Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-августу № 150
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 523 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын социалдык кепилдиктерин камсыздоо, ошондой эле аларга кошумча дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 523 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы - сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“- Ички аскерлердин аскер кызматчыларына (мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан тышкары) пенсияны дайындоо жана кызмат өтөгөн жылдарына пайыздык үстөктү эсептөө үчүн:
бир ай кызмат өтөө бир жарым ай катары эсептелет;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде жана бөлүкчөлөрдө кызмат өтөгөндөр үчүн бир ай кызмат өтөө эки ай катары эсептелет.”.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Марипов |