Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 14-январы № 12
Тышкы соода жана тышкы соода ташуулар чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ишин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 639 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча), Кеңештин теңтөрагасы (макулдашуу боюнча).
Мамлекеттик органдардан Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;
Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажылык жана тарифтик саясат башкармалыгынын эл аралык бажылык жана салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, Катчылыктын жетекчиси.
Бизнес-коомчулуктан Кеңештин мүчөлөрү:
Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Бажы брокерлер ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экспедиторлор ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Мөмө-жемиш ишканалары ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз-Эт" ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "Легпром" жеңил өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Жаш ишкерлер ассоциациясынын" жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Стандартсертик" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).