Редакцияот 15.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

БУЙРУК

2021-жылдын 15-июну № 39-б

Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У. А. Марипов

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Купешев Болотбек Душекович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, расмий делегациянын башчысы;

Байгончоков Мирлан Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;

Токтошев Эмиль Токтакунович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Молдобекова Гулкан Сакиновна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Акжолов Нурбек

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги.