Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы N 487-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 4-майы № 123-б

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 329-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- экинчи абзацындагы "ведомстволор аралык" деген сөздөр алып салынсын;

жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- аталышындагы "ведомстволор аралык" деген сөздөр алып салынсын;

- даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Каримбекова Анара Камытовна

-

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын улук юрисконсульту;

Эсенбаева Жылдыз Алтымышевна

-

"Zhongda" China Petrol Company" (Чайна Петроль Компани "Джунда") ЖЧКнын башкы директорунун кеңешчиси;

- Шерипбеков Б.А. көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын курамынан чыгарылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

У.Марипов