РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 318-т «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомумун толук иштеши үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө" тескемеси

Редакцияот 07.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 7-декабры № 318-т

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомумун толук иштеши үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатымда, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Реснубликасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4954-VI "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтомуна ылайык "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүүгө 150 000 000 (жүз элүү миллион) сом болүп берсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.У. Жапаров