Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 21-октябры № 248-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси), «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 70-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | А.У. Жапаров |