Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 20-апрели № 102-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 21-сентябрындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржылансын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
| ||
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин курамы:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри:
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан калкынын ассамблеясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).