Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 11-октябры № 232-т
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI токтому менен түзүлгөн "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштамаларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б отчёттун формаларын бекитүү жөнүндө буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Жылдык сумма боюнча отчетторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. 206-сапта Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кендердин жана ресурстардын болгон же жаңы запастарын геологиялык изилдөөгө, сатып алууга же өнүктүрүүгө байланышкан "Центерра Голд Инк." компаниясынын же анын туунду компанияларынын өткөн календарлык жылы чалгындоого жана баалоого жумшаган капиталдык салымдарынын жана чыгымдарынын суммасы, башкача айтканда "Кумтөр Голд Компани." жабык акционердик коому тарабынан далилденүүгө тийиш болгон суммалар көрсөтүлөт.";
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. 207-сапта геологиялык изилдөөгө байланышкан капиталдык салымдардын жана чыгымдардын суммаларынын минусу менен жылдык сумманын чоңдугу көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат: 205-сап - 206-сап. Ошондой эле оң мааниде 207.01-сап (төлөөгө), ал эми терс мааниде 207.02 (чегерүүгө) толтурулат.";
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген жылдык сумма боюнча отчеттун формасында (FORM STI-084):
- "206" саптагы коддун көрсөткүчтөрүндөгү "Геологиялык чыгымдардын суммасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кендердин жана ресурстардын болгон же жаңы запастарын геологиялык изилдөөгө, сатып алууга же өнүктүрүүгө байланышкан "Центерра Голд Инк." компаниясынын же анын туунду компанияларынын өткөн календарлык жылы чалгындоого жана баалоого жумшаган капиталдык салымдарынын жана чыгымдарынын суммасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "207" саптагы коддун көрсөткүчтөрүндөгү "Геологиялык чыгымдардын" деген сөздөр "Геологиялык изилдөөгө байланышкан капиталдык салымдардын жана чыгымдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш.
Төрага | У.А. Марипов |