыргыз Республикасынын аймагынан которуу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленген бардык уруксаттарды, мамлекеттик алымдарды, лицензияларды алуунун тийиштүү деталдары Үч тараптуу контрактта каралат.

5. Подрядчынын милдеттенмелери

Ушул пунктта каралган милдеттенмелер Үч тараптуу келишимде ырасталууга тийиш.

5.1. Подрядчы РОКту өз материалдарын пайдаланып, өз күчү менен алып чыгууга жана утилдештирүүгө (кайра иштетүүгө) милдеттенет. Кызмат көрсөтүү процессинде Подрядчы өз объекттеринин, анын арасында мобилдик орнотмонун/жабдуунун, транспорттук каражаттардын токтоосуз иштөөсүн камсыз кылууга тийиш.

5.2. Подрядчы бардык жүктөө-түшүрүү операцияларын аткарууну уюштурууга, анын ичинде РОК запастары сакталып турган КР КМ аскер бөлүгүнүн аймагында жүктөө иштерин аткаруу үчүн жүктөөчү жабдуунун жана персоналдын болушун камсыздоого жооп берет.

5.3. Подрядчы кабыл алынгандан баштап акыркы кайра иштетүүгө чейин РОКту утилдештирүүнүн бардык аспекттерин чечүү боюнча пландарды макулдашууга тийиш.

5.4. Подрядчы бардык акыркы продуктуларды жана/же кошумча продуктуну (кошумча продуктуларды) (анын ичинде кооптуу материалдар ж.б.) утилдештирүү (кайра иштетүү) пландарын жана шарттарын Тараптар менен макулдашууга тийиш.

5.5. Подрядчы Тараптарга өзүнүн техникалык мүмкүндүктөрү, пландык көрсөткүчтөрү жөнүндө толук маалыматы берүүгө жана контракттык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле кошумча бардык керектүү ресурстарды берүү үчүн квалификациясынын бар экендигин ырастоого тийиш.

5.6. Подрядчы Тараптарга төмөнкүдөй маалыматты берет:

- утилдештирилген (кайра иштетилген) жердеги чыгындылардын булактары жана чөйрөнүн ар бир түрүнө күтүлүүчү чыгындылардын мүнөзү жана көлөмү, ошондой эле жалпысынан алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу;

- объекттеги чыгындылардын алдын алуу же кыскартуу боюнча сунушталган технологиялар жана башка техникалык чечимдер тууралуу;

- калдыктардын алдын алуу жана рециркуляциялоо боюнча чаралар тууралуу;

- чыгындыларга карата мониторинг жүргүзүү боюнча пландалган чаралар тууралуу.

6. Бажылык тазалоо уруксаты жана жол-жобосу

6.1. Подрядчы РОКту утилдештирүү (кайра иштетүү) жана эгерде мындай каралган болсо акыркы продуктуну (акыркы продуктуларды) кандайдыр бир максаттарга кайталап пайдалануу үчүн тиешелүү аймакта (тиешелүү аймактарда) талап кылына турган бардык уруксаттардын жана лицензиялардын болушун камсыздайт.

6.2. Подрядчы ушул Техникалык тапшырмага ылайык Кызмат көрсөтүү үчүн жеке каражатынын эсебинен аймакта (аймактарда) зарыл болгон бардык уруксаттарды, өкмөттүк жыйымдарды, лицензияларды, уруксаттарды жана инспекцияларды төлөйт. Подрядчы Үч тараптуу контрактты аткарууга тартылган өлкөдө же өлкөлөрдө бардык мыйзамдарды, жарлыктарды жана жоболорду сактоого, анын ичинде Кызмат көрсөтүү пландалган жерде (жерлерде) жана ушул максаттар үчүн ташуунун жүрүшүндө Колдонулуучу стандарттарды сактоого кепилдик берет.

6.3. Кыргыз Республикасынан чегинен сырткары жүктү бажылык тазалоо боюнча бардык формалдуулуктар Подрядчынын жеке каражатынын эсебинен жана өзүнүн жеке тобокелдиги менен аткарылат. Бажылык тазалоону ишке ашырууда Подрядчы төлөгөн же Подрядчыга жүктөлгөн чыгымды жабуу үчүн ЕККУ эч бир жагдайда жоопкерчилик тартпайт. Подрядчы импортко, анын ичинде ага байланышкан салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө, ошондой эле бардык зарыл лицензияларга, бажылык декларацияларга жана контрактта каралган Кызматтарды Подрядчы тарабынан көрсөтүү максатында Подрядчынын жүктөрүн же материалдарын киргизүү үчүн орнотмону/жабдууну/объектти алып кирүүгө жана алып чыгууга байланыштуу башка дагы документтерди кошуп алганда улуттук бажылык эрежелерге жана формалдуулуктарга карата бардык Колдонулуучу стандарттарды сактоого жооп берет.

7. Экологиялык талаптарды сактоо

7.1. РОКту утилдештирүү (кайра иштетүү) боюнча жумуштарды ишке ашыруунун жүрүшүндө процесстин өзүнүн, кандай болбосун кошумча продуктулардын же зыяндуу калдыктардын айлана-чөйрөгө таасири эң кеминде Колдонулуучу стандарттарга ылайык келиши керек.

7.2. Подрядчы Колдонулуучу стандарттарга ылайык жеке каражатынын эсебинен жана өзүнүн жеке тобокелдиги менен РОКту утилдештирүү (кайра иштетүү) процессине байланышкан кандай болбосун кооптуу материалдарды коопсуз жок кылуу боюнча жоопкерчиликти жана милдетти алат. Подрядчы дайыма орнотмонун/жабдуунун/объекттин иштешинин Колдонулуучу стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыздоого милдеттүү. Подрядчы төмөнкүлөргө да милдеттүү:

- булганууга жол бербөөнүн бардык талаптагыдай ыкмаларын, атап айтканда эң мыкты техникалык чечимди колдонууга (таштандыларды аз чыгарган, өтө кооптуу эмес заттарды пайдаланган, рециркуляция жүргүзүүгө жана өндүрүлгөн заттарды кайталап пайдаланууга мүмкүндүк берген жана башка);

- айлана-чөйрөнүн булгануусунун алдын алууга, РОКту мүмкүн болушунча коопсуз ыкма менен утилдештирүүгө (кайра иштетүүгө);

- энергия ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга;

- авариялык кырдаалдын алдын алуу жана мүмкүн болуучу зыянды чектөө боюнча чараларды көрүүгө;

- жумуш бүткөндөн кийин объекттерди баштапкы абалына келтирүүгө.

7.3. Подрядчынын аракети, анын технологиясы, орнотмосу/жабдуусу/объекти жана иши дайыма Колдонулуучу стандарттарга, анын ичинде атмосфералык чыгындыларга, иштетилген суулардын жана катуу калдыктардын чыгууларына жана химиялык нейтралдаштыруу процесстерине карата (бирок аны менен гана чектелип калбаган) жооп бериши керек. Акыркы продуктуну (продуктуларды) андан ары пайдаланууга жараша алардын сапаты Колдонулуучу стандарттарга жооп бериши керек.

8. Коопсуздук талаптары

8.1. Кызмат көрсөтүү учурунда Подрядчы РОКту сактоодо, колдонууда, кайра иштетүүдө, ташууда жана чек ара аркылуу өткөрүүдө Колдонулуучу стандарттарды сактоого милдеттүү. Подрядчы калкты, өз персоналын коргоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү сактоо үчүн жөндүү жана практикалык жактан мүмкүн болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.

8.2. Орнотмодо/жабдууда/объектте иштөө жана ага байланышкан жол-жоболор РОК менен иштөөдө жарылуу кооптуулугун жана химиялык коркунучтарды эске алуу менен утилдештирүү (кайра иштетүү) процесстерине тартылгандар үчүн дайыма коопсуз чөйрөнү камсыз кылгандай түзүлүшү керек. Ушундай этияттык менен иштөө милдети жалпы калкка карата да колдонулат.

9. Ташуу

9.1. Подрядчы менен ар бир түзүлгөн контракт боюнча алдын ала шарт катары Подрядчы ЕККУнун кароосуна РОКту тиешелүү аймактан/аймакка (тиешелүү аймактарга) алып чыгуу/алып кирүү үчүн алынган уруксаттардын бар экендигин же аларды алуу мүмкүндүгүн ырастаган документтерди берүүгө тийиш.

9.2. КР КМ аскер бөлүгүнүн аймагынан РОКту утилдештирүүчү (кайра иштетүүчү) ишканага чейин жеткирүү боюнча транспорттук жана экспедитордук Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кызмат көрсөтүү наркына кирет. Эгерде башка сүйлөшүүлөр болбосо, РОК аскер бөлүгүнүн аймагынан өткөрүп берилүүгө тийиш.

10. Мобилдик орнотмо/жабдуу

10.1. Эгерде Подрядчы мобилдик орнотмону/жабдууну колдонууну сунуштаса, Подрядчы ушул бөлүмдүн шарттарын сактоого жана дайыма Колдонулуучу стандарттарга ылайык аракеттенүүгө тийиш.

10.2. Мобилдик орнотмо/жабдуу Подрядчы тарабынан атайын транспорттук бирдиктерде же стандарттуу 150-контейнерлерде жеткирилиши керек. Транспорттук бирдик же 180-контейнер Подрядчы тарабынан берилет жана жабдылат.

10.3. Эгерде башка сүйлөшүүлөр болбосо, Подрядчы Кызмат көрсөтүлүүчү жердеги утилдештирүү объектине мобилдик орнотмо/жабдуу жеткирилгенден кийин Подрядчы менен ЕККУ ортосундагы макулдашкан мезгилде мобилдик орнотмону/жабдууну монтаждайт жана пайдаланууга киргизет. Мобилдик орнотмону/жабдууну монтаждоо, бузуу, пайдаланууга киргизүү жана пайдалануудан чыгаруу боюнча бардык иштер Подрядчы тарабынан Колдонулуучу стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү керек.

10.4. Мобилдик орнотмо/жабдуу Подрядчы тарабынан өз алдынча мобилдик орнотмо/жабдуу катары анын өз эсебинен долбоорлонуп, пайдаланууга киргизилиши керек. Объекттин өзүндө болгон жергиликтүү электр, газ, суу менен камсыздоо жана канализация сыяктуу техникалык каражаттардан жана жабдуулардан сырткары бул же тигил инфратүзүмдү камсыз кылуу боюнча бардык жумуштар Подрядчынын эсебинен аткарылат. Контракттын колдонуу мөөнөтү бузулганга жана аяктаганга чейин Подрядчы өз эсебинен мобилдик орнотмону/жабдууну бузуп, анын ичинде тиешелүү участокторду деконтаминациялоого жана ЕККУ менен Подрядчынын ортосундагы макулдашкан мезгилде аларды ташууга даярдашы керек.

11. Өндүрүштүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрү

11.1. Подрядчы өзүнүн орнотмолорун, жабдууларын жана транспортун кошуп алганда, бирок алар менен гана чектелип калбаган объекттеринин дайыма Колдонулуучу стандарттарга шайкеш келүүсүн жана РОКту коопсуз жана үнөмдүү утилдештирүүгө жөндөмдүү болушун камсыздоого тийиш.

11.2. Подрядчы кандай болбосун продуктуну (кандай болбосун продуктуларды) жана/же кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган кошумча продуктуну (кошумча продуктуларды) пайдалуу, согуштук максаттарда эмес, Колдонулуучу стандарттарга ылайык пайдаланууну, ошондой эле ар кандай калдыктардын экологиялык коопсуздугун камсыздоого тийиш.

11.3. Подрядчы өзүнүн жабдыгын, анын арасында мобилдик орнотмону/жабдууну, машиналарды кошуп алганда транспорттук каражатты керектүү техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн жеке өзү жоопкерчилик тартат.

12. Сапатты камсыздоо тартиби

12.1. Подрядчы өзүндө болгон сапатты камсыздоо түзүмүн (ISO 9001/14001 же эквивалент) пайдаланат жана ЕККУнун Сапатты камсыздоо программасынын эгидасында (6.1-пунктту кара) төмөнкү аспекттерге карата программалар жана жол-жоболор үчүн негиз катары РОКту утилдештирүү боюнча Подрядчынын сапатын камсыздоо программасын иштеп чыгат:

- үлгүлөрдү тандоо жана талдоо;

- авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана персоналдын ден соолугун сактоо;

- экологиялык мониторинг;

- персоналды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

- отчеттуулук.

Подрядчы Долбоор менен байланыштуу коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык чараларды демилгелөөгө, колдоого жана көзөмөлдөөгө, анын ичинде өндүрүштүк объектте жана ташуу учурунда өндүрүштүк жана экологиялык коопсуздукту сактоого (бирок аны менен гана чектелип калбаган) жоопкерчилик тартат жана милдеттенет. Коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык ушундай чаралар жана программалар Колдонулуучу стандарттарга толук жооп бериши керек.

12.2. Долбоорду аткаруу максаттары үчүн төмөнкү факторлорду эске алуу зарыл:

а) РОК сакталган объекттердеги иштерге жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу менен жана эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тийиштүү талаптарын сактоо шартында гана уруксат берилет;

б) иштерди жүргүзүүгө мүмкүн болгон бардык тиешелүү объекттерде жана РОКту сактоо же утилдештирүү участокторунда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча эрежелер сакталууга тийиш.

12.3. Подрядчы Колдонулуучу стандарттарга ылайык экологиялык коопсуздукту жана эмгекти коргоону камсыздоонун комплекстүү натыйжалуу программасын кабыл алууга тийиш, анын ичинде (бирок аны менен гана чектелип калбаган) атап айтканда:

а) жол-жоболорду жазуу жүзүндө киргизүү жана кооптуу жумушчу чөйрөдө персоналдын тийиштүү жеке коргонуу каражатын берүү;

б) кооптуу райондордун белгилөөнү кошуп алганда, потенциалдуу тобокелдикти, кооптуулукту жана кыйынчылыктарды аныктоо үчүн иштөө шарттарын үзгүлтүксүз текшерүү жана инспекциялоо;

в) химиялык процесстерге тартылган персонал тарабынан химиялык коргонуу каражаттарын пайдалануу жана коркунучтун алдын алуу жол-жоболорун сактоо боюнча чараларды көрүү;

г) участокто айлана-чөйрөнүн абалына жана андагы персоналдын иштөө шартына туруктуу жана ар тараптан мониторингди камсыз кылуу;

д) кооптуу жана өзгөчө абал түзүлгөн учурда аварияга каршы жол-жоболорду жана чараларды көрүүнү камсыздоо.

12.4. Подрядчы өзүнүн каражаттары, анын ичинде мобилдик орнотмолору/жабдуулары, Кызмат көрсөтүү үчүн транспорттук каражаттары (бирок алар менен гана чектелип калбаган) толук ыкчам даярдыкта, иштерди ЕККУнун талаптарына ылайык жана Колдонулуучу стандарттарды толук сактоо менен аткарууга жөндөмдүү болуусун камсыздайт.

12.5. Аракеттерди ишке ашыруу, өзүнүн технологиясын колдонуу, мобилдик орнотмону/жабдууну/объектти пайдалануу жана операцияларды жүргүзүү үчүн Подрядчыда утилдештирүү жана ташуу боюнча иштерди аткарууга лицензияларынын болушу жана ал Колдонулуучу стандарттарды сакташы керек.

12.6. Подрядчы режимдик объектке кирүү боюнча ички талаптарга ылайык дайыма ЕККУга, анын өкүлдөрүнө жана ЕККУ үчүн Кызмат көрсөтүүчү адамдарга, ошондой эле КР КМге жана КР КМ өкүлдөрүнө Долбоорду ишке ашыруунун алкагында өзүнүн имараттарына жана каражаттарына, анын ичинде мобилдик орнотмого/жабдууга, транспорттук каражаттарга (бирок алар менен гана чектелип калбаган) кирүүгө уруксат берүү шарттарын кабыл алат жана макул болот.

