РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-декабрындагы № 346-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 27-декабры № 346-т

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүнө ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү калктын бакубаттыгын жогорулатуучу долбоорлор боюнча Тараптардын ортосундагы келечектеги макулдашууларды ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 650 миллион кытай юанын түзгөн кайтарымсыз жардамды берет. Конкреттүү маселелер Тараптар кошумча кол коё турган макулдашууларда каралат.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому жана Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы пайыздарды жана жыйымдарды эсептебестен иштей турган башка Тараптын атынан № 2021/2-грант гранттык эсепти кытай юанында өз ара ачышат. Гранттык каражаттарды колдонууда эсептерди жүргүзүү тартиби Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын операцияларды жүргүзүү эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Банктар Тараптарга аталган эсептердин каражаттарынын пайдаланышы жөнүндө маалыматты туруктуу жиберип турат.

3-берене.

Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди Тараптар аткарганга чейин күчүндө болот.

 

Бул Макулдашуу Бишкек шаарында 2021-жылдын "___" ____________, Тараптардын ар бирине бирден нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн

_______________________________

 

_______________________________