Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 2-июлу ПТ № 110
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиркемеге ылайык берилген тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилсин.
4. Бул тескеме жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 6-июлундагы № 77 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 23-июнундагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча ТАПШЫРМАЛАР
№ | Тапшырманын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
1 | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн, анын алкагында мамлекеттик резервдерди натыйжалуу колдонуу менен тармактык министрликтер тарабынан ишкерлер менен биргеликте бештен кем эмес МЖӨ долбоору даярдалып, ишке ашырылышы камсыз кылынсын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ИМ (жооптуу), ЭФМ, АСЧАӨМ, СӨМ, ТКМ, БИМ, ССӨМ, ММСЖСМ, ЭӨМ, ЭКМК |
2 | Бизнес тарабынан иштелип чыккан "БАРС" программасынын ("Өлкөнү өнүктүрүунүн бизнес алгоритми") жана Ишкердик кодексинин долбоорлору каралсын жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштар берилсин | 2021-жылдын 15-июлуна чейин | ЭФМ (жооптуу), ИМ |
3 | Мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн кыскартуу жана жагымдуу, адилеттүү шарттарды түзүү боюнча ишкердикти колдоо программасы иштелип чыксын | 2021-жылдын 1-сентябрына чейин | ЭФМ |
4 | Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча иштин алкагында бардык укуктук актылардагы ишкерлердин ишине тоскоолдук кылган карама-каршылыктар жоюлсун | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЮМ (жооптуу), ЭФМ, МИ |
5 | Көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган иш-чаралар планы иштелип чыксын жана жүзөгө ашырылсын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ |
6 | Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча механизм иштелип чыксын жана ишке киргизилсин. Инвесторлорду тартуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлсүн | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ИМ (жооптуу), Башпрокуратура, ТИМ, ЭФМ |
7 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо боюнча атайын кеңеши түзүлсүн | 2021-жылдын 1-сентябрына чейин | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
8 | "Экономикалык кылмыштар боюнча бирдиктүү тергөө органы" принцибин киргизүү боюнча сунуштар даярдалсын | 2021-жылдын 30-июлуна чейин | Башпрокуратура |
9 | Иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин алкагында Экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу каралсын | 2021-жылдын 30-июлуна чейин | Башпрокуратура |
10 | Мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү жоюу, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле ишкерлерге тоскоолдуктарды жараткан мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү механизми иштелип чыксын жана ишке киргизилсин | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ (жооптуу), Башпрокуратура, министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
11 | Ишкерлерге уруксат берүү документтерин алуунун жол-жоболорун жеңилдетүү, уруксат кагаздарын, маалымдама берүү жана кароо мөөнөтү 50 пайызга кыскарсын, ал үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилсин | 2021-жылдын 1-сентябрына чейин | ЭФМ (жооптуу), министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
12 | Кыргыз Республикасында ак ниет бизнес жүргүзгөн ишкерлер жана аларды мамлекет тарабынан колдоого алуу жөнүндө, бизнес жүргүзүүнүн жана бизнес долбоорлорун даярдоонун жол-жоболору тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылсын | Туруктуу негизде | ММСЖСМ (жооптуу) ИМ, ЭФМ, АСЧАӨМ, СӨМ, ТКМ, БИМ, ССӨМ, ММСЖСМ, ЭӨМ, ЭКМК |
13 | Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү үчүн кыска мөөнөттүн ичинде тарифтик баа коюлсун, өндүрүлгөн электроэнергияны сатып алууга кепилдик берилип, чакан ГЭСтердин ээлери менен тийиштүү келишимдерге кол коюлсун | 2021-жылдын 15-декабрына чейин, анын ичинде кол коюуга даяр чакан ГЭСтер боюнча 2021-жылдын 26-июнуна чейин | ЭӨМ (жооптуу), ИМ |
14 | Чакан ГЭСтерди куруу боюнча ишкерлер тарабынан даярдалган бештен кем эмес долбоорлор ишке ашырылсын, жерлерди трансформациялоо, жеңилдетилген кредиттерди берүү, уруксат кагаздарын алуу, келишимдерди түзүү маселелери тездик менен чечилсин | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭӨМ (жооптуу), министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
15 | Ар бир облуста бештен кем эмес токтоп турган ишканалардын иши жандандырылсын, ишкерлер үчүн бештен кем эмес инфраструктура, суу, электр энергия, жерлердин трансформациясы жана башка административдик маселелери чечилген өнөр жай, агроөнөр жай парктары, тармактык кластерлер, бирден кем эмес , консультациялык борборлор түзүлсүн | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | АСЧАӨМ (жооптуу), министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
16 | Кошумча жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча ишкерлердин демилгелери колдоого алынсын, алардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган маселелер тездик менен чечилсин, аларга дем берүү боюнча механизмдер ишке ашырылсын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ (жооптуу), министрликтер жана ведомстволор, КРнын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
