КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2021-жылдын 19-майы № 6-б
Бишкек шаарында 2021-жылдын май айында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сүйлөшүүлөр протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | У.Марипов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу" долбоорун каржылоо маселелерин талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Ажикеев Бообек Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; |
Шамырканов Урматбек Муслинович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Сатыбеков Мелис Бакытович | - | энергетика жана өнөр жай министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Айталиев Анаркул Максутович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору; |
Абдылдаева Чолпон Жолдошбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын инвестицияларды тартуу секторунун башчысы. |