Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-январы № 17
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобонун 1-19-тиркемелери менен ушул Жобонун 6-14-пункттарында каралган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттерине, функцияларына жана ыйгарым укуктарына кошумча ар бир түзүмдүк бөлүмдүн өзгөчөлөнгөн компетенциясына кирүүчү тейлеген чөйрөдөгү негизги маселелер (өзгөчө милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар), алар тейлеген мамлекеттик органдар жана уюмдар, кызматтык өз ара аракеттенүү аныкталган.";
- 1-18-тиркемелери тиешелүү түрдө ушул буйруктун 1-18-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул буйруктун 19-тиркемесине ылайык редакцияда 19-тиркеме менен толукталсын.
Премьер-министр | К.А.Боронов |
|
|
|
|
| 1-тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү тейлеген чөйрөдөгү негизги маселелер
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк сектору;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына мониторинг жүргүзүү сектору;
3) тышкы жардамды координациялоо боюнча сектор.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) төмөнкү маселелер боюнча иштерди координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана талдоо:
- экономикалык, тышкы экономикалык, монополияга каршы (атаандаштыкты өнүктүрүүнү кошкондо), соода (ДСУ маселелеринен тышкары), инвестициялык (инвестициялык фонддордун маселелеринен тышкары), тарифтик эмес жана лицензиялык саясат (тармактык жөнгө салуу маселелеринен тышкары), ишкердикти жана эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу, банкроттук, техникалык жөнгө салуу жана метрология (тармактык жөнгө салуу маселелеринен тышкары), мамлекеттик материалдык резервдер чөйрөсүндөгү саясат (тармактык жөнгө салуу маселелеринен тышкары, концепция, программа жана стратегия);
- республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдорун түзүү, ошондой эле орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечектерге өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик комплекстүү программаларын, стратегияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын ичинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктары маселелери боюнча;
2) Өкмөттүн ишинин программасынын, экономикалык реформаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программалардын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
3) өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү жана жалпы координациялоо (тармактык жөнгө салуу маселелеринен тышкары).
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
5. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (салык жана бажы саясаты маселелеринен тышкары (бажы тарифтерин кошкондо), региондук саясат жана региондорду комплекстүү өнүктүрүү, жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иши, ЕАЭБ жана ДСУ маселелери боюнча ишти координациялоо);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, өнүктүрүүгө расмий жардам бөлүгүндө (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду (мамлекеттик үлүш катышкан банктарды капиталдаштыруу маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтун;
- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигин;
- эркин экономикалык зоналардын башкы дирекцияларын;
- башка мамлекеттик органдарды (өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча);
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү, макроэкономикалык талдоо жана божомол бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы;
- бизнес-ассоциациялар;
- өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн түзүмүнө салык жана бажы саясаты сектору кирет.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкү маселелер боюнча иштерди координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана талдоо эсептелет:
1) финансылык, акча-кредиттик, валюталык, салык жана бажы саясаты, салык жана бажы төлөмдөрү, финансылык тартипти камсыздоо, баалуу кагаздар рыногу, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, финансылык-кредиттик уюмдар, камсыздандыруу рыногу, финансылык отчет жана аудит системасы, төлөм жана банк системалары, ипотекалык кредиттөө;
2) бюджетти түзүү жана аткаруу, орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин болжолунун долбоорлорун иштеп чыгуу;
3) бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана бажы төлөмдөрүнүн, социалдык чегерүүлөрдүн жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн контролдоону камсыздоо.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
5. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча өнүктүрүүгө расмий жардам маселелеринен, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди товар түрүндө кредитке берүү маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (салык жана бажы саясаты бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын (укук коргоо ишинин маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду (мамлекеттик үлүш катышкан банктарды капиталдаштыруу бөлүгүндө);
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
- Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттиги (ДЕБРА);
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (финансы жана кредит статистикасы боюнча);
- коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын, анын ичинде мал чарба, балык өстүрүү жана өсүмдүк өстүрүү продукциясын өндүрүү, суу чарба, тамак-аш, алкоголдук жана кайра иштетүүчү өнөр жай, айыл чарба продукциясын сатып алуу, сатуу жана экспорттоо, айыл чарба продукциясынын жана аны кайра иштетүү продуктуларынын сапатын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, жер саясаты, мамлекеттик материалдык резервдер (азык-түлүк коопсуздугу маселелери бөлүгүндө) айлана-чөйрөнү коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо, токой чарбасы, мамлекетти туруктуу өнүктүрүү жана анын экологиялык коопсуздугу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштеши, кыймылсыз мүлк рыногун, Кыргыз Республикасындагы топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүү маселелери боюнча иштерди координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана талдоо саналат.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
4. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын техникалык жөнгө салуу бөлүгүндө);
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин (айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди товар түрүндө кредитке берүү маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигин (калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны (айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоону контролдоо жана көзөмөлдөө, ошондой эле жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун (өзгөчө кырдаалдар жана мобилизациялык резерв маселелеринен тышкары);
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
- "Айыл Банк" ачык акционердик коому, агроөнөр жай комплекси ишканаларынын базасында түзүлгөн акционердик корпорациялар жана коомдор, башка чарбакер субъекттер;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".
|
| 4-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн түзүмүнө жер казынасын пайдалануу сектору кирет.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкү маселелер боюнча иштерди координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана талдоо эсептелет:
1) отун-энергетикалык комплексин, өнөр жай, геология, тоо кен, тоо-металлургия тармактарын өнүктүрүү, өнөр жай жана энергетикалык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө;
2) тескөөчү тармактардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду даярдоо.
3. Куратордук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
5. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны (өнөр жай жана энергетикалык коопсуздук бөлүгүндө);
- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу чөйрөлөрүндө иш жүргүзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды, акционердик коомдорду жана башка чарбакер субъекттерди;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт.".
|
| 5-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Төмөнкүдөй маселелер боюнча ишти координациялоо, мониторингдөө жана талдоо бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп эсептелет:
1) транспорт тармагынын, коммуникациялардын, курулуш комплексинин, архитектуранын жана шаар куруунун, турак жай курулушунун инфраструктурасын, анын ичинде калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана сууну бөлүү системаларын өнүктүрүү, калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архив иши боюнча, ошондой эле суу ресурстары, архитектура жана курулуш, эмгекти коргоо, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) маселелери боюнча;
2) тейлеген тармактардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду даярдоо.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
4. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин жана ага караштуу бөлүмдөрдү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикти (калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана сууну бөлүү системалары боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны (айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоону контролдоо жана көзөмөлдөө, жерди пайдалануу жана коргоону контролдоо, өнөр жай жана энергетика коопсуздугу боюнча маселелерден тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин (калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган долбоорлор боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагындагы мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди;
- "Эйр Кыргызстан", "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомдорун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагындагы мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышта иштөөнү камсыздайт.".
|
| 6-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн курамына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу сектору;
2) региондук өнүктүрүү сектору.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча);
2) региондорду комплекстүү өнүктүрүү (тармактык жөнгө салуу маселелеринен тышкары);
3) Премьер-министрдин өлкөнүн региондору боюнча жумушчу сапарларын уюштуруучулук жактан камсыздоо;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жана муниципалдык кызмат чөйрөсүн өнүктүрүүгө концептуалдык мамилени иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо;
5) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны жакшыртуу;
6) жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү;
7) төмөнкүлөргө байланышкан маселелерди чечүү:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы түзүмдүк кайра уюштуруу;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка мамлекеттик жана борбордук органдардын штаттык санынын чегин белгилөө;
- мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү;
8) төмөнкүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын өркүндөтүү:
- мамлекеттик органдардын;
- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин;
- мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын.
5. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына таандык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) өлкөнүн региондорундагы коомдук-саясий кырдаалга жана региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
2) коомдук-саясий кырдаалды жеринде иликтөө, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу, ченемдик укуктук актыларды жеринде ишке ашыруу максатында кызматкерлердин региондорго дайыма баруусу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысы кызмат орундарына талапкерлерди тандоо жол-жобосу боюнча иштерди уюштуруу;
4) Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары - райондордун акимдери кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдүн, функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүүнүн оптималдуу системасын иштеп чыгуу;
6) мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өз убагында даярдоо жана уюштуруу боюнча ишин координациялоо жана контролдоо;
7) өлкөдө административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө концептуалдык мамилени иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоо;
8) республиканын административдик-аймактык түзүлүшүн иликтөө жана административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды түзүүнүн, бириктирүүнүн, кайра уюштуруунун же жоюунун, алардын чек арасын, ошондой эле аталышын белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө сунуштарды киргизүү.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
6. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын (өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (региондорду комплекстүү өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикти (мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү боюнча);
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен (мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматка кабыл алуу, алардан өтүү жана бошотуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринин кайрылууларын/арыздарын кароо боюнча);
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.".
|
| 7-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) белгиленген квалификациялык талаптарга жана кесиптик компетенцияларга ылайык Өкмөттүн Аппаратынын кадрдык курамын түзүү;
2) Өкмөттүн Аппаратынын кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү, алардын окуусу үчүн шарттарды түзүү;
3) төмөнкүлөрдүн ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрүү:
- Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин;
- Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн;
4) Өкмөттүн Аппаратынын кызматчылары тарабынан эмгек мыйзамдарын жана мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарды сактоо;
5) Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын мотивациялоо системасын өркүндөтүү;
6) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды белгиленген компетенциянын чегинде кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
7) мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерин түзүүгө көмөк көрсөтүү.
4. Бөлүм жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Өкмөттүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын бош турган административдик кызмат орундарына кадрларды тандоону уюштуруу (Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге);
2) кадрларды эсепке алууну уюштуруу, Өкмөттүн Аппаратында кадрдык маселелер боюнча иш кагаздарды жүргүзүү, анын ичинде "Адам ресурстарын эсепке алуу жана башкаруу" автоматташтырылган система аркылуу;
3) Өкмөттүн Аппаратынын ички кадрдык резервин түзүү жана жүргүзүү;
4) Өкмөттүн Аппаратынын кызматчыларын ротациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана схеманы ишке ашыруу;
5) Өкмөттүн Аппаратынын кызматчыларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
6) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн, штаттык санын, штаттык расписаниесин өзгөртүү боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду өзгөртүү тууралуу маселелерди координациялоо;
7) Өкмөттүн Аппаратынын кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча иштерди уюштуруу;
8) Өкмөттүн Аппарат жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде Өкмөттүн Аппаратында эмгек тартибинин сакталышын контролдоо;
9) өз компетенциясынын чегинде Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын мамлекеттик жарандык кызматта болуусуна байланышкан чектөөлөрдү сактоо боюнча иштерди уюштуруу;
10) өз компетенциясынын чегинде Өкмөттүн Аппаратында кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды ишке ашыруу, анын ичинде кызматчылар тарабынан өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды берүүнү уюштуруу;
11) Өкмөттүн Аппаратынын кызматчыларын мотивациялоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
12) тартиптик комиссиянын, этика боюнча комиссиянын, эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын, класстык чендерди ыйгаруу боюнча комиссиянын, мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын, Өкмөттүн Аппаратынын кадрдык маселелер боюнча башка комиссияларынын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
13) кадр маселелери (кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, тартиптик жоопкерчилик жазаларын көрүү, эмгек өргүүлөрү, командировкалар жөнүндө) боюнча, Премьер-министрдин номенклатурасына кирген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик жарандык кызматынын айрым административдик кызмат орундарына тиешелүү маселелерди кошо алганда бөлүмдүн компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
14) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын сунуштарынын негизинде тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча мамлекеттик заказды бекитүүнү уюштуруу;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча тиешелүү жылга бекитилген мамлекеттик заказдын ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүү;
16) Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын катчылыгынын функцияларын аткаруу;
17) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин оз ара аракеттенүүлөрүн баалоо боюнча ар жылдык конференциясын даярдоо жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитетин түзүү.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
5. Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен (мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, мамлекеттик жарандык кызматка кабыл алуу, андан өтүү жана бошотуу, анын ичинде Өкмөттүн Аппаратынын кызматчыларынын мамлекеттик жарандык кызматтан өтүү маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана Өкмөттүн карамагындагы административдик ведомстволордун кызматчыларынын кайрылууларын/арыздарын карап чыгуу боюнча);
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен (мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды, анын ичинде Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча);
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.
4) мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңеши менен.".
|
| 8-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, иш менен камсыз кылуу, миграция, бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары, пенсиялык камсыздоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, гендердик саясат, үй-бүлө жана турмуштук оор кырдаалдагы балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча иштерди координациялоо, мониторингдөө жана талдоо эсептелет.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
4. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргызстандын профсоюздар федерациясы менен (социалдык өнөктөштүк, эмгек мамилелери, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча);
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.".
|
| 9-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү (мындан ары - бөлүм) өз милдеттерине жана функцияларына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри жана анын орун басарларынын ишин камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пунктунда каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп билим берүү, анын ичинде баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү, илим. маданият, туризм, дүйнөлүк жана улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу, маданият жана искусство ишмерлеринин мааракелик иш-чараларын уюштуруу, жаштар саясаты, диний, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, этностор аралык мамилелер, дене тарбия жана спорт, интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча ишти координациялоо, мониторингдөө жана талдоо эсептелет.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
4. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигин (маалымат маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикти (этностор аралык маселелер боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын;
2) бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара байланышты камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия;
- ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду;
- Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитети;
- "Кыргызстан калкы Ассамблеясы" коомдук бирикмелердин ассоциациясы;
- Кыргызстандын профсоюздар федерациясы (балдардын жана окуучулардын жайкы эс алуусун жана ден соолугун чыңдоо маселелерин уюштуруу боюнча);
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".
|
| 10-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 10-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына таандык маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) коррупцияга каршы саясат сектору;
2) талдоо жана болжолдоо сектору.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ишин координациялоо боюнча Премьер-министрдин ишин камсыздоо;
2) коррупцияга каршы мамлекеттик комплекстүү программаларды жана пландарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо.
5. Бөлүм жогоруда аталган милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн компетенциясына таандык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалыматты жыйноо, талдоо жана ага мониторинг жүргүзүү, тиешелүү сунуштарды жетекчиликке киргизүү;
2) кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана көрүнүштөрдү болжолдоо;
3) бөлүм тейлеген мамлекеттик органдарда Премьер-министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди киргизүү;
4) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин тапшырмасы боюнча бөлүм тейлеген мамлекеттик органдарда Премьер-министрдин номенклатурасына кирген жетекчи кызмат орундарына талапкерлер менен маектешүүнү өткөрүү;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык сыйлоо, анын ичинде мамлекеттик сыйлыктар менен, ошондой эле аскер кызматчыларына, аскер кызматчысы статусуна ээ болгон адамдарга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине ардактуу наамдарды, жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Премьер-министрдин кароосуна киргизүү;
6) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коррупцияга каршы мамлекеттик комплекстүү программаларды жана пландарды ишке ашырууну контролдоо;
7) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кырдаалды талдоо, коррупциянын алдын алуу чараларын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) коррупцияга каршы эл аралык долбоорлорду (программаларды) жана коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
9) коррупцияга каршы окутуу боюнча комплекстүү мамилелерди жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдардын аларды жүзөгө ашыруу боюнча ишин координациялоо.
10) сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерди жана мыйзамдарды ишке киргизүү боюнча укук колдонуу практикасы тууралуу маалыматты чогултуу жана талдоо, ошондой эле сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү (жазык блогу), жетекчиликке тиешелүү сунуштарды киргизүү;
11) сот-укуктук реформаны (жазык блогу) ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
6. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетин;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын (укук коргоо ишинин маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финполиция);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун (өзгөчө кырдаалдар, мобилизациялык резерв маселелери боюнча);
2) бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар.".
|
| 11-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) жана анын орун басарларынын бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына тиешелүү маселелер боюнча ишин камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) кодификация сектору;
2) Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо боюнча сектор.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пунктунда каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси кабыл алуучу чечимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык келишин камсыздоо жана укуктук талдоо;
2) мыйзам долбоорлорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарынын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
3) кабыл алынган мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарын системага салуу жана кодификациялоо (актылардын кагаздагы нускаларын каттоого алуу жана контролдогу абалда кармоо);
4) Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо.
5. Бөлүм жогоруда аталган милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн компетенциясына таандык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине укуктук экспертиза жүргүзүү;
2) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык болбогон учурларда аларга бөлүмдүн корутундусун даярдоо;
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине бөлүмдүн компетенциясынын чегинде укуктук консультация берүү;
4) кабыл алынган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарын белгиленген тартипте системага салуу жана кодификациялоо (актылардын кагаздагы нускаларын каттоого алуу жана контролдогу абалда кармоо);
5) Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын функцияларын аткаруу.
6. Бөлүм башчысынын орун басары жана бөлүмдүн секторлорунун башчылары ченемдик укуктук актылардын жана Өкмөттүн Аппаратына келген, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтердин долбоорлоруна укуктук экспертиза жасашат.
7. Кодификация секторунун башчысы:
1) кабыл алынган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарын системага салуу жана кодификациялоо (актылардын кагаздагы нускаларын каттоого алуу жана контролдогу абалда кармоо) боюнча ишти белгиленген тартипте уюштурат;
2) Өкмөттүн жетекчилигин, Өкмөттүн Аппаратын жана түзүмдүк бөлүмдөрүн тейлеген маселелер боюнча маалымдама-маалыматтык тейлөөнү уюштурат.
8. Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун башчысы:
1) Адам укугу боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) катчысы болуп эсептелет;
2) Координациялык кеңештин жыйындарын, материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоону уюштурат.
9. Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун эксперти:
1) төмөнкүлөрдү даярдайт:
- Координациялык кеңештин жыйындарына материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун;
- Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбоорлорун;
2) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө Координациялык кеңештин болуучу жыйындарынын белгиленген күн тартибин, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жыйындын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө сунуштарын жиберет;
3) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйын өткөрүлүүчү жери, күнү жана убактысы, кароого белгиленип жаткан маселелердин болжолдуу тизмеси жөнүндө Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлүүчү күндөн 5 жумуш күн мурда кабарлайт;
4) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, башка юридикалык жактардан Координациялык кеңешке тапшырылган функцияларды аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте чогултуп алат.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
10. Бөлүм:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин тейлейт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара байланышта иштешет:
- Кыргыз Республикасынын Жогору соту менен;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борбору менен;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.".
|
| 12-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 12-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына таандык маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн курамына протокол сектору кирет.
3. Бөлүмдүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дипломатиялык рангдар ыйгарылышы мүмкүн.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
4. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пунктунда каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
5. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) тышкы саясат, эл аралык мамилелер, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрү боюнча Өкмөттүн ишин координациялоо;
2) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катышуусу менен болуучу тышкы саясий иш-чаралардын негизги жана уюштуруу-протоколдук бөлүктөрүн камсыздоо.
6. Жогоруда аталган милдеттердин алкагында бөлүм өзүнүн компетенциясына кирген төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жана алардын колдонулушун токтотуу маселелери боюнча эл аралык укуктук актылардын жана чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилерин дайындоого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин сунуштарына корутундуларды даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирге тышкы саясий иш-чараларды пландоо жана Премьер-министрдин дипломатиялык кат алышууларын ишке ашыруу;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык комиссияларынын жана кеңештеринин чет мамлекеттер менен болгон иштерин координациялоо;
5) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тышкы саясий жана тышкы экономикалык иштин милдеттерин ишке ашырууга, анын ичинен бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө гранттык жана гуманитардык жардам маселелерин кошкондо, чет мамлекеттер жана эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин чет өлкөлөргө өкмөттөр аралык деңгээлдеги визиттерине даярдануу жана аларды өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
7) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары, чет өлкөлүк саясий жана коомдук ишмерлер, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо;
8) эл аралык кызматташтык жана протокол маселелери боюнча Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ишин камсыздоо боюнча ишти жетектөө;
9) жогорку деңгээлдеги визиттерге даярдануу боюнча даярдоочу жана алдыңкы топторду Кыргыз Республикасында кабыл алууну уюштуруу, ошондой эле мындай топторду чет өлкөлөргө жиберүү жана алардын ишин координациялоо;
10) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик органдар жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бирге визиттердин программаларынын, ошондой эле визиттердин толук программаларынын схемаларын, тиешелүү иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгуу жана аларды аткаруу боюнча ишти координациялоо;
11) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларына катышуучулардын курамын макулдашуу, аларга жолугушуучу жер, убакыт жана анын мүнөзү жөнүндө кабарлоо, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдарга алардын компетенциясынын чегинде жолугушуулардын тиешелүү параметрлери тууралуу маалымдоо;
12) Кыргыз Республикасына жогорку деңгээлдеги визиттерди, ошондой эле Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин чет өлкөлөргө визиттерин протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыздоону контролдоо жана координациялоо.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
7. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иши боюнча);
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт.".
|
| 13-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 13-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүнүн катчылыгы (бөлүм укугунда) тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүн (мындан ары - Атайын өкүл) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) жетекчилигинин тапшырмасы менен Атайын өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мекемелеринде жана уюмдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын атынан чыгат.
2. Атайын өкүлдүн ишин Атайын өкүлдүн катчылыгы (бөлүм укугунда) камсыз кылат.
Атайын өкүлдүн катчылыгы өзүнүн ишинде Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 2-пунктунда аталган документтер менен бирге Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) негиз болуучу документтерин, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдерин (буйруктарын), ЕАЭБдин, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алкагында түзүлгөн, Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте кол коюлган макулдашууларды жана келишимдерди, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
2. Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Атайын өкүлдүн катчылыгы Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ЕАЭБдин алкагында кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөр процессин жол-жоболук камсыз кылуу;
2) ЕАЭБдин органдары, Евразия экономикалык комиссиясы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ДСУнун органдары жана ДСУнун катчылыгы менен өз ара аракеттенүү;
3) экономикалык, социалдык жана гуманитардык чөйрөлөрдө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарына киргизилүүчү документтердин жана чечимдердин (буйруктардын) долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо;
4) ДСУнун алкагында Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу боюнча иштерди координациялоо;
5) ДСУнун Макулдашууларын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо;
6) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн алкактык макулдашууларды, жол карталарын жана башка документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү.
5. Атайын өкүлдүн катчылыгынын кызматкерлери өзүнүн компетенциясына кирген милдеттердин алкагында:
1) ЕАЭБдин жана ДСУнун маселелери боюнча жол карталарынын, алкактык мүнөздөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратында жол-жоболук коштоону ишке ашырат;
2) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарына, ошондой эле ДСУнун министрлик конференцияларына, ЕАЭБдин жана ДСУнун алкагында өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышуу укугуна ээ.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
6. Атайын өкүлдүн Катчылыгы:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (ЕАЭБдин жана ДСУнун алкагында позицияларын иштеп чыгуу боюнча иштерди координациялоо, ошондой эле ЕАЭБге жана ДСУга мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү бөлүгүндө);
- башка мамлекеттик органдарды (ЕАЭБдин жана ДСУнун алкагында позицияларды иштеп чыгуу боюнча иштерди координациялоо, ошондой эле ЕАЭБге жана ДСУга мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү бөлүгүндө);
2) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.".
|
| 14-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 14-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына таандык маселелер боюнча камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-14-пунктунда каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өз алдынча милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өлкөнүн жарандарына жана эл аралык коомчулукка Өкмөттүн иши жөнүндө маалымдоо;
2) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланышын камсыздоо.
4. Милдеттерге ылайык бөлүм өзүнүн компетенциясына таандык болгон төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматты ЖМКга берүү, Өкмөттүн чечимдери менен кабыл алынган Өкмөттүн ишинин ар түрдүү маселелери боюнча калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштерин ЖМК аркылуу уюштуруу жана өткөрүү;
2) Өкмөттүн ишине байланышкан пресс-релиз, пресса үчүн билдирүү, маалыматтык материал, ошондой эле видео, фото жана аудиоматериалдарды даярдоо жана ЖМКга жайылтуу;
3) Өкмөттүн ишин калыс чагылдыруу максатында министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар) басма сөз кызматтары, ошондой эле башка маалыматтык кызматтар жана уюмдар менен координациялык иштерди жүргүзүү;
4) басма жана электрондук ЖМКларга мониторинг жана талдоо жүргүзүү, Өкмөттүн иши жөнүндө ЖМКнын позициясы тууралуу Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Өкмөттүн Аппарат жетекчисине ыкчам маалымат берүү;
5) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин расмий визиттерин, жумушчу иш-сапарларын, жолугушууларын, сүйлөөчү сөздөрүн, ошондой эле өлкөдө жана чет өлкөлөрдө алардын катышуусундагы башка иш-чараларды маалыматтык камсыздоону уюштуруу;
6) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин катышуусундагы иш-чараларды чагылдыруу үчүн ЖМКнын өкүлдөрүн аккредитациялоо;
7) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин катышуусундагы брифинг, пресс-конференция жана интервьюларды уюштуруу;
8) Өкмөттүн иши жөнүндө пресс-релиздерди даярдоо жана Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу жана жиберүү;
9) Өкмөттүн расмий сайтын коштоо, аны өркүндөтүү жана туруктуу маалыматтык камсыздоо;
10) массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
11) башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын басма сөз кызматтары менен байланыштарды өнүктүрүү.
5. Бөлүм башчысы Өкмөттүн карамагындагы төмөнкү ЖМКлардын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды Премьер-министрге киргизет:
- "Эркин Тоо", "Жеткинчек" гезиттеринин;
- "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүнүн;
- "Байчечекей" журналынын редакциясынын;
- Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын;
- "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын улуттук филиалынын (Россия Федерациясындагы акционерлер менен макулдашуу боюнча).
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
6. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигин (маалымат бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин ("Телекөрсөтүүнүн жана радиоберүүнүн радиорелелик магистралдары республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун маселелери жана Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүү бөлүгүндө);
- маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана учурдагы иштерди камсыздоочу мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды, ошондой эле Өкмөттүн карамагындагы ЖМКларды;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
- мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары;
- ЖМКлар;
- коомдук жана эл аралык уюмдар;
- маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана учурдагы иштерди камсыздоочу уюмдар (Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы, "Учкун" акционердик коому);
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".
|
| 15-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 15-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясы тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясы (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) жана анын орун басарларынын бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) жарандардын кайрылуулары сектору;
2) регламент жана Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо сектору;
3) иш кагаздарын жүргүзүү жана чечимдерди чыгаруу сектору;
4) лингвистикалык экспертиза сектору;
5) биринчи сектор;
6) чечимдери аткарууну контролдоо сектору.
3. Бөлүмдүн төмөнкүлөр үчүн колдонулуучу мөөрлөрү жана штамптары бар:
- мыйзамдарды, актыларды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларын, Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин буйруктарын жана тапшырмаларын, вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын, анын орун басарларынын тапшырмаларын (мындан ары - актылар, тапшырмалар) контролго коюу;
- Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын жана Өкмөттүн Аппаратынын дарегине келип түшкөн кат-кабарларды (жарандардын кайрылууларын кошо) каттоо;
- Өкмөттүн чечимдеринин, Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарынын, ошондой эле бөлүмдө сактоодо турган башка документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
4. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-14-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
5. Бөлүмдүн компетенциясына кирген өз алдынча милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) актылардын, тапшырмалардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдоо;
2) жарандардын кайрылууларын кароону камсыздоо;
3) министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар (мындан ары - мамлекеттик органдар) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Өкмөттүн буйруктарынын долбоорлорун Өкмөткө киргизүүдө Өкмөттүн регламентинин аткарылышын контролдоо;
4) Өкмөттүн жыйындарын, Премьер-министрде жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинде болгон аппараттык кеңешмелерди уюштуруучулук камсыздоо;
5) Өкмөттүн Аппаратынын ишин документтик камсыздоо, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын уюштуруу, бирдиктүү иш номенклатурасын иштеп чыгуу;
6) лингвистикалык экспертиза жүргүзүү, мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Өкмөттүн чечимдеринин, Премьер-министрдин буйруктарынын, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун редакциялоо;
7) Өкмөттүн Аппаратында жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана жашырындуулук режимин сактоо.
6. Бөлүм жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн өзүнүн компетенциясына таандык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) актыларды, тапшырмаларды контролго коюу;
2) контролго коюлган актыларды, тапшырмаларды эсепке алуу;
3) актылардын, тапшырмалардын электрондук маалымат базасын жүргүзүү;
4) документтерди Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен салыштырып текшерүү, актылардын, тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү;
5) актылардын, тапшырмалардын аяктап бараткан аткаруу мөөнөттөрү жөнүндө эстеткичтерди - ар жумалык маалым каттарды даярдоо жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жиберүү;
6) актыларды, тапшырмаларды жана жарандардын кайрылууларын аткарууда мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактар жана сунуштар менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө карата аткаруу тартибинин абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине киргизүү;
7) жарандардын кайрылууларын кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу жана кароо, анын ичинде электрондук почта боюнча, "kattar.kg" порталы жана түз телефон байланышы аркылуу;
8) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында (мындан ары - Коомдук кабылдама) жарандарды кабыл алууну уюштуруу жана жарандарга көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө мүмкүн болушунча көмөктөшүү, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берүү;
9) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин жарандарды жеке кабыл алуусун, анын ичинде онлайн режиминде видео-конференц-байланыш аркылуу уюштуруу;
10) жарандардын кайрылууларын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, компетенциясына кайрылууларда коюлган маселелерди чечүү кирген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна жиберүү;
11) Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштыруу, талдоо, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз убагында кароосун контролдоо;
12) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында актылардын, тапшырмалардын аткарылышы жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча иштин абалын текшерүүнү уюштуруу;
13) актыларды, тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында комиссия түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү жана жерине баруу менен жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди бөлүмдүн компетенциясынын чегинде чечүү;
14) бөлүмдүн карамагындагы тиешелүү документтерди түзүү жана архивге өткөрүп берүү;
15) ченемдик укуктук актылардын, Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын долбоорлорун Өкмөткө киргизүү бөлүгүндө Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Өкмөттүн Регламентинин талаптарынын сакталышын камсыздоо;
16) төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте кайтаруу:
- демилгечилерге Өкмөттүн Регламентин бузуу менен киргизилген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Өкмөттүн буйруктарынын долбоорлорун;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Өкмөттүн компетенциясына кирбеген Өкмөттүн чечимдеринин жана башка материалдардын долбоорлорун;
17) Өкмөттүн жыйындарын, Премьер-министрде жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинде болуучу аппараттык кеңешмелерди уюштурууну камсыздоо;
18) бөлүмгө берилген материалдарды жалпылоо жана Өкмөттүн жыйындарынын күн тартибинин долбоорун даярдоо;
19) Өкмөттүн жыйындарынын, Премьер-министрде жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинде болуучу аппараттык кеңешмелердин материалдарын түзүү, материалдарды белгиленген тартипте кызмат адамдарына өз убагында жиберүүнү камсыздоо;
20) Өкмөттүн боло турган жыйындары тууралуу кызмат адамдарына кабарлоо, Өкмөттүн жыйындарына катышууга белгиленген адамдардын келүүсүн камсыздоо жана каттоо;
21) Өкмөттүн жыйындарынын жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилиги тарабынан өткөрүлүүчү аппараттык кеңешмелердин протоколдорун даярдоо жана чыгаруу;
22) Өкмөттүн Аппаратынын иштелип бүткөн документтерин кабыл алуу, эсепке алуу жана сактоо, архивдик документтерди иштеп чыгуу жана мамлекеттик сактоого өткөрүп берүү;
23) келип түшкөн кат-кабарларды кабыл алуу, эсепке алуу, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна жиберүү;
24) келип түшкөн кат-кабарларды кабыл алуу, эсепке алуу, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жиберүү, чыгыш документтерин жөнөтүү;
25) документтер менен иштөөгө техникалык камсыздоону уюштуруу;
26) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн зарыл болгон бланктык продукциялар менен камсыздоо;
27) Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарын, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын каттоо, чыгаруу жана таратуу, жетекчиликтин тапшырмалары бар чыгыш кат-кабарларды жөнөтүү, кабыл алынган чечимдерди аткаруучуларга ыкчам билдирүү;
28) Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин чечимдеринин жана башка документтердин баштапкы материалдарын комплекттөөнү, аларды эсепке алууну, сакталышын камсыздоо, мамлекеттик архивге даярдоо жана тапшыруу;
29) мыйзамдардын, Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин актыларынын долбоорлорун лингвистикалык экспертизадан өткөрүү, ага төмөнкүлөр кирет:
- долбоорлордун текстинин азыркы мамлекеттик жана расмий тилдердин ченемдерине шайкештигин камсыздоо жана стилистикалык, логикалык, синтаксистик жана орфографиялык каталарды, ошондой эле терминдерди колдонуудагы каталарды четтетүү боюнча сунуштарды берүү;
- мамлекеттик жана расмий тилдердеги актылардын долбоорлорунун тексттерин аутенттүүлүгүнө жана ички макулдашылгандыгына салыштырма-редакциялык экспертиза жүргүзүү;
30) жашыруун иштердин жана документтердин аткаруучулары тарабынан мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө нускамалардын, милдеттенмелердин, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратында жашыруун документтер менен иштөө регламентинин талаптарынын аткарылышын контролдоо;
31) жашыруундуулук режиминин бузулушун эсепке алуу жана талдоо;
32) жашыруун маалыматтарды жана документтерди ачыкка чыгаруу жана жоготуу фактылары жана башка жашыруундук режиминин бузулуу фактылары боюнча кызматтык териштирүүлөргө катышуу;
33) иштерге жана документтерге өз убагында жашыруундук берүүнү, туура аныктоону жана жашыруундук даражасын (грифин) өзгөртүүнү контролдоо;
34) жашыруун документтерди жана кат-кабарларды кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, архивге тапшырууну, жиберүүнү жана жеткирүүнү камсыздоо;
35) Өкмөттүн Аппаратынын жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерине жашыруун документтер менен иштөөгө уруксат берүүчү материалдарды тариздөө;
36) Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин окутуу, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү.".
|
| 16-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 16-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) кызыкчылыктарын коргоону жана Жогорку Кеңеште Өкмөттүн конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Өкүлчүлүктү Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн туруктуу өкүлү (мындан ары - туруктуу өкүл) жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Туруктуу өкүлдүн бир орун басары бар, аны Премьер-министр туруктуу өкүл менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси) сунушу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
2. Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
3. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо каралган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген тиешелүү жалпы милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды эске алуу менен Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Жогорку Кеңеште Өкмөттүн кызыкчылыктарын көрсөтүү;
2) Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен натыйжалуу жана ыкчам аракеттенүүсүн камсыздоо.
4. Өкүлчүлүк жогоруда аталган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Жогорку Кеңештеги "өкмөттүк күнгө" жана "өкмөттүк саатка" материалдарды даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
2) Жогорку Кеңеште Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин жылдык отчетун уюштуруучулук коштоо;
3) Жогорку Кеңеште Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелеринин өтүшүнө контролду камсыздоо;
4) мамлекеттик органдар, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иш планын аткарышын контролдоо;
5) Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин пландоону жана Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте кароо үчүн Өкмөт тарабынан демилгеленген шашылыш мыйзам долбоорлорунун тизмесин түзүүнү координациялоо;
6) Премьер-министрди, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерин (мындан ары - вице-премьер-министрлер), Өкмөттүн Аппарат жетекчисин Жогорку Кеңештин иши, Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы жөнүндө маалымдоо;
7) мамлекеттик органдардын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Жогорку Кеңешке Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорун сурап алуу боюнча ишин координациялоо;
8) мамлекеттик органдардын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мыйзам демилгелөө субъекттери киргизген мыйзам долбоорлоруна Өкмөттүн корутундуларын өз убагында даярдоо боюнча ишин координациялоону камсыздоо;
9) мыйзам долбоорлорунун электрондук базасын түзүү жана абалын контролдоо;
10) Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине мониторинг жүргүзүү;
11) Жогорку Кеңештин жыйындарынын "Ар кандай" бөлүмүндө айтылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарын аткаруу боюнча тиешелүү ишти жүргүзүү;
12) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын келерки жылга республикалык бюджетинин долбоорун жана кийинки эки жылга болжолун, учурдагы жылдын республикалык бюджетин аткарууну Жогорку Кеңеште кароо процессин координациялоо;
13) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү даярдаган Жогорку Кеңештин депутаттык комитеттеринин, фракцияларынын суроо-талаптарына жана чечимдерине жооптордун долбоорлорун макулдашуу;
14) Жогорку Кеңештин Аппаратына Өкмөт мүчөлөрүнүн, Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган мамлекеттик органдардын башка кызмат адамдарынын келишин камсыздоого көмөктөшүү.
5. Туруктуу өкүл:
1) Өкүлчүлүктүн ишин жалпы жетектейт;
2) Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрдеги, вице-премьер-министрлердеги жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисиндеги кеңешмелерге катышат;
3) Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан документтерди жана тапшырмаларды аткарууну контролдойт;
4) Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер боюнча Өкмөттүн позициясын билдирип, Өкмөттүн атынан сүйлөйт;
5) Жогорку Кеңештин Төрагасы өткөргөн ар жумадагы координациялык кеңешмелерге катышат, Жогорку Кеңештин календардык жана учурдагы иш пландарын түзүүдө Өкмөттүн кызыкчылыктарын эске алууну камсыздайт;
6) Өкмөттүн атайын чечимисиз Жогорку Кеңештин жыйындарына, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышат;
7) Жогорку Кеңеште жана анын органдарында Өкмөт демилгелеген мыйзам долбоорлорун кароодо расмий өкүлдөрдүн (мыйзам долбоорлору боюнча баяндамачылардын) позициялары ар кандай болгон учурда Өкмөттүн расмий позициясын билдирет;
8) Жогорку Кеңештин жыйындарында, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн катышуусун контролдойт;
9) Жогорку Кеңештин Төрагасы, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин жетекчилери менен мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн расмий өкүлдөрүн, эгерде алардын келиши мүмкүн болбосо, убактылуу алмаштыруу жөнүндө маселени ыкчам тартипте макулдашат;
10) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чакырат жана Жогорку Кеңеш, анын фракциялары жана комитеттери, Өкмөт, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тапшырган Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн тиешелүү тапшырмаларды берүүгө укуктуу;
11) зарылдыгына жараша Өкмөт, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан каралуучу маселелерди даярдоого катышуу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин ишке тартат, Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча алардын маалыматтарын угат;
12) Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана алардын орун басарларын сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө (аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө маселеден тышкары) сунуштарды Премьер-министрге киргизет.
6. Туруктуу өкүлдүн орун басары:
1) Өкмөттүн атайын чечимисиз Жогорку Кеңештин жыйындарына, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышат;
2) Жогорку Кеңештеги "өкмөттүк күнгө" жана "өкмөттүк саатка" материалдарды даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;
3) Жогорку Кеңеште Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин ар жылдык отчетун уюштуруучулук коштойт;
4) Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткарууну координациялайт;
5) Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоорлоруна Өкмөттүн корутундуларынын долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдоо боюнча ишти координациялайт;
6) туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Өкүлчүлүктүн эксперттери:
1) Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын жана комитеттердин жыйындарына киргизилүүчү маселелер боюнча материалдарды изилдеп чыгышат;
2) Өкүлчүлүктүн жетекчилигине Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйындарына катышуу үчүн керектүү материалдарды өз убагында берүүнү камсыздашат;
3) Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине маалыматтык-аналитикалык материалдарды, отчетторду даярдашат жана киргизишет;
4) Өкмөт демилгелеген жана Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосунда турган мыйзам долбоорлорунун электрондук маалымат базасын түзүшөт жана контролдоп турушат;
5) Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоорлоруна Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Өкмөттүн корутундуларынын долбоорлорун даярдоого мониторинг жүргүзүшөт;
6) Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин пландоо жана планды аткаруунун жүрүшүн талдашат;
7) Жогорку Кеңештин жыйындарында каралуучу Жогорку Кеңештин токтомдорун аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты, "өкмөттүк күнгө" жана "өкмөттүк саатка" материалдарды даярдоо боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет;
8) Жогорку Кеңештин Аппаратына Өкмөт мүчөлөрүнүн, Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган аткаруу бийлигинин органдарынын башка кызмат адамдарынын келишин камсыздоого көмөктөшөт;
9) туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин жыйындарына катышат;
10) туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырышат.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
8. Өкүлчүлүк өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңеш, фракциялардын коалициясы, фракциялар, комитеттер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Жогорку Кеңештин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.".
|
| 17-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 17-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы (бөлүмдүн укугунда) тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү (мындан ары - Атайын өкүл) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Атайын өкүл өз ишинде Премьер-министрге жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү маселелерин координациялаган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине отчет берет.
2. Атайын өкүл:
1) Атайын өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) жетекчилигинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин мекемелеринде жана уюмдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын атынан чыгат.
2) Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен чектешкен Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана редемаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
3. Атайын өкүлдүн бир орун басары бар, аны Премьер-министр атайын өкүл менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси) сунушу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
4. Атайын өкүлдүн ишин Атайын өкүлдүн катчылыгы (бөлүмдүн укугунда) камсыздайт.
2. Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
5. Атайын өкүлдүн катчылыгы Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
6. Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына таандык болгон өзгөчө милдеттерге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана редемаркациялоо маселелери боюнча ишти координациялоо, мониторинг жана талдоо жүргүзүү, Атайын өкүлдүн компетенциясынын алкагында чектеш мамлекеттер менен чек аралык, суу, жер жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салуу кирет.
7. Атайын өкүлдүн катчылыгы жогоруда аталган милдеттерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана редемаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдеринин негизинде чек аралык, суу, жер жана мүлктүк маселелерди жөнгө салууда эксперттер катары катышуу;
2) чек ара маселелери боюнча маалымат чогултуу, сүйлөшүү процессинин өөрчүшүн талдоо жана божомолдоо;
3) чектеш мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Премьер-министрге маалымат берүү;
4) Премьер-министрдин тапшырмаларынын жана чечимдеринин негизинде аргументтердин комплексин аларды андан ары чектеш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдө пайдалануу максатында иштеп чыгуу;
5) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эл аралык макулдашуулардан жана келишимдерден келип чыгуучу милдеттерди мамлекеттик органдар тарабынан аткарууну контролдоо;
6) чектеш өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн эксперттик жана жумушчу топтордун ишин уюштуруу, координациялоо жана контролдоо;
7) транс чек аралык дарыялардын суу жана гидроэнергетикалык ресурстарын биргелешип пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоого катышуу;
8) суу-энергетикалык маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жана Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйындарын даярдоого жана өткөрүүгө катышуу;
9) катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерди жана макулдашууларды түзүү жөнүндө сунуштарды даярдоо.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
8. Атайын өкүлдүн катчылыгы төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана редемаркациялоо, чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек аранын режими жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, башка мамлекеттик органдар менен;
2) чек ара, суу, жер жана мүлктүк маселелер, ошондой эле чек аралык аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча башка мамлекеттик органдар менен;
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.".
|
| 18-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 18-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Бөлүм Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Бөлүмдүн компетенциясына таандык болгон өзгөчө милдеттерге төмөнкү маселелерди координациялоо, мониторингдөө жана талдоо кирет:
1) улуттук санариптик маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны (тармактар, маалымат иштетүү борборлору, булут технологиялары, маалымат алуу жана кызмат көрсөтүү борборлору, санариптик платформалар), анын ичинде электрондук башкаруу жана "электрондук Өкмөт" системасын өркүндөтүү жана модернизациялоо;
2) персоналдык компьютерлерди, интернетти жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын башка түрлөрүн колдонуу жаатында калктын санариптик көндүмдөрүн, компетенцияларын өнүктүрүү;
3) санариптик мамлекетти куруу чөйрөсүндө демилгелерди ишке ашыруу;
4) маалыматтарды генерациялоо, иштетүү, сактоо, өткөрүп берүүнүн жаңы ыкмаларына, ошондой эле санариптик компьютердик технологияларга негизделген санариптик экономиканы өнүктүрүү.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
4. Бөлүм:
1) төмөнкүлөрдү тейлет:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин ("Телекөрсөтүүнүн жана радиоберүүнүн радиореле магистралдары республикалык өндүрүштүк бирикме" ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүү маселелеринен тышкары);
- башка мамлекеттик органдарды (санариптик трансформациялоо маселелери боюнча);
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет.".
|
| 19-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 19-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын талдоо жана стратегиялык пландоо тобу тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын талдоо жана стратегиялык пландоо тобу (мындан ары - топ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча ишин камсыздоочу Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Топтун компетенциясына кирген милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар
2. Топ Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун 6-13-пункттарында каралган милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Топтун компетенциясына кирген өзгөчө милдеттер төмөнкүдөй болуп саналат:
1) Өкмөттүн стратегиялык документтеринде жана Премьер-министрдин пландарында каралган артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашыруу потенциалын күчөтүү;
2) бекитилген стратегиялык документтердин, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин иш пландарынын алкагында Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан аныкталган кыйла артыкчылыктуу айрым иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу.
4. Жогоруда аталган милдеттерди чечүү үчүн топ төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) стратегиялык документтердин, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин иш пландарынын алкагындагы артыкчылыктуу айрым иш-чараларды жүзөгө ашырууга мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
2) стратегиялык документтердин, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин иш пландарынын алкагындагы артыкчылыктуу айрым иш-чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун баалоо жана тобокелдерин аныктоо, аныкталган тобокелдерди азайтуу, натыйжалуу ишке ашыруунун көйгөйлөрүн чечүү, коюлган милдеттерди, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин иш-пландарын түзөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) Өкмөттүн жана Премьер-министрдин артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашыруу боюнча стратегиялык документтердин жана пландардын долбоорлорун даярдоо;
4) артыкчылыктуу милдеттерди жана Өкмөтүнүн иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча Премьер-министрге жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине маалыматты туруктуу негизде берип туруу;
5) топтун компетенциясы менен байланышкан Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу;
6) зарыл болгон учурда топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына методологиялык жана консультациялык жардам берүү.
5. Топ өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешмелерди өткөрүүгө укуктуу.
3. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
6. Топ өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт.".