Редакцияот 25.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 25-июну № 66-т

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Өндүрүштүк кооперация жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Төрага

У.А.Марипов

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Өндүрүштүк кооперация жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Түркмөнстан Өкмөтү,

экономикалык, өнөр жай, илимий-техникалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерди туруктуу жана узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүүнүн маанилүү жана зарыл элементи экендигин көңүлгө алып,

алардын мамлекеттеринин өндүрүштүк жана илимий-техникалык потенциалынын ортосундагы түзүлгөн технологиялык өз ара байланыштарды эске алып,

рынок мамилелеринин негизинде ишкердик байланыштарды чыңдоодо Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттеринин түздөн-түз өндүрүштүк өз ара аракеттенүүлөрүнүн чечүүчү ролун таанып,

ишканалар менен тармактардын ортосундагы өндүрүштүк кооперацияны колдоо жана өз ара пайдалуу өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга умтулуп,

эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн жетишилген деңгээлине таянып,

туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, өз жарандарынын жашоо сапатын жогорулатуу, жумуш менен камсыз кылууну кеңейтүү, материалдык жана адамдык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо максаттарын жетекчиликке алып,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене.

Тараптар түздөн-түз өндүрүштүк байланыштардын негизинде менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, тармактык жана тармактар аралык комплекстердин кооперациясын жүзөгө ашырууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

2-берене.

Тараптар өндүрүштүн эл аралык адистешүүсүн жана кооперациясын өнүктүрүү, аларды ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу, өнөр-жай тармактарындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү максатында зарыл чараларды көрөт.

3-берене.

Тараптар төмөнкүдөй макулдашты:

товарларды кооперация боюнча жеткирүү деп технологиялык өз ара байланышта болгон жана соңку продукцияны биргелешип өндүрүү үчүн зарыл болгон чийки заттарды, материалдарды, түйүндөрдү, деталдарды, запастык бөлүктөрдү, даярдыктарды, жарым фабрикаттарды, комплекттөөчүлөрдү жана тармактык жана тармактар аралык арналыштагы башка буюмдарды жеткирүү түшүнүлөт;

кызмат көрсөтүү деп долбоорлоо, оңдоо иштери, техникалык тейлөө жана технологиялык операциялар түшүнүлөт;

товарларды кайра иштетүүнүн бажы режимдеринин алкагындагы жеткирүүлөр деп Тараптардын мамлекеттеринин бажы мыйзамдарында белгиленген шарттарга ылайык товарларды жеткирүү деп түшүнүлөт.

4-берене.

Тараптар өндүрүштүк кооперациянын жана түз байланыштардын негизги формасы деп тиешелүү тармактык жана тармактар аралык макулдашуулардын негизинде чарбалык иштин субъекттери түзгөн келишимдерди (контракттарды) эсептешет.

5-берене.

Тараптар төмөнкү тармактарда өндүрүштүк кооперация жөнүндө макулдашууларды түзүүнү артыкчылыктуу деп эсептешет:

отун-энергетикалык комплекси;

металлургия, химия, нефтехимия өнөр жайы;

машина куру өнөр жайы;

транспорт жана байланыш;

медициналык өнөр жай;

айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы;

жеңил өнөр жай;

илимий жана долбоорлоо-изилдөө иштери;

жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо.

6-берене.

Өндүрүштүк кооперация жөнүндө тармактык жана тармактар аралык макулдашууларда кооперацияга катышкан жана продукцияны өндүрүүнүн (кызмат көрсөтүүнүн) адистешүүсүн сактап калган ишканалардын жана уюмдардын тизмелери, ошондой эле кооперацияланган продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүнүн номенклатурасы жана көлөмү аныкталат.

7-берене.

Тараптардын мамлекеттеринин бажы чек аралары аркылуу продукцияны бажылык тариздөө жана өткөрүү үчүн негиз болуп ушул Макулдашуунун 4-беренесинде каралган келишимдер (контракттар) эсептелет.

Өндүрүштүк кооперациянын алкагында жеткирилген продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) декларациялоо жана эсепке алуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Тараптардын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

8-берене.

Кооперация боюнча иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн продукцияны жеткирүү Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

9-берене.

Өндүрүштүк кооперациянын алкагында жеткирилген чийки заттар, материалдар жана комплектөөчү буюмдар аймагынан өндүрүштүк кооперациянын алкагында чийки заттар, материалдар жана комплектөөчү буюмдар жеткирилген Тараптардын ыйгарым укуктуу органынын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү өлкөлөргө кайра экспорттолбойт.

10-берене.

Тараптар маселелерди биргелешип изилдөөнү уюштуруп, аларды төмөнкү жолдор менен чечүүнү кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго тапшырышат:

маркетинг, лизингдик изилдөө жүргүзүү жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, кызмат көрсөтүү;

Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштөрдү издөөгө, келишимдерди (контракттарды) даярдоого, түзүүгө жана аткарууга көмөк көрсөтүүнү камсыз кылган заманбап коммуникацияларды өнүктүрүү;

адистерди даярдоо боюнча биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу.

11-берене.

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

12-берене.

Ушул Макулдашууну чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

13-берене.

Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду ар бир Тараптар аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү соңку кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап ушул Макулдашуу күчүнө кирет.

Макулдашууну колдонууну токтотууга ниеттенгендиги жөнүндө экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү кабарлоосун Тарап алган күндөн тартып алты (6) ай өткөндөн кийин Макулдашууну колдонуу токтотулат.

 

Ашхабад шаарында 2021-жылдын "___" ___________ эки нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөнүн максаттары үчүн орус тилиндеги текст колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Түркмөнстан Өкмөтү үчүн

____________________________________

 

____________________________________