Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 28-октябры № 267-т

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө Макулдашууга жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласы боюнча Протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Төрага

 

А.У. Жапаров

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 267-т тескемеси менен жактырылган

2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууга жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

Түрк Академиясынын (мындан ары - Академия) финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу Академиянын бюджеттөө процессин жана финансылык отчеттуулугун жүзөгө ашыруу боюнча максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Макулдашууда иш-чараларды, долбоорлорду жана программаларды колдоо жана каржылоо, илимий жана техникалык маселелерди чечүүгө көмөктөшүү жана түрк маданиятынын жана мурастарынын тарыхын коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана илгерилетүү максатында акча каражаттарын берүү жолу менен түрк маданиятынын жана мурастарынын тарыхын сактоо, изилдөө жана илгерилетүү үчүн Академиянын бюджетинин каржылоо булактары, түзүү, жүзөгө ашыруу жана отчеттуулук тартиби аныкталат.

Мындан тышкары, Протоколго ылайык Академиянын бардык мүчөлөрүнүн милдеттүү төгүмдөрү каралууда. Академиянын бюджетине Кыргыз Республикасынын мүчөлүк төгүмүнүн баштапкы өлчөмү жалпы жылдык бюджеттин 5% өлчөмүндө каралган, бирок республикалык бюджетке оорчулукка байланыштуу милдеттүү мүчөлүк төгүмдүн босогосун 0,5%га чейин төмөндөтүү жөнүндө сунуш киргизилген, бул Академиянын мүчө мамлекеттери тарабынан бир добуштан колдоого алынган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн Академиянын жалпы жылдык бюджетинин 0,5% өлчөмүндө төгүм каралууда.

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган Макулдашуу жана Протокол кол коюуга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитет, Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитет. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет менен макулдашылган, мамлекеттик тилдеги тексти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 305-б буйругу менен жактырылган.

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу жана Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.

Макулдашууну жана Протоколду ратификациялоо терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.