12.7. Подрядчы өзгөчө кырдаал учуруна карата Колдонулуучу стандарттарга жооп бере турган жана утилдештирүү процесси менен ташуу процессине байланышкан тобокелдикти баалоого негизделген аракеттердин жазуу жүзүндөгү планын иштеп чыгат жана кабыл алат. Бул планда мүмкүн болуучу авариялардын варианттарынын, кесепеттеринин жана көрүлө турган чаралардын сценарийлери болушу керек.

12.8. Подрядчы керектүү көндүмдөрү, квалификациясы жана мобилдик орнотмону/жабдууну/объектти эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон тажрыйбасынын жана билиминин бар экендиги тууралуу сертификаттары бар персоналды берет. Подрядчы дайыма анын түздөн-түз көзөмөлүндө турган өзүнүн персоналы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. ЕККУ Долбоордун алкагында координатор катары аракеттенгендигине карабастан, персоналга кеңири инструктаж берүү жана аларды жетектөө да Подрядчыга жүктөлөт. Подрядчы мобилдик орнотмону/жабдууну/объектти коопсуз эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча өзүнүн персоналынын кесиптик даярдыгын камсыз кылат.

12.9. Подрядчы ушул Техникалык тапшырмадан келип чыгуучу өзүнүн милдеттерин аткарууга байланышкан бардык чыгымдарды тартат.

12.10. Подрядчы өзүнүн бардык өкүлдөрүнүн, персоналынын жана субподрядчыларынын иши үчүн ушул Техникалык тапшырмага ылайык жоопкерчилик тартат.

13. Камсыздандыруу

13.1. Подрядчы төлөөгө жөндөмдүү камсыздандыруу компаниясында ЕККУ үчүн алгылыктуу шарттарда жана суммаларда камсыздандырууну жүзөгө ашырат.

13.2. Мындай камсыздандыруу компаниясын (мындай камсыздандыруу компанияларын) тандоо ЕККУ тарабынан алдын ала жактырылууга тийиш. Камсыздандыруунун суммалары жана шарттары ушул Техникалык тапшырмада каралган Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, экологиялык тобокелдиктерин жана мүнөзүн эске алуу менен камсыздандыруу эрежелерине карата Колдонулуучу стандарттарга шайкеш келүүгө тийиш.

14. Финансылык талаптар

14.1. Контрактты колдонуунун бардык мөөнөтүндө Подрядчы ЕККУнун талаптарын канааттандыра турган финансылык жүгүртүүнү, ликвиддүүлүк жана төлөө жөндөмдүүлүк абалын камсыздап турат.

14.2. РОКту утилдештирүүнүн натыйжасында алынуучу акыркы продуктунун кандай болбосун коммерциялык баалуулугу, ошодой эле РОКту утилдештирүү продуктун сатуудан түшкөн кандай болбосун киреше Подрядчынын менчиги болуп саналат жана контрактта белгиленген Кызмат көрсөтүү наркында эске алынууга тийиш.

15. ЕККУнун укуктары жана милдеттери

Верификациялоо жана сертификациялоо

15.1. Бардык катышкан тараптардын дайыма ушул Техникалык тапшырмаларда каралган бардык укуктарды жана милдеттерди сакташын камсыздоо максатында жана төмөнкүлөргө:

- коопсуздукка;

- сакталышына;

- отчеттуулукка;

- мыйзамдуулукка;

- иштин сапатын камсыздоого;

- транспаренттүүлүккө.

Кепилдик берүү үчүн ЕККУ жана КР КМ Үч тараптуу контрактка тиркелүүчү Сапатты камсыздоо программасын кабыл алат.

15.2. ЕККУ Подрядчынын бардык өзүнүн милдеттенмелерин аткарып жаткандыгын текшерүү максатында объектке сапат боюнча бир же андан көп инспекторлорду (эксперттерди) жиберүү укугун өзүнө калтырат.

15.3. Өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары ЕККУну канааттандырса, Кызмат көрсөтүү аяктагандан кийин Подрядчы Тараптарга аткарылган иштер, анын ичинде утилдештирилген РОКтун запастарынын (бирок аны менен гана чектелип калбаган) көлөмү (тонна менен) тууралуу маалыматты камтыган акыркы колдонуу сертификатын берет.