КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 4-майы № 121-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 98-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүн (мындан ары - Өкүлчүлүк) жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн тиркемеге ылайык курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- Өкүлчүлүктүн мүлкүн эсепке алсын жана бааласын;
- Өкүлчүлүктүн материалдык-техникалык базасын, финансы каражаттарын жана башка мүлкүн инвентаризацияласын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин балансына өткөрүп берсин;
- жоюу балансын бекитсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
У.Марипов | |
| |||
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүн жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясынын КУРАМЫ
Каймазаров Т.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин директору, комиссиянын төрагасы; |
Айдит Э. | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчи-элчиси; |
Сооданбекова А.М. | - | "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен иштөө бөлүмүнүн начальниги; |
Саманчиева А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин башкы адиси; |
Кудайбердиев Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Стамалиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башчысы; |
Омурзакова Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн башкы адиси; |
Алымбеков Р.М. | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин башкы инженери. |