РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-январындагы № 5-т Тескемеси

Редакцияот 13.01.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 13-январы № 5-т

"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Тойота Ланд Крузер" (Toyota Land Cruiser 150), маркасындагы, 2017-жылы чыгарылган, кыймылдаткычтын көлөмү 2694 см3, кузов (шасси) № JTEBX3FJ60K291464 ак түстөгү автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. У. Жапаров