Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПТ № 209 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын башка актылары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү болот.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты" мекемеси";
- расмий тилде: "Учреждение "Аппарат полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в Баткенской области Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: 720100, Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү, № 1.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги милдеттери жана функциялары
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги милдеттери ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин уюштуруучулук, укуктук, эксперттик-аналитикалык, маалыматтык жана башка жактан камсыз кылуу болуп саналат.
6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты негизги милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү негизги функцияларды ишке ашырат:
1) облустун чегинде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын башка актыларын аткарууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын башка актыларынын мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылышына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү, талдоо жана контролдоо;
3) облустун ресурстарын өстүрүүнүн туруктуу механизмдерин түзүү боюнча сунуштарды даярдоо менен облусту комплекстүү өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
4) ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер, эл аралык жана башка уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыз кылуу;
5) ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана анын аппаратынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана облустагы иштин абалы жөнүндө калкка маалымдоо;
6) ыйгарым укуктуу өкүл үчүн учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун көрсөтүү менен облустагы иштин абалы жөнүндө тиешелүү маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларына ылайык жана аларды аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйруктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун иштеп чыгуу;
8) жарандарды кабыл алууну уюштуруу, жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароо, бул кайрылуулар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, анын орун басарларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчисинин тапшырмаларын аткарууну контролдоо, арыз ээлерине жоопторду даярдоо;
9) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен компетенциясынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн тиешелүү материалдарды даярдоо;
10) белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоого, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын, ошондой эле класстык чендерди ыйгарууга материалдарды даярдоо;
11) ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу, ошондой эле жашыруундуулук режимин сактоону жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон башка маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
12) ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды мыйзамдардын алкагында аткаруу.
3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ыйгарым укуктары
7. Ушул Жободо каралган милдеттерге жетүү жана функцияларды аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) карамагындагы аймактагы мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды жана материалдарды суроого;
2) ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө, алардын кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
3) ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө жана алардын ишин камсыз кылууга;
4) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө;
5) ыйгарым укуктуу өкүлдүн чечимдерин жана тапшырмаларын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
6) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кароо жана аткаруу үчүн тиешелүү тапшырмаларды, жарандардын кайрылууларын жана арыздарын жиберүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү
8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
9. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
10. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырат, милдеттерин аткарат жана жоопкерчилик тартат.
11. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналынын штаты белгиленген ченемдерге ылайык жана тиешелүү эмгек акы төлөө фондунун чегинде ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан түзүлөт.
5. Башка жоболор
12. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратын кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
14. Документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.