17 | Жерлерди трансформациялоонун жол-жоболору жеңилдетилсин, трансформация болгондон кийин 2 жыл аралыгында жер максатсыз пайдаланылган учурда же такыр пайдаланылбаган учурда, трансформация боюнча чечим автоматтык түрдө жокко чыгарылып жердин баштапкы категориясына өткөрүү камсыздалсын, ал үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилсин | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | АСЧАӨМ |
18 | Суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртуу боюнча механизмдер ишке киргизилсин | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | АСЧАӨМ |
19 | Туризм үчүн жайыттарды колдонуу мөөнөтүн 5 жылдан 20 жылга чейин көбөйтүү маселеси каралсын (экологиялык стандарттарды эске алуу менен), ал үчүн тийиштүү укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилсин | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | АСЧАӨМ |
20 | Туризм тармагы боюнча ар бир облуста бештен кем эмес долбоор ишке ашырылсын, туризм тармагындагы объектилер, жаратылыш аймактары жөнүндө маалымат массалык маалымат каражаттары аркылуу чет өлкөлөрдө жана өлкөнүн ичинде жайылтылсын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ (жооптуу), ТИМ, министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
21 | Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты толугу менен кайрадан карап чыгып, аны жакшыртуу боюнча сунуш киргизилсин | 2021-жылдын 30-июлуна чейин | ЭФМ |
22 | Коронавирус пандемиясы учурунда туризм максатына колдонулуучу кыймылсыз мүлккө салыктын өлчөмүн азайтуу маселеси каралсын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ |
23 | Ишкерлерге финансылык колдоо (жеңилдетилген кредиттер) көрсөтүшсүн | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ (жооптуу), Россия- Кыргыз Өнүгүү фонду, "Кепилдик фонду" ААК, "Айыл банк" ААК, "РСК банк" ААК |
24 | Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга үчүнчү мамлекеттерден импорттолуучу сырьелорго жана материалдарга Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине (2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130) ылайык бажы алымдарынан бошотуу мүмкүнчүлүгү толугу менен колдонулсун, ал үчүн тийиштүү укуктук ченемдик актыларга тез арада өзгөртүүлөр киргизилсин | 2021-жылдын 30-июлуна чейин | ЭФМ |
25 | Товар экспорттоочу ата мекендик өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгын (КНС) кайтаруу жана салыктын ордун толтуруу механизми жакшыртылсын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ |
26 | Ата мекендик өндүрүүчү ишканаларды коргоо боюнча соода инструменттери (тарифтик, тарифтик эмес, техникалык жөнгө салуу, ички рынокту коргоо) жакшыртылсын, анын ичинде товардын экспортуна убактылуу чектөө киргизүүнүн мөөнөтүн узартуу боюнча механизм ишке киргизилсин | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ |
27 | Банкрот ишканаларын, анын ичинде банкрот болгон "Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы" ААКны сатуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүргүзүлсүн |
| ЭФМ (жооптуу), ИМ |
28 | Экспорттоочу ишкерлердин маселелерин анализдеп, аларды чечүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн | Туруктуу негизде | ЭФМ (жооптуу), ТИМ, ИМ, министрликтер жана ведомстволор |
29 | Өлкөнүн транспорттук-логистикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча жол картасы иштелип чыксын жана жүзөгө ашырылсын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ТКМ (жооптуу), ТИМ, ЭФМ, ИМ |
30 | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы кардиналдуу түрдө реформалансын чейин | 2021-жылдын 15-декабрына | ИМ (жооптуу), ЭФМ |
31 | Товарларды импорттоодо салык жана бажы төлөмдөрүнөн качууга жана алардын ички рынокто колдонулушуна жол берилбесин, мындай аракеттерди аныктоо боюнча механизмдер ишке киргизилсин, ага катыштыгы бар мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, ишкерлерге карата катаал чараларды көрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн | Туруктуу негизде | ЭФМ (жооптуу), УКМК, Башпрокуратура |
32 | Эркин экономикалык аймактардын иштөө концепциясы кайрадан каралып чыксын | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ИМ (жооптуу), ЭФМ |
33 | Жаңы соода-логистикалык борборлор түзүлсүн, аларга жана иштеп жаткан борборлорго колдоо көрсөтүлсүн, алардын маселелерин чечүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ (жооптуу), министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
34 | Кыргызстанда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлсүн | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ССӨМ (жооптуу), ЭӨМ, ИМ, ЭФМ |
35 | Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Баймак" контролдук-өткөрмө пунктун ачуу боюнча иштер жүргүзүлсүн | 2021-жылдын 15-декабрына чейин | ЭФМ (жооптуу), УКМК, ТИМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИМ | - | Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги |
ЭФМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги |
АСЧАӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ЭӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
ЭКМК | - | Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы |
Башпрокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |