КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 24-сентябры № 204-т
1. 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Э.Т.Алишеровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
| Төрага | У. А.Марипов |
|
| Долбоор |
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү кыргыз-россия мамилелерин андан ары чыңдоого көмөктөшүп, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 3-беренесинин төртүнчү абзацындагы "15-августуна" деген сөздөр "1-ноябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптар ушул Протоколго киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Макулдашуунун жоболорун ушул Протоколго кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдоно башташат.
20__-жылдын "__" ______________ ________________ ш. эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |