Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 4-майы № 119-б
Борбордук Азия - Туштук Азия электр энергиясыи беруу жана сатуу долбоору (CASA-1000) боюнча каржылоо жөнундө күчүнө кирген макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 514- б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 4-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- зайымдык каражаттардын өздөштүрүлбөгөн бөлүгүнүн калдыгына эсептелүүчү резервдөө үчүн комиссиялардын максималдуу пайызы жылына - 0,5 пайыз, ал Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан эсептелген жана алынган шартта төлөнүүгө тийиш;”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
1) ушул буйрук күчүнө кирген күнгө карата “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен 2016-жылдын 28-декабрындагы № 19-05/78 түзүлгөн карыздык милдеттенмелер боюнча милдеттенмелер жана айыптык санкциялар үчүн комиссиянын чегерилген, бирок төлөнбөгөн суммалары 2036-жылдын 15-августунда төлөнүүго тийиш экендигин белгилесин;
2) “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик
коому менен 2016-жылдын 28-декабрындагы № 19-05/78 түзүлгөн карыздык милдеттенмеге тиешелүү өзгөртүү жана толуктоо киргизсин.
3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Ксңешине макулдашууга жиберилсин.
4. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылгандан кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүмө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А. Марипов |