Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 29-сентябры № 215-т

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорун каржылоо маселеси боюнча 2021-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өтө турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Бишкек шаарынын вице-мэри Байгончоков Мирланбек Конушбековичке (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан жогоруда аталган сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Төрага

 

У.А.Марипов

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Бишкек шаарынын вице-мэри, расмий делегациянын башчысы (макулдашуу боюнча);

Татиков Руслан Сатылганович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;

Асанов Уланбек Жалалович

-

Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин орун басары;

Омуралиев Эрмек Социалович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору;

Аманбаев Умутжан Моминович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальниги;

Артыкбаева Нази Адилбековна

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын экономикалык мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси;

Джитишикова Гульмира Аскарбековна

-

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын транспорт бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Камчибекова Мырза-айым Афтандиловна

-

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Усувалиев Мират Эмильевич

-

Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Нусувалиев Максат Орозбекович

-

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Капаров Талантбек Ташиевич

-

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Беков Кубаныч Нияз-Маматович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун стратегиялык пландоо жана адам ресурстары башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча).

 

 

Төрага

 

У.А.Марипов