ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 24 ноябрындагы № 710 тескемеси

Редакцияот 24.11.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧЕСИ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 24 ноябры № 710

 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2014-жылдын 24-мартындагы № 64 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун байкоо кеңешинин курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2019-жылдын 26-мартындагы №99 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2020-жылдын 6-февралындагы № 39 буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясынын Жетекчиси

 

А.У. Жапаров

 

 

тиркеме

 

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун байкоочу кеңешинин КУРАМЫ

 

Кожошев Арзыбек Орозбекович  

-       Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

 

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич  

-       Кыргыз Республикасынын эмгек.ю социалдык камсыздоо жана миграция министри;

 

Бешимов Аскар Жолчубекович

-       Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынынизилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;

 

Кулубаев Жээнбек Молдоканович 

-       Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

 

Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич

 

-       Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

 

Ракиев Замир Шейшенбекович

 

-       Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети муфтий (макулдашуу боюнча);

 

Нарматов Абдишүкүр Исламович

 

-       диний  ишмер (макулдашуу боюнча);

 

 

Ибраев Мамбетасан Ибраевич

 

-       диний ишмер (макулдашуу боюнча).;