Редакцияот 10.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 10-сентябры № 176-т

1. Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Төрага

У. А.Марипов

 

 

Тиркеме

Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары "кыргыз тарап" деп аталуучу) жана Индия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "индия тарап" деп аталуучу), чогуу "Тараптар" деп аталуучу,

Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу экономикалык жана техникалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана чыңдоо ниети менен тыгыз жана достук мамилелерди көңүлгө алып,

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык жардам берүү жөнүндө индия тараптын сунушуна таянуу менен,

Жергиликтүү органдар, өкмөттөр аралык мекемелер же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу ишке ашырыла турган өнүктүрүү жаатындагы анча чоң эмес, бирок натыйжалуу демилгелерди каржылоо үчүн тиешелүү механизмди түзүү зарылдыгын белгилеп; ошондой эле,

Экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө жана коомдук жыргалчылыкты жогорулатууга олуттуу салым кошо турган тез таасир этүүчү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун үстүнөн биргеликте иштөөгө умтулуп, муну менен өкмөттөр аралык негизде макулдашылган ири жана орто өнүктүрүү долбоорлорун каржылоону сактоо менен,

Төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишти:

I бөлүм: Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун предмети

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда каралган долбоорго капиталдык чыгым 126,29 миллион кыргыз сомунан ашпоого тийиш. Долбоорлор негизинен социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, жашоо үчүн каражат булактары менен камсыздоого жардам кылууга, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, балдардын бакубаттыгына жана коомдук турмушка көмөк көрсөтүүгө, тактап айтканда билим берүү, медициналык окутуу, айыл чарбасы жана агроөнөр жай, микро сугат, энергиянын кайра жаралуучу булактары, соода, транспорт жана байланыш чөйрөсүндө, ошондой эле коомдук өнүктүрүү секторлорунда инфратүзүмдү түзүү жолу менен тийиштүү болот. Бардык башка секторлор эки Тараптын ортосунда өз ара макулдашуу боюнча камтылышы мүмкүн.

II бөлүм: Долбоорду баалоо жана аткаруу тартиби

Бардык мындай долбоорлор үчүн Индия Өкмөтүнөн гранттык жардам алууга өтүнмө Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрлиги тарабынан Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги (мындан ары "Элчилик") аркылуу жиберилиши мүмкүн. Мындай сунуштар жергиликтүү жана региондук бийликтерден, өкмөттүк эмес уюмдардан, мекемелерден же Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жиберилиши мүмкүн. Элчилик долбоор боюнча отчётту даярдоону уюштурууга жана долбоор боюнча сунушту баалоо, гранттык жардамды санкциялоо жана төлөө, Индия Өкмөтүнүн жол-жоболоруна ылайык долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.

III бөлүм: Ишке ашырууга контракттар; иштин жүрүшү жөнүндө кварталдык отчёт

Ар бир долбоор боюнча Элчилик менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарынын ортосунда төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен Өз ара түшүнүү жөнүндө өзүнчө меморандум түзүлүүгө тийиш:

i. Ишке ашырыла турган долбоор жөнүндө кеңири маалыматты;

ii. Санкцияланган гранттык жардамдын жалпы өлчөмүн жана анын этаптуулугун;

iii. Долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып келүүгө сунушталган товарлардын, материалдардын, жабдуулардын жана транспорттук каражаттардын тизмегин;

iv. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмин;

v. Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу долбоордун бардык катышуучуларына жүктөлгөн милдеттенмелерди.

Элчилик Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрлигине эсепке алуу максаттары үчүн долбоор боюнча бардык төлөмдөр тууралуу ай сайын отчётту мезгил-мезгили менен берип турууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактык министрликтери да Элчиликке мындай долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө квартал сайын отчет берип турууга тийиш.

IV бөлүм: Алымдар жана салыктар

Долбоорду акыркы макулдашуу учурундагы колдонулган саясатка, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана укуктук ченемдерине ылайык алуучу мекеме III бөлүмгө ылайык контрактта саналып өткөн жана ушул ӨТМ алкагында кабыл алынган бардык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу ташып келинген бардык товарларга, материалдарга, жабдууларга жана транспорт каражаттарына карата бардык алымдарды жана салыктарды төлөйт.

V бөлүм: Пикир келишпестиктерди чечүү

Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык пикир келишпестиктер Тараптардын тынчтык консультациялары жана сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.

VI бөлүм: Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул меморандумду ондоо, колдонуу жана токтотуу

(a) Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана кийинки беш (5) жыл бою күчүндө болот.

(b) Бул Меморандум эки Тараптын өз ара макулдугу боюнча оңдоолорго, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же узартууга дуушар болушу мүмкүн. Ушул Меморандумдун колдонулушу Тараптардын кимиси болбосун экинчи Тарапка Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө алты (06) ай мурда алдын-ала жазуу жүзүндөгү кабарлоосу аркылуу токтотулушу мүмкүн.

(c) Ушул ӨТМ колдонулушунун мындай мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна карабастан, ушул Меморандум күчүнө киргенден кийин башталган долбоорлор, эгерде, Тараптар башкача макулдашпаса, алардын мөөнөтү аяктаганга чейин иштөөсүн улантат.

Жогоруда баяндалганды ырастап, өздөрүнүн өкмөттөрү тарабынан кол коюуга ыйгарым укук берилген төмөндө кол коюучулар, ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул меморандумга кол коюшту.

 

2021-жылдын "___" ______________ Бишкек шаарында, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө дал келбестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана тапшырмасы боюнча

 

Индия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана тапшырмасы боюнча