Редакцияот 28.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 28-июлу № 259

1. Кыргыз Рсспубликасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын III кварталындагы жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери бир жумалык мөөнөттө Тизмеге ылайык маселелерди даярдоонун кадамдык пландарын иштеп чыгып, бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сапаттуу жана өз убагында киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү Тизмеге ылайык маселелерди даярдоого туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турушсун.

5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тиешелүү орун басарларына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.А. Марипов

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын III кварталындагы жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмеси

 

№

Маселенин аталышы

Маселени/ аналитикалык маалыматты даярдоо үчүн жооптуу органдын аталышы

Баяндамачы

Маселелерди өз убагында даярдоону контролдоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Администрациясынын бөлүмдөрү

2021-жылдын 30-июлу

1.

Кыргыз Республикасын 2021-жылдын январь-июнунда социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары

Экономика жана финансы болуму

2021-жылдын 27-августу

1.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы 2021/2022-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим мииистри

Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмү

2.

Баткен облусунун өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл. суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги

Кыргыз Республикасынын айыл. суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри

Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү

2021-жылдын 24-сентябры

1.

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору

Курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмү

2.

"Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары -экономика жана финансы министри

Экономика жана финансы бөлүмү

3.

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри

Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү

4.

Кыргыз Рсспубликасында майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын ченемдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри

Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмү