КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 12-июлу № 90-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорт системасын жакшыртуу" долбоорун каржылоо маселеси боюнча 2021-жылдын июлунда өтө турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Бишкек шаарынын вице-мэрине (макулдашуу боюнча) жогоруда аталган сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага | У.А.Марипов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорт системасын жакшыртуу" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Сазыкулов Максатбек Шекербекович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри, расмий делегациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Асанов Уланбек Жалалович | - | Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин орун басары; |
Акылбеков Русланбек Акылбекович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Джитишикова Гульмира Аскарбековна | - | Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын транспорт бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Аманбаев Үмүтжан Моминович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги; |
Усувалиев Мират Эмильевич | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестиция департаментинин директору (макулдашуу боюнча); |
Ункуев Эмиль Асанбекович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Арыкбаев Куанычбек Байызбекович | - | "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын начальниги (макулдашуу боюнча). |