Редакцияот 26.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2021-жылдын 26-апрели № 474

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси Жакиев Бексултандын сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Сөөк коюуну уюштуруу боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- жарандык коштошуу ырасымын өткөрүү күнү - 2021-жылдын 26-апрелинде саат 11.00дө А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;

- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автоколоннанын коопсуз жүрүүсүн камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жарандык коштошуу ырасымын өткөрүү учурунда Ардактуу күзөттүн жана үйлөмө аспаптар оркестринин катышуусун камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандык коштошуу ырасымын өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиялык талаптарды камсыз кылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

- сөөк коюлуучу жерге жеткирүү үчүн катышуучуларды ташууга транспорт берсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана уюштуруу комитетинин атынан гүлчамбар сатып алсын;

- жарандык коштошуу ырасымын өткөрүүдө үн күчөткүч техникасы менен камсыз кылсын.

7. Бексултан Жакиевдин үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 150000 (жүз элүү миң) сом бөлүнсүн

 

Премьер-министр

У.А.Марипов

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси Жакиев Бексултандын сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

Марипов Улукбек Асамидинович

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Бакиров Жетиген Жокинович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Иманалиев Кайрат Олжобаевич

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Ниязбеков Улан Омоканович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович

-

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

Омуралиев Таалайбек Барыктабасович

-

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу;

Кудайбергенов Бактыбек Жапарович

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алиев Бактияр Жеңишбекович

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Мамытов Миталип Мамытович

-

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);

Садык Шер-Нияз

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (макулдашуу боюнча);

Байджиев Мар Ташимович

-

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);

Чынгышев Турсунбек Чынгышевич

-

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери, "Ысык-Көл" коомдук фондусунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).