Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 17-ноябры ПТ № 209
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 6-бөлүгүнө, 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чектүү штаттык саны 36 бирдик санында белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