КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2021-жылдын 18-майы № 4-б
Бишкек шаарында "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министринин орун басарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага | У.А.Марипов |
Тиркеме |
Бишкек шаарында "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо долбоору боюнча, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Мукашев Азамат Фелкисович | - | Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; |
Туманбаева Рада Мураталыевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Токтошев Эмиль Токтакунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Мамасадык Сабирович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Айбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Далиев Уланбек Эшенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Ашимбаев Сабыркул Абасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Нарбеков Бакытбек Наркулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Осмоналиев Самир Кушайынович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Беков Төрөгул Ниязович | - | Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы; |
Торомаматов Жусубали Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Сатыбалдиева Аида Туратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси. |