Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-ноябры № 523
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамынан бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички аскерлер түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясына мурда өткөрүлүп берилген, Ички аскерлердин тиешелүү штаттарын, документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясын кайра уюштурууга байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча комиссия ушул токтомдун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө бөлүштүрүүчү балансты киргизишсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бөлүштүрүүчү баланс бекитилгенден кийин Ички аскерлерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон штаттык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары тийиштүү ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине ыкчам баш ийүүгө өтөт;
- Ички аскерлерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон штаттык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары ушул токтомдо каралган иш-чаралар бүткөнгө чейин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарууну улантат;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине которулуу тартибинде кызматка кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында кызмат өтөө учурунда эсептелген компенсацияларын жана жөлөкпулдарын эсептөө үчүн эсептик мезгилдер, негизги жана кошумча өргүүлөрдү берүүнүн мезгилдери жана мөөнөттөрү сакталат;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине которулуу тартибинде кызматка кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчыларын турак жай жана социалдык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларына ылайык ишке ашырылат.
- Ички аскерлердин аскер кызматчыларына (мөөнөтүү аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан тышкары) пенсияны дайындоо жана кызмат өтөгөн жылдарына пайыздык үстөтү эсептөө үчүн:
бир ай кызмат өтөө эки ай катары эсептелет;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде жана бөлүкчөлөрдө кызмат өтөгөндөр үчүн бир ай кызмат өтөө эки ай катары эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин күтүү үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте киргизишсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясын кайра уюштуруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; |
Араев Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Дуйшеналиев Нурбек Макибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Туманов Токтогул Туманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Карасартов Алмазбек Оганович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы (макулдашуу боюнча); |
Карагулов Нурбек Бейшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын коопсуздук жана коргонуу боюнча секторунун инспектору (макулдашуу боюнча); |
Аманалиев Болот Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин өздүк курам менен иштөө боюнча башчысынын орун басары; |
Курманбаев Нурбек Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Катчылыгынын башчысынын орун басары; |
Карачалов Мирлан Кенешбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы; |
Асаналиев Сапарбек Тилекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы; |
Жапаров Рахатбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы; |
Солтонгельдиев Эммирбек Самидинович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы; |
Курманалиев Бекжан Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары; |
Исаев Талантбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысы; |
Метеров Нурдин Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медицина башкармалыгынын башчысы; |
Асанова Гульжан Каныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин финансы башкармалыгынын башчысы; |
Байбалаев Азизбек Камчибекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин оорук башкармалыгынын башчысы; |
Ли Андрей Геннадьевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Куралдануу башкы башкармалыгынын башчысы; |
Джумабеков Сыргабек Абышович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин батир-эксплуатациялык камсыздоо башкармалыгынын башчысы; |
Саякбаев Дуулатбек Супарович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Арапов Алмазбек Нурматович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматы башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Исабеков Руслан Бейшекадырович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын материалдык камсыздоо башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Пазилов Мухиддин Расулович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын куралдануу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Аблесов Айбек Казбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын коммуналдык-эксплуатациялык бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |