Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 27-декабры № 343-т
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо);
1) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору (Атайын операциялар);
2) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору (Жогорку технологиялар фонду);
3) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
| Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Расмий эмес котормо
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ (Атайын операциялар) (Шаардык транспортту электрлештирүү долбоору)
_____-жылдын _______________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ("Алуучу") менен АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ("АӨБ") ортосунда ______________________ түзүлгөн ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ.
(А) Алуучу менен АӨБнын ортосунда ошол күнү түзүлгөн Кредиттик макулдашууга ("Кредиттик макулдашуу") ылайык АӨБ Кредиттик келишимдин 1-Тиркемесинде жазылган Долбоордун максаттарына карата Алуучуга АӨБнын жөнөкөй капиталдык ресурстарынан жыйырма беш миллион (25000000) АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берүүгө макул болгондугун;
(В) Алуучу Долбоордун максаттары үчүн АӨБга кайрылгандыгын;
(С) Алуучу менен АӨБнын ортосунда ошол күнү түзүлгөн Гранттык макулдашууга ("Жогорку технологиялар фондунун (ЖТФ) гранты жөнүндө Макулдашуу") ылайык, Долбоордун максаттары үчүн АӨБ Алуучуга алты жүз элүү миң (650000) АКШ доллары өлчөмүндө грантты администрлөөгө жана берүүгө макул болгондугун;
(D) Долбоор Бишкек шаарынын мэриясы (БШМ), Бишкек троллейбус башкармалыгы (БТБ) жана Шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ) тарабынан ишке ашырыла тургандыгын жана ушул максаттар үчүн АӨБны канааттандырган шартта Алуучуга грант каражатын бере тургандыгын; жана
(Е) ушул Гранттык макулдашууда жана АӨБ, БШМ, БТБ жана ШТБ ортосунда түзүлгөн Долбоордук макулдашууда көрсөтүлгөн шарттарда АӨБнын Атайын фондусунун ресурстарынан Алуучуга Грант берүүгө АӨБ макул болгондугун ЭСКЕ АЛЫП
Ушул Макулдашууну түзүү менен Тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
I берене. Грант берүү эрежелери; Аныктама
1.01-бөлүмү. 2017-жылдын 1-январында кабыл алынган редакциядагы АӨБнын Атайын операциялар боюнча Гранттарды берүү эрежелеринин бардык жобосу ("Гранттарды берүү эрежелери"), эгерде алар ушул Гранттык макулдашууда толук баяндалса, ушул Гранттык макулдашууга карата ошол эле күчтө жана ошол эле көлөмдө колдонулат, бирок төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилген шарттар эске алынат:
(а) 2.01-бөлүмү (m) алып салынган жана төмөндөгүлөр менен алмаштырылган:
"Долбоордук макулдашуу" АӨБ, БШМ, БТБ жана ШТБ ортосундагы долбоордук макулдашууну билдирет, ага мезгил мезгили менен түзөтүү киргизилиши мүмкүн, .мындай долбоордук макулдашуу өзүнө долбоордук макулдашууга тиркелген бардык тиркемелерди камтыйт;
(b) Гранттарды берүү эрежелеринин 6.01(a), 8.01(c), 8.01(e), 8.01(i), 9.01(b) жана 9.02(d) бөлүмдөрүндө пайдаланылган "Долбоордун аткаруучу агенттиги" деген термин, "БШМ, БТБ жана ШТБ" деген терминдер менен ар бири өзүнчө жана чогуу да алмаштырылат.
1.02-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринде берилген айрым терминдер ушул Гранттык макулдашууда пайдаланган бардык учурда, эгерде бул документте өзгөртүлбөгөн, же контекст башка түшүндүрмөнү талап кылбаган учурда ушул Гранттык макулдашууда көрсөтүлгөн мааниге ээ.
II берене. Грант
2.01-бөлүмү. АӨБ Алуучуга АӨБнын атайын фондусунун ресурстарынан жыйырма беш миллион (25000000) АКШ доллары өлчөмүндө грант берүүгө макул болот.
III берене. Грант каражаттарын пайдалануу
3.01-бөлүмү. (а) Алуучу Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуунун негизинде АӨБны канааттандырган шартта БШМга Грант каражатын доллар менен берет.
(b) Алуучу Грант каражатын ушул Гранттык макулдашуунун жана Долбоордук макулдашуунун жоболоруна ылайык, Долбоор боюнча чыгашаларды каржылоо үчүн гана пайдаланууну камсыздайт.
3.02-бөлүмү. Грант каражаты ушул Гранттык макулдашуунун 1-тиркемесинин жоболоруна ылайык бөлүштүрүлөт жана чыгарылат, Алуучу менен АӨБнын макулдашуусу боюнча белгиленген Тиркемеге мезгил мезгили менен киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор эске алынат.
3.03-бөлүмү. АӨБ менен башка келишимдер жок болгон учурда, Алуучу Кредиттик макулдашууга 4-тиркеменин жоболоруна ылайык Гранттын каражатынын эсебинен чыгашалардын беренелери боюнча сатып алууларды жүзөгө ашырат же сатып алууларды жүзөгө ашырууну камсыздайт.
3.04-бөлүмү. Товарларды, Жумуштарды жана Кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн Гранттын Эсебинен каражатты чыгаруу төмөндөгүлөргө байланыштуу чыгашалардын эсебинен гана жүргүзүлөт:
(а) АӨБга мүчө-өлкөлөр тарабынан өндүрүлгөн жана берилген, мезгил мезгили менен сатып алуунун алгылыктуу булактары катары АӨБда көрсөтүлгөн Товарларга, ошондой эле Жумуштарга жана Кызмат көрсөтүүлөргө; жана
(b) Товарларга, Жумуштарга жана Кызмат көрсөтүүлөргө, мезгил мезгили менен АӨБда тактала турган тийиштүү башка алгылыктуу критерийлерге.
3.05-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 8.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн Грантты жабуу датасы 2026-жылдын 30-июну болот же Алуучу менен АӨБ ортосунда мезгил мезгили менен макулдашылышы мүмкүн болгон башка дата болот.
IV берене. Өзгөчө шарттар
4.01-бөлүмү. Долбоорду ишке ашыруунун жана Долбоордук объекттерди эксплуатациялоонун жүрүшүндө Алуучу Кредиттик макулдашуунун 4-тиркемесинде жана Долбоордук макулдашууда көрсөтүлгөн бардык милдеттенмелерди аткарат же аткарылышын камсыздайт.
4.02-бөлүмү. Алуучу АӨБнын өкүлдөрүнө Долбоорду, Товарларды, Жумуштарды жана Кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бардык зарыл жазууларды жана документтерди инспектирлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен БШМ, БТБ жана ШТБны камсыздайт же берет.
4.03-бөлүмү. Алуучу БШМ, БТБ жана ШТБнын ичинен ар бирине Долбоордук макулдашуунун алкагында өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүү үчүн өз тарабынан бардык зарыл кадамдарды көрөт жана ушундай милдеттерин аткарууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон кандайдыр-бир аракеттерди жасабайт жана жасалышына жол бербейт.
4.04-бөлүмү. (а) Алуучу Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында өз укуктарын Алуучунун жана АӨБнын кызыкчылыктарын коргоо жана Гранттын максаттарына жетүү үчүн пайдаланат.
(b) Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагындагы эч кандай укуктар жана милдеттенмелер АӨБ менен алдын-ала макулдашуусуз өткөрүп берилбейт, өзгөртүлбөйт же жокко чыгарылбайт.
V берене. Токтотуп туруу
5.01-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 8.01(k) бөлүмүнүн максаттары үчүн Гранттын эсебинен каражат чыгарып алууга Алуучунун укуктарын токтотуп туруу үчүн кошумча окуя катары ЖТФ менен Кредиттик макулдашуунун же Гранттык макулдашуунун алкагында өз милдеттенмелеринин ичинен кандайдыр-бири Аткаруучу тарабынан аткарылбагандыгы көрсөтүлөт.
