Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-ноябры № 655-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 232-т тескеменин редакциясына ылайык)
Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Камеко" корпорациясынын, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун 1.4.2, 1.4.3 (b) жана 1.4.3 (c) пункттарына ылайык:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- дүң кирешеге салык боюнча отчеттун формасы;
- Дүң кирешеге салык боюнча отчет толтуруу жана берүү тартиби;
- ар жылдык сумма боюнча отчеттун формасы;
- Ар жылдык сумма боюнча отчет толтуруу жана берүү тартиби;
- Ысык-Көл салымы боюнча отчеттун формасы;
- Ысык-Көл салымы боюнча отчет толтуруу жана берүү тартиби.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругу менен бекитилген |
FORM STI-085
Дүң кирешесине болгон салык боюнча
ОТЧЕТ
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ I бөлүм. Жалпы маалымат │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌───┐ ┌─────────────────────────┐
│102│ Салык төлөөчүнүн ИСНи └─────────────────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────────┐
│103│ Салык төлөөчүнүн аталышы └──────────────────────────────────────┘
├───┤ ┌─────────────┐
│104│ Салык органынын коду └─────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────────┐
│105│ Салык органынын аталышы └──────────────────────────────────────┘
└───┘
Юридикалык дарек:
┌───┐ ┌───────────────┐
│106│ Почта индекси: └───────────────┘
├───┤ ┌────────────────────────────────┐
│107│ Областы, шаары, району, айылы: └────────────────────────────────┘
├───┤ ┌─────────────────────────────┐
│108│ Көчөсү/кичи району, үй №, батири: └─────────────────────────────┘
├───┤
│109│ Отчеттун түрү ("X" - тиешелүү ┌───┐ ┌───┐
└───┘ ячейкага белгилегиле): └───┘ баштапкы └───┘ такталган
┌───┐
│110│ Салык мезгили 200_-жыл ____________________
└───┘ (айына өсүүчү жыйынтык менен)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ II бөлүм. Дүң кирешесине болгон салык боюнча маалымат │
├──────────────────────────────────────┬───────────┬──────────────────┤
│Көрсөткүчтөр │Саптын коду│Ченөө бирдиги │
│ │ ├──────────────────┤
│ │ │АКШ доллары менен │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│"Кыргызалтын" ААКнын дүң кирешеси │ 201 │ │

│Үчүнчү тараптын дүң кирешеси │ 202 │ │

│Жалпы дүң киреше (201-202 саптар) │ 203 │ │

│Салык өлчөмү (% менен) │ 204 │ │

│Дүң киреше салыгы (203х204 саптар) │ 205 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Жер төлөмү жана жер астындагы кен │ 206 │ │
│байлыктар │ │ │

│Кварталдын башынан баштап которулган │ 207 │ │

│Дүң кирешесине болгон салыкты төлөөгө │ 208 │ │
└──────────────────────────────────────┴───────────┴──────────────────┘
┌─────────────────────┐
Отчетту берүү күнү └─────────────────────┘
___________________________________________________/____________ М.О.
(салык өкүлүнүн же салык төлөөчүнүн кызматтагы (колу)
адамынын аты-жөнү, кызматы)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ III бөлүм. Салык органынын маалыматы │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌───┐ ┌─────────────────┐
│301│ Отчетторду кабыл алуу мөөнөтү └─────────────────┘
├───┤
│302│ Отчет алуучу салык органынын ┌─────────────────────────────────┐
└───┘ кызматкеринин ИСНи └─────────────────────────────────┘
____________________________________________________/____________ Ш.О.
(отчет алуучу салык органдарынын кызматкеринин (колу)
аты-жөнү жана кызматы)
_______________________________________________________________________
┌───┐ ┌─────────────────┐
│303│ Төлөө мөөнөтү └─────────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────┐
│304│ Төлөмдүн суммасы (сом менен) └──────────────────────────────────┘
├───┤ ┌─────────────────┐
│305│ Толтуруу күнү └─────────────────┘
├───┤
│306│ Салык органынын белги ┌──────────────────────────────────┐
└───┘ коюучу кызматкеринин ИСНи └──────────────────────────────────┘
____________________________________________________/____________ Ш.О.
(бетэсептин карточкасына белги коюучу салык (колу)
органынын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругу менен бекитилген |
Дүң киреше салыгы боюнча отчетторду толтуруу жана көрсөтүү
ТАРТИБИ
1. Жалпы жобо
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКтын, "Камеко" Корпорациясынын, "Центерра Голд ИНК." Компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын, "Кумтөр Оперейтинг Компании" ЖАКнын арасында "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар тууралуу Келишимине ылайык иштелип чыккан жана Дүң киреше салыгын төлөөгө жана бөлүүгө ылайыкталган Дүң киреше салыгы боюнча отчетторду толтуруу жана көрсөтүү тартибин аныктайт.
2. Дүң киреше салыгы боюнча отчетторду (мындан ары отчет) толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жол берилбейт.
3. Отчеттор кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлөт.
4. Түзүлгөн отчеттор:
1) кагаз түрүндөгү отчетко салык өкүлүнүн жана/же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын кол тамгасы коюлат. Салык өкүлүнүн жана/же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
2) отчеттун электрондук түрү салык төлөөчүнүн электрондук цифралык кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
5. отчеттун кагаз түрүндөгү келүү тартибин көрсөтүүдө, отчет үч нускада түзүлөт:
1) отчеттун биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жөнөтүү үчүн;
2) экинчи нускасы - салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзүүчү салык органында калат;
3) үчүнчү нуска кабыл алынгандыгы тууралуу белги менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
6. Отчет кабарландырылуусу менен тапшырык катын көрсөткөндө, Отчет салык органдарына эки нускада жөнөтүлөт:

2) экинчи нускасы - салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзүүчү салык органында калат. Салык төлөөчү почталык байланыш аркылуу кабарландыруу алат.
7. Электрондук түрдөгү отчетту көрсөтүүдө, Салык төлөөчү электрондук почта аркылуу салык органы тарабынан отчет кабыл алынгандыгы тууралуу кабарландыруу алат.
8. Көрсөткүч болбогон учурда, тиешелүү ячейкага "0" мааниси жазылып коюлат.
9. Отчет ай сайын отчет берүүчү айдан кийинки айдын онунчу числосунда, отчет берүүчү кварталдын башында көбөйүп өсүүчү жыйынтыгы менен берилет.
10. Салык төлөө отчет берүүчү айдан кийинки отчеттуулук мезгилиндеги айдын онунчу числосунда жүргүзүлөт.
2. Дүң киреше салыгы боюнча отчетторду
толтуруу (FORM STI - 085)
1. 102-сапта салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
2. 103-сапта салык төлөөчүнүн толук аталышы түзүлгөн документтерге ылайык көрсөтүлөт.
3. 104-сапта салыктык органынын коду көрсөтүлөт.
4. 105-сапта салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзгөн салыктык органдын аталышы көрсөтүлөт.
5. 106-107-108-саптарда салык төлөөчүнүн юридикалык дареги: почталык индекс, областы, шаары, району, айылы, көчөсү/кичи району, батир жана үйдүн номери көрсөтүлөт.
6. 109-саптын тийиштүү ячейкасында "X" белгисин белгилөө жолу менен түзүлгөн отчеттун түрү көрсөтүлөт. Салыктык отчеттуулук мезгили үчүн Отчет берүүдө "баштапкы" ячейкасына белги коюлат. Мурунку берилген отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү учурунда белги "такталган" ячейкага коюлат.
7. 110-сапта отчеттуулук мезгили көрсөтүлөт, мисалы: 2009-жылдын "январь айы" үчүн; 2009-жылдын "январь-февраль айлары" үчүн; 2009-жылдын "январь-март айлары" үчүн; 2009-жылдын "апрель айы" үчүн; 2009-жылдын "апрель-май айлары" үчүн; 2009-жылдын "апрель-июнь айлары" үчүн ж.б.
8. 201-сапта "Кыргызалтын" ААКнын дүң кирешесинин көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
9. 202-сапта үчүнчү жактын дүң кирешесинин көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
10. 203-сапта 201- жана 202-саптардагы дүң кирешенин суммасынын көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
11. 204-сапта салыктын өлчөмү көрсөтүлөт (пайыз менен).
12. 205-сапта кийинки формула боюнча: 203-бет х 204-бет / 100 пайыз эсептелүүчү дүң киреше салыгынын суммасы (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
13. 206-сапта Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кендердин жана ресурстардын болгон же жаңы запастарын геологиялык изилдөөгө, сатып алууга же өнүктүрүүгө байланышкан "Центерра Голд Инк." компаниясынын же анын туунду компанияларынын өткөн календарлык жылы чалгындоого жана баалоого жумшаган капиталдык салымдарынын жана чыгымдарынын суммасы, башкача айтканда "Кумтөр Голд Компани." жабык акционердик коому тарабынан далилденүүгө тийиш болгон суммалар көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 232-т тескеменин редакциясына ылайык)
14. 207-сапта геологиялык изилдөөгө байланышкан капиталдык салымдардын жана чыгымдардын суммаларынын минусу менен жылдык сумманын чоңдугу көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат: 205-сап - 206-сап. Ошондой эле оң мааниде 207.01-сап (төлөөгө), ал эми терс мааниде 207.02 (чегерүүгө) толтурулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 232-т тескеменин редакциясына ылайык)
15. 208-сапта которулууга жатуучу казынанын кирешесине кирген дүң киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт:
1) үстүбүздөгү кварталдын биринчи отчет берүү айында төмөндөгүдөй формула боюнча: 206-сап боюнча мазмуну бар болгон учурда: 205-сап 206-сап - 207-сап;
2) үстүбүздөгү кварталдын экинчи отчет берүү айында төмөндөгүдөй формула боюнча: 205-сап - 206-сап;
3) үстүбүздөгү кварталдын үчүнчү отчет берүү айында:
а) эгер дүң киреше салыгынын суммасы жерге болгон төлөмдүн суммасынан жана жер алдындагы кен-байлыктарга уруксат берүү үчүн 1160714 АКШ долларынан ашып кетсе (1250000 АКШ доллары х 13% / 14%) төмөндөгүдөй формула боюнча: 205-сап - 207-сап;
б) эгер дуң киреше салыгынын суммасы жерге болгон төлөмдүн суммасынан жана жер алдындагы кен байлыктарга уруксат берүү үчүн 1160714 АКШ долларынан кем болсо (1250000 АКШ доллары х 13% / 14%) төмөндөгүдөй формула боюнча: 206-сап - 207-сап.
16. Отчет берүүчү салык төлөөчүлөр тарабынан отчетту берүү күнү, салык төлөөчүнүн же салык өкүлүнүн кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду белгиленип, колу коюлат жана мөөрү басылат.
17. "Салык органынын маалыматы" бөлүмү отчет кабыл алуучу салык органы тарабынан төмөндөгүчө толтурулат:
1) 301-сапта - Отчетту кабыл алуу күнү;
2) 302-сапта - Отчет кабыл алуучу салык органынын кызматкеринин ИСНи.
Мындан ары отчет кабыл алуучу салык органынын кызматкерлеринин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлөт, ошондой эле салык органын штампы жана колу коюулат.
18. 303-сапта салык төлөөчү тарабынан Дүң киреше салыгынын төлөнгөн күнү көрсөтүлөт, башкача айтканда аймактык казыналык бөлүмү тарабынан салык суммасынын бюджетке которуу күнү.
19. 304-сапта салык төлөөчү тарабынан Дүң кирешеге салыгынын бюджетке улуттук валютада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт, башкача айтканда "которулду" деген графа боюнча Дуң киреше салыгынын бетэсеп карточкасына киргизүүгө жатуучу сом түрүндө.
20. 305-сапта 303-306-саптардын толтурулган күнү белгиленет.
21. 306-сапта 303-306-сапты толтурган салык органынын ИСНи көрсөтүлөт.
Мындан ары 303-306-сапты толтурган салык органынын кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлөт, ошондой эле анын колу коюлат жана салык органын штампы басылат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругу менен бекитилген |
FORM STI-084
Жылдык сумма боюнча
ОТЧЕТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 232-т тескеменин редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ I бөлүм. Жалпы маалымат │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌───┐ ┌────────────────┐
│102│ Салык төлөөчүнүн ИСНи └────────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────────┐
│103│ Салык төлөөчүнүн аталышы └──────────────────────────────────────┘
├───┤ ┌────────────────┐
│104│ Салык органынын колу └────────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────────┐
│105│ Салык органынын аталышы └──────────────────────────────────────┘
└───┘
Юридикалык дарек:
┌───┐ ┌───────────────┐
│106│ Почта индекси: └───────────────┘
├───┤ ┌────────────────────────────────┐
│107│ Областы, шаары, району, айылы: └────────────────────────────────┘
├───┤ ┌─────────────────────────────┐
│108│ Көчөсү/кичи району, үй №, батири: └─────────────────────────────┘
├───┤
│109│ Отчеттун түрү ("X" - тиешелүү ┌───┐ ┌───┐
└───┘ ячейкага белгилегиле): └───┘ баштапкы └───┘ такталган
┌───┐
│110│ Салык мезгили 200_-жыл ________________________
└───┘ (айына өсүүчү жыйынтык менен)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ II бөлүм. Жылдык сумма боюнча маалымат │
├──────────────────────────────────────┬───────────┬──────────────────┤
│Көрсөткүчтөр │Саптын коду│Ченөө бирдиги │
│ │ ├──────────────────┤
│ │ │АКШ доллары менен │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│"Кыргызалтын" ААКнын дүң кирешеси │ 201 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Үчүнчү тараптын дүң кирешеси │ 202 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Жалпы дүң киреше (201-202 саптар) │ 203 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Салык өлчөмү (% менен) │ 204 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Дүң кирешесине болгон жылдык сумма │ 205 │ │
│(203 х 204 : 100) │ │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кендердин жана ресурстардын болгон же
жаңы запастарын геологиялык изилдөөгө, сатып алууга же өнүктүрүүгө
байланышкан "Центерра Голд Инк." компаниясынын же анын туунду компанияларынын
өткөн календарлык жылы чалгындоого жана баалоого жумшаган капиталдык салымдарынын
жана чыгымдарынын суммасы │ 206 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Жылдык сумманы минус менен алганда │ 207 │ х │
│Геологиялык изилдөөгө байланышкан капиталдык салымдардын жана чыгымдардын
суммасы │ │ │
│(205-206 саптар): │ │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│1) төлөөгө (оң мааниде) │ 207.01 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│2) чегерүүгө (терс мааниде) │ 207.02 │ │
└──────────────────────────────────────┴───────────┴──────────────────┘
┌────────────────┐
Отчетту берүү күнү └────────────────┘
______________________________________________/_________________ М.О.
(салык өкүлүнүн же салык төлөөчүнүн (колу)
кызматтагы адамынын аты-жөнү, кызматы)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ III бөлүм. Салык органынын маалыматы │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌───┐ ┌──────────────────┐
│301│ Отчетторду кабыл алуу мөөнөтү └──────────────────┘
├───┤
│302│ Отчет алуучу салык органынын ┌─────────────────────────────────┐
└───┘ кызматкеринин ИСНи └─────────────────────────────────┘
__________________________________________________/_____________ Ш.О.
(отчет алуучу салык органдарынын кызматкеринин (колу)
аты-жөнү жана кызматы)
_______________________________________________________________________
┌───┐ ┌────────────────┐
│303│ Төлөө күнү └────────────────┘
├───┤
│304│ Отчет берүүчү жылдан кийинки жылдын биринчи апрель иш күнүнө
└───┘ КРУБнын курсу боюнча конверсияланган геологиялык чыгымдардын
минус менен алынган жылдык суммасы (207.01 же
207.02 саптарынын мазмуну)
┌───┐ ┌───────────────┐
│305│ Толтуруу күнү └───────────────┘
├───┤
│306│ Салык органынын белги коюучу ┌──────────────────────────────────┐
└───┘ кызматкеринин ИСНи └──────────────────────────────────┘
__________________________________________________/_____________ Ш.О.
(бетэсептин карточкасына белги коюучу салык (колу)
органынын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругу менен бекитилген |
Жылдык сумма боюнча отчетторду толтуруу жана көрсөтүү
ТАРТИБИ
1. Жалпы жобо
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКтын, "Камеко" Корпорациясынын, "Центерра Голд ИНК." Компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын, "Кумтөр Оперейтинг Компании" ЖАКнын арасында "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар тууралуу Келишимине ылайык иштелип чыккан жана Жылдык сумманы төлөөгө жана бөлүүгө ылайыкталган Жылдык сумма боюнча отчетторду толтуруу жана көрсөтүү тартибин аныктайт.
2. Жылдык сумма боюнча отчетторду (мындан ары отчет) толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жол берилбейт.
3. Отчеттор кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлөт.
4. Түзүлгөн отчеттор:
1) Кагаз түрүндөгү отчетко салык өкүлүнүн жана/же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын кол тамгасы коюлат. Салык өкүлүнүн жана/же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
2) отчеттун электрондук түрү салык төлөөчүнүн электрондук цифралык кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
5. отчеттун кагаз түрүндөгү келүү тартибин көрсөтүүдө, отчет үч нускада түзүлөт:
1) отчеттун биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жөнөтүү үчүн;
2) экинчи нускасы - салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзүүчү салык органында калат;
3) үчүнчү нуска кабыл алынгандыгы тууралуу белги менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
6. Отчет кабарландырылуусу менен тапшырык катын көрсөткөндө, Отчет салык органдарына эки нускада жөнөтүлөт:
1) отчеттун биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жөнөтүү үчүн;
2) экинчи нускасы - салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзүүчү салык органында калат. Салык төлөөчү почталык байланыш аркылуу кабарландыруу алат.
7. Электрондук түрдөгү отчетту көрсөтүүдө, Салык төлөөчү электрондук почта аркылуу салык органы тарабынан отчет кабыл алынгандыгы тууралуу кабарландыруу алат.
8. Көрсөткүч болбогон учурда, тиешелүү ячейкага "0" мааниси жазылып коюлат.
9. Отчет жыл сайын, отчет берүүчү жылдан кийинки апрель айынын биринчи числосуна чейин берилет.
10. Салык төлөө отчет берүүчү жылдан кийинки апрель айынын биринчи числосуна чейин жүргүзүлөт.
2. Жылдык сумма боюнча отчетторду толтуруу (FORM STI - 084)
1. 102-сапта салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
2. 103-сапта салык төлөөчүнүн толук аталышы түзүлгөн документтерге ылайык көрсөтүлөт.
3. 104-сапта салык органынын коду көрсөтүлөт.
4. 105-сапта салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзгөн салыктык органдын аталышы көрсөтүлөт.
5. 106-107-108-саптарда салык төлөөчүнүн юридикалык дареги: почталык индекс, областы, шаары, району, айылы, көчөсү/кичи району, батир жана үйдүн номери көрсөтүлөт.
6. 109-саптын тийиштүү ячейкасында "X" белгисин белгилөө жолу менен түзүлгөн отчеттун түрү көрсөтүлөт. Салыктык отчеттуулук мезгили үчүн Отчет берүүдө "баштапкы" ячейкасына белги коюлат. Мурунку берилген отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү учурунда белги "такталган" ячейкасына коюлат.
7. 110-сапта отчеттуулук мезгили көрсөтүлөт, мисалы: "2009-жыл" үчүн.
8. 201-сапта "Кыргызалтын" ААКнын дүң кирешесинин көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
9. 202-сапта үчүнчү жактын дүң кирешесинин көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
10. 203-сапта 201- жана 202-саптардагы дүң кирешенин суммасынын көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
11. 204-сапта салыктын өлчөмү көрсөтүлөт (пайыз менен).
12. 205-сапта кийинки формула боюнча: 203-бет х 204-бет / 100 пайыз эсептелүүчү дүң кирешеден алынуучу жылдык сумма (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
13. 206-сапта Геологиялык чыгымдардын суммасы көрсөтүлөт, тактап айтканда документ аркылуу ырасталган геологиялык изилдөөгө кеткен чыгымдардын жана инвестициялардын суммасы, Центерра же анын аффилирленген текшерүүчү жактары тарабынан өндүрүлгөн өтүп кеткен календарлык жыл үчүн геологиялык изилдөөгө, Кыргыз Республикасындагы ресурстарды жана пайдалуу кен-байлыктарды же анын жаңы запастарын иштеп чыгууга же өндүрүүгө (кеңейтилген концессиялык аянттарды кошкондо), Центерранын ресурстарынын жана пайдалуу кен-байлыктарынын запастарынын көлөмүн көбөйтүүгө арналган.
14. 207-сапта геологиялык чыгымдардын минусу менен алынган Жылдык сумманын көлөмү көрсөтүлөт, ал төмөндөгүдөй формулада аныкталат: 205-сап - 206-сап. Оң мааниде (төлөөдө) 207.01 - сапчасы толтурулат, ал эми терс мааниде (чегерүүдө) - 207.02.
15. 208-сапта Отчет берүүчү салык төлөөчү тарабынан отчетту берүү күнү, салык өкүлүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду белгиленип, кол тамгасы коюлуп, штампы басылат.
16. "Салык органынын маалыматы" бөлүмү отчет кабыл алуучу салык органы тарабынан толтурулат, ал төмөндөгүчө толтурулат:
1) 301-сапта - Отчетту кабыл алуу күнү;
2) 302-сапта - Отчет кабыл алуучу салык органынын кызматкеринин ИСНи.
Мындан ары отчет кабыл алуучу салык органынын кызматкерлеринин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлөт, ошондой эле салык органынын штампы жана колу коюулат.
17. 303-сапта салык төлөөчү тарабынан Жылдык сумманы төлөнгөн күнү көрсөтүлөт, башкача айтканда аймактык казыналык бөлүмү тарабынан салык суммасынын бюджетке которуу күнү.
18. 304-сапта салык төлөөчү тарабынан Жылдык сумманын бюджетке улуттук валютада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт, башкача айтканда "которулду" деген графа боюнча Жылдык сумманын бетэсеп карточкасына киргизүүгө жатуучу сом түрүндө.
19. 305-сапта 303-306-саптардын толтурулган күнү белгиленет.
20. 306-сапта 303-306-сапты толтурган салык органынын ИСНи көрсөтүлөт.
Мындан ары 303-306-сапты толтурган салык органынын кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлөт, ошондой эле анын колу коюлат жана салык органынын штампы басылат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругу менен бекитилген |
FORM STI-095
Ысык-Көл төгүмү боюнча
ОТЧЕТ
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ I бөлүм. Жалпы маалымат │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌───┐ ┌─────────────────┐
│102│ Салык төлөөчүнүн ИСНи └─────────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────────┐
│103│ Салык төлөөчүнүн аталышы └──────────────────────────────────────┘
├───┤ ┌─────────────────┐
│104│ Салык органынын коду └─────────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────────┐
│105│ Салык органынын аталышы └──────────────────────────────────────┘
└───┘
Юридикалык дарек:
┌───┐ ┌────────────────┐
│106│ Почта индекси: └────────────────┘
├───┤ ┌────────────────────────────────┐
│107│ Областы, шаары, району, айылы: └────────────────────────────────┘
├───┤ ┌─────────────────────────────┐
│108│ Көчөсү/кичи району, үй №, батири: └─────────────────────────────┘
├───┤
│109│ Отчеттун түрү ("X" - тиешелүү ┌───┐ ┌───┐
└───┘ ячейкага белгилегиле): └───┘ баштапкы └───┘ такталган
┌───┐
│110│ Салык мезгили 200_-жыл _______________________
└───┘ (айына өсүүчү жыйынтык менен)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ II бөлүм. Ысык-Көл төгүмү боюнча маалымат │
├──────────────────────────────────────┬───────────┬──────────────────┤
│Көрсөткүчтөр │Саптын коду│Ченөө бирдиги │
│ │ ├──────────────────┤
│ │ │АКШ доллары менен │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│"Кыргызалтын" ААКнын дүң кирешеси │ 201 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Үчүнчү тараптын дүң кирешеси │ 202 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Жалпы дүң киреше (201-202 саптар) │ 203 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Салык өлчөмү (% менен) │ 204 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Ысык-Көл төгүмүнүн суммасы │ 205 │ │
│(203 х 204 саптар) │ │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Жер төлөмү жана жер астындагы кен │ 206 │ │
│байлыктар │ │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Кварталдын башынан баштап которулган │ 207 │ │
├──────────────────────────────────────┼───────────┼──────────────────┤
│Ысык-Көл төгүмүн төлөөгө │ 208 │ │
└──────────────────────────────────────┴───────────┴──────────────────┘
┌───────────────┐
Отчетту берүү күнү └───────────────┘
__________________________________________________/_____________ М.О.
(салык өкүлүнүн же салык төлөөчүнүн (колу)
кызматтагы адамынын аты-жөнү, кызматы)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ III бөлүм. Салык органынын маалыматы │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌───┐ ┌────────────────┐
│301│ Отчетторду кабыл алуу мөөнөтү └────────────────┘
├───┤
│302│ Отчет алуучу салык органынын ┌─────────────────────────────────┐
└───┘ кызматкеринин ИСНи └─────────────────────────────────┘
__________________________________________________/_____________ Ш.О.
(отчет алуучу салык органдарынын кызматкеринин (колу)
аты-жөнү жана кызматы)
_______________________________________________________________________
┌───┐ ┌──────────────┐
│303│ Төлөө мөөнөтү └──────────────┘
├───┤ ┌──────────────────────────────────┐
│304│ Төлөмдүн суммасы (сом менен) └──────────────────────────────────┘
├───┤ ┌──────────────┐
│305│ Толтуруу күнү └──────────────┘
├───┤
│306│ Салык органынын белги коюучу ┌──────────────────────────────────┐
└───┘ кызматкеринин ИСНи └──────────────────────────────────┘
__________________________________________________/_____________ Ш.О.
(бетэсептин карточкасына белги коюучу салык (колу)
органынын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругу менен бекитилген |
Ысык-Көл төгүмү боюнча отчетторду толтуруу жана көрсөтүү
ТАРТИБИ
1. Жалпы жобо
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКтын, "Камеко" Корпорациясынын, "Центерра Голд ИНК." Компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын, "Кумтөр Оперейтинг Компании" ЖАКнын арасында "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар тууралуу Келишимине ылайык иштелип чыккан жана Ысык-Көл төгүмүн төлөөгө жана бөлүүгө ылайыкталган Ысык-Көл төгүмү боюнча отчетторду толтуруу жана көрсөтүү тартибин аныктайт.
2. Ысык-Көл төгүмү боюнча отчетторду (мындан ары - отчет) толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жол берилбейт.
3. Отчеттор кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлөт.
4. Түзүлгөн отчеттор:
1) кагаз түрүндөгү отчетко салык өкүлүнүн жана/же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын кол тамгасы коюлат. Салык өкүлүнүн жана/же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
2) отчеттун электрондук түрү салык төлөөчүнүн электрондук цифралык кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
5. Отчеттун кагаз түрүндөгү келүү тартибин көрсөтүүдө, отчет үч нускада түзүлөт:
1) отчеттун биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын борбордук аппаратына жөнөтүү үчүн;
2) экинчи нускасы - салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзүүчү салык органында калат;
3) үчүнчү нуска кабыл алынгандыгы тууралуу белги менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
6. Отчет кабарландырылуусу менен тапшырык катын көрсөткөндө, Отчет салык органдарына эки нускада жөнөтүлөт:
1) отчеттун биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын борбордук аппаратына жөнөтүү үчүн;
2) экинчи нускасы - салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзүүчү салык органында калат. Салык төлөөчү почталык байланыш аркылуу кабарландыруу алат.
7. Электрондук түрдөгү отчетту көрсөтүүдө, Салык төлөөчү электрондук почта аркылуу салык органы тарабынан отчет кабыл алынгандыгы тууралуу кабарландыруу алат.
8. Көрсөткүч болбогон учурда, тиешелүү ячейкага "0" мааниси жазылып коюлат.
9. Отчет ай сайын отчет берүүчү айдан кийинки айдын онунчу числосунда, отчет берүүчү кварталдын башында көбөйүп өсүүчү жыйынтыгы менен берилет.
10. Салык төлөө отчет берүүчү айдан кийинки отчеттуулук мезгилиндеги айдын онунчу числосунда жүргүзүлөт.
2. Ысык-Көл төгүмү боюнча отчетторду
толтуруу (FORM STI - 095)
1. 102-сапта салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
2. 103-сапта салык төлөөчүнүн толук аталышы түзүлгөн документтерге ылайык көрсөтүлөт.
3. 104-сапта салык органынын коду көрсөтүлөт.
4. 105-сапта салык төлөөчүнү жөнгө салууну жүргүзгөн салыктык органдын аталышы көрсөтүлөт.
5. 106-107-108-саптарда салык төлөөчүнүн юридикалык дареги: почталык индекс, областы, шаары, району, айылы, көчөсү/кичи району, батир жана үйдүн номери көрсөтүлөт.
6. 109-саптын тийиштүү ячейкасында "X" белгисин белгилөө жолу менен түзүлгөн отчеттун түрү көрсөтүлөт. Салыктык отчеттуулук мезгили үчүн Отчет берүүдө "баштапкы" ячейкасына белги коюлат. Мурунку берилген отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү учурунда белги "такталган" ячейкасына коюлат.
7. 110-сапта отчеттуулук мезгили көрсөтүлөт, мисалы: 2009-жылдын "январь айы" үчүн; 2009-жылдын "январь-февраль айлары" үчүн; 2009-жылдын "апрель айы" үчүн; 2009-жылдын "апрель-май айлары" үчүн; 2009-жылдын "апрель-июнь айлары" үчүн ж.б.
8. 201-сапта "Кыргызалтын" ААКнын дүң кирешесинин көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
9. 202-сапта үчүнчү жактын дүң кирешесинин көлөмү (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
10. 203-сапта 201- жана 202-саптардагы дуң кирешенин көлөмүнүн суммасы (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
11. 204-сапта салыктын өлчөмү көрсөтүлөт (пайыз менен).
12. 205-сапта кийинки формула боюнча: 203-бет х 204-бет / 100 пайыз эсептелүүчү Ысык-Көл төгүмүнүн суммасы (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
13. 206-сапта казынанын кирешесине төлөнүүчү кварталдын отчеттуулук айлары үчүн көрсөтүлүүчү Отчеттордо 89289 АКШ доллары (1250000 АКШ доллары х 1% / 14%) суммасындагы жерге болгон төлөмдүн жана жер алдындагы пайдалуу кен байлыктарды колдонууга уруксат берүүнүн суммасы (АКШ доллары менен) көрсөтүлөт.
14. 207-сапта отчет берүүчү кварталдан баштап которулган сумма (АКШ долларында) көрсөтүлгөн. Бул сап отчет берүүчү кварталдын биринчи айындагы дүң кирешесинин отчетунда гана толтурулбайт, ал эми отчет берүүчү кварталдын башка айларында 205-саптын мазмуну көрсөтүлөт.
15. 208-сапта которулууга жатуучу казынанын кирешесине кирген Ысык-Көл төгүмүнүн суммасы көрсөтүлөт:
1) үстүбүздөгү кварталдын биринчи отчет берүү айында төмөндөгүдөй формула боюнча: 206-сап боюнча мазмуну бар болгон учурда 205, 206, 207-саптар;
2) үстүбүздөгү кварталдын экинчи отчет берүү айында төмөндөгүдөй формула боюнча: 205-206-саптар;
3) үстүбүздөгү кварталдын үчүнчү отчет берүү айында:
а) эгер Ысык-Көл төгүмүнүн суммасы жерге болгон төлөмдүн суммасынан жана жер алдындагы кен байлыктарга уруксат берүү үчүн 89289 АКШ долларынан ашып кетсе (1250000 АКШ доллары х 1% / 14%) төмөндөгүдөй формула боюнча: 205-207-саптар;
б) эгер Ысык-Көл төгүмүнүн суммасы жерге болгон төлөмдүн суммасынан жана жер алдындагы кен байлыктарга уруксат берүү үчүн 89289 АКШ долларынан кем болсо (1250000 АКШ доллары х 1% / 14%) төмөндөгүдөй формула боюнча: 206-207-саптар.
16. Отчет берүүчү салык төлөөчүлөр тарабынан отчетту берүү күнү, салык төлөөчүнүн же салык өкүлүнүн кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду белгиленип, колу коюлат жана мөөрү басылат.
17. "Салык органынын маалыматы" бөлүмү отчет кабыл алуучу салык органы тарабынан толтурулат, ал төмөндөгүчө толтурулат:
1) 301-сапта - Отчетту кабыл алуу күнү;
2) 302-сапта - Отчет кабыл алуучу салык органынын кызматкеринин ИСНи.
Мындан ары отчет кабыл алуучу салык органынын кызматкерлеринин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлөт, ошондой эле салык органынын штампы жана колу коюулат.
18. 303-сапта салык төлөөчү тарабынан Ысык-Көл төлөмүнүн төлөнгөн күнү көрсөтүлөт, башкача айтканда аймактык казыналык бөлүмү тарабынан салык суммасынын бюджетке которуу күнү.
19. 304-сапта салык төлөөчү тарабынан Ысык-Көл төлөмүнүн бюджетке улуттук валютада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт, башкача айтканда "которулду" деген графа боюнча Ысык-Көл төлөмүнүн бетэсеп карточкасына киргизүүгө жатуучу сом түрүндө.