Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

 

2021-жылдын 18-октябры № 241-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине (2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун тиркемеси) ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалсын.

2. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 197-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Төрага

А.У.Жапаров