VI берене. Күчүнө кириши
6.01-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 9.01(e) бөлүмүнүн максаттары үчүн төмөндөгүлөр ушул Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн кошумча шарттар катары көрсөтүлөт:
(а) Кредиттик макулдашуу тийиштүү түрдө санкцияланды, таризделди. Алуучунун атынан тапшырылган жана анын күчүнө киришин алдын алган бардык шарттар аткарылды (ушул Гранттык макулдашуунун жана ЖТФ гранты жөнүндө Макулдашуунун күчүнө киришин талап кылган шарттан тышкары); жана
(b) ЖТФ гранты жөнүндө Макулдашуу тийиштүү түрдө санкцияланган, таризделген жана Алуучунун атынан тапшырылган жана анын күчүнө киришин алдын алган бардык шарттар аткарылды (ушул Гранттык макулдашуунун жана Кредиттик Макулдашуунун күчүнө киришин талап кылган шарттан тышкары).
6.02-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 9.04-бөлүмүнүн максаттары үчүн Гранттык макулдашуунун күчүнө кирүү мөөнөтү катары Гранттык макулдашууга кол тамга коюлган датадан тартып 90 күндүк мөөнөт көрсөтүлөт.
VII берене. Аракетин токтотуу
7.01-бөлүмү. Гранттык макулдашуунун аракети жана алар боюнча тараптардын бардык милдеттенмелери Кредиттик макулдашуунун аракети токтотулган күнү токтотулат.
VIII берене. Башка шарттар
8.01-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 11.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн Алуучунун финансы министри Алуучунун өкүлү болуп дайындалат.
8.02-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 11.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн төмөндөгү даректер көрсөтүлдү:
Алуучу үчүн
| АӨБ үчүн |
Финансы министрлиги | Asian Development Bank |
Эркиндик бульвары, 58 | 6 ADB Avenue |
Бишкек, 720040 | Mandaluyong City |
Кыргыз Республикасы | 1550 Metro Manila |
| Philippines |
|
|
Факс: | Факс: |
(996) 312 661645 | (632) 8636-2444 |
| (632) 8636-2301 |
УШУЛАРДЫ ЫРАСТОО МЕНЕН, ыйгарым укук берилген өкүлдөрү аркылуу талаптагыдай аракеттенген ушул Макулдашуунун Таралтары жогоруда көрсөтүлгөн күнү жана жылы ушул Гранттык макулдашууга кол тамгаларын коюшту жана ушул Гранттык макулдашууну АӨБнын башкы кеңсесине жеткиришти.
Кыргыз Республикасынан |
| Азия Өнүктүрүү Банкынан |
|
|
|
______________________________ |
| ______________________________ |
(Аты-жөнү жана кызмат орду) |
| (Аты-жөнү жана кызмат орду) |
|
| Тиркеме |
Гранттын каражатын бөлүштүрүү жана чыгарып алуу
Жалпы жоболор
1. Ушул Тиркемеге тиркелген таблицада Гранттын каражатынан каржылоого тийиш болгон чыгашалардын беренелеринин категориясы көрсөтүлдү, ошондой эле Гранттын каражатын ушундай Категориялардын ар бири боюнча бөлүштүрүү көрсөтүлдү ("Таблица"). ("Категория" ушул Тиркеменин алкагында көрсөтүлгөн Таблицанын Категориясын түшүндүрөт).
Гранттын Эсебинен каражаттарды чыгарып алуу үчүн негиз
2. АӨБ менен башка макулдашуулар жок болгон учурда, Гранттын каражаты чыгашалардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт жана Таблицада көрсөтүлгөн чыгашалардын ар бир беренеси үчүн белгиленген чыгарып алуунун пайыздык үлүшүнө ылайык чыгарып алынат.
Каражаттарды кайрадан бөлүштүрүү
3. Таблицада көрсөтүлгөн Гранттык каражаттардын жана эсептен чыгарып алуунун пайыздык үлүшүнүн бөлүштүрүлүшүнө карабай,
(а) кандайдыр бир Категория үчