РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 334-т (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 20.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 20-декабры № 334-т

Кийинки күз-кыш мезгилдеринен өтүүнү жана электр, жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) долбоордук отунду ("Б" маркасындагы кара кече көмүрүн) үзгүлтүксүз ташууну жана аны менен жабдууну уюштурууда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй мүмкүндүктөрдү кароо сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына жылдык 8 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставка менен 60 даана атайын техниканы (жүк көтөрүмдүүлүгү 30 тоннадан кем эмес чиркеп сүйрөгүч жана жарым чиркегич) жана 4 даана жүктөөчү техниканы (алдыңкы жүктөгүчтөр) лизингге берүү;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги лизинг келишими боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун алдында кепилдик берүүчүсү болгон үч тараптуу кепилдик келишимин түзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ортосундагы лизинг келишими боюнча кепилдик берүүчү болууга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ортосундагы лизинг келишими боюнча үч тараптуу кепилдик келишимин белгиленген тартипте түзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы алынган атайын, автотранспорттук техниканы максаттуу пайдаланууну жана карызды лизинг келишиминин шарттарына ылайык так кайтарууну камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын атайын, автотранспорттук техниканын максаттуу пайдалануусун жана лизинг келишими боюнча карызды өз убагында кайтаруусун контролдоону камсыз кылсын.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.У. Жапаров