Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-ноябры № 514-б
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо кѳрсөтүү жана Бишкек шаарында 2015- жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2016- жылдын 15-июлундагы № 115 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүу ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия -Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору), Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 113 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндѳ макулдашууну (Борбордук Азия - Туштук Азия электр энергиясын берүү), ошондой эле Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 114 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Борбордук Азия -Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) кыргыз бөлүгү) ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун мамлекеттик зайымдык каражаттары боюнча, мурда эсептелген, бирок ушул буйрукка кол коюлган датага карата төлөнбөгөн негизги сумманы, пайыздарды жана финансылык санкцияларды капиталдаштыруу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысынын негизинде ушул буйрукка кол коюлган датага карата болгон, мөөнөтү өткөн карызын кайра түзүмдөштүрсүн;
2) «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун мамлекеттик зайымдык каражаттары боюнча, негизги сумманы жана пайыздарды капиталдаштыруу жолу менен ѳз ара эсептешγγлѳрдγ салыштырып текшерγγ актысынын негизинде 2016-жылдын графиктерине ылайык жоюлууга тийиш болгон карыздарын кайра тγзγмдѳштγрсγн;
3) капиталдаштырылган суммаларды карыздык милдеттенмелер түрүндө төмөнкү шарттарда тариздесин:
- карызды жоюу мөөнөтү - пайыз кошуп эсептебестен 2033-жылдын 15-январынан баштап 2037-жылдын 15-декабрына чейин ай сайын бирдей төлөмдөр менен;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү кечиктирилген карыздын суммасынан жылына 6 пайыз;
4) «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна «CASA-1000» долбоорун каржылоо үчүн төмөнкү эл аралык финансылык өнүктүрүү институттары берген финансы каражаттарынын эсебинен кредиттик каражаттарды берсин:
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 45,0 (кырк беш) миллион АКШ доллары суммасында, төмөнкү шарттарда:
- жоюу мөөнөтү 30 жыл, мында кредиттин негизги суммасын жоюуга 9 жылдык жеңилдетилген мезгил берүү менен;
- иш жүзүндө өздөштүрүлгөн каражаттын суммасына кошуп эсептелүүчү зайымдык каражаттарды пайдалануу үчүн пайыздык ставка жылына -1,5 пайыз;
- зайымдык каражаттардын өздөштүрүлбөгөн бөлүгүнѳ пайыздык ставка жылына - 0,5 пайыз;
- күрөөлүк камсыздоосуз;
- жоюунун мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу - 15-февралда жана 15-августта;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү кечиктирилген карыздын суммасынан жылына 3,0 пайыз;
Европа инвестициялык банкынын кредиттик шарттарына ылайык ар бир траншты алууда Европа инвестициялык банкынан 70,0 (жетимиш) миллион евро суммасында;
Ислам өнүктүрүү банкынан 50,0 (элүү) миллион АКШ доллары суммасында, төмөнкү шарттарда:
- жоюу меөнөтү 25 жыл, мында кредиттин негизги суммасын жоюуга 7 жылдык жеңилдетилген мезгил берүү менен;
- иш жүзүндө өздөштүрүлгѳн каражаттын суммасына кошуп эсептелүүчү зайымдык каражаттарды пайдалануу үчүн пайыздык ставка жылына - 1,5 пайыз;
- күрөөлүк камсыздоосуз;
- жоюунун мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу - 15-июнда жана 5-декабрда;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү кечиктирилген карыздын суммасынан жылына 3,0 пайыз;
5) ушул пункттун 4-пунктчасында каралган шарттарга ылайык «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен карыздык милдеттенмелерди белгиленген тартипте тариздесин.
2. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсѳтүлгөн зайымдык каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу, ошондой эле карыздык милдеттенмелердин шарттарына ылайык кайтарууну камсыздоо сунушталсын.
3. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик зайымдык каражаттарды «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому тарабынан максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздоо сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бѳлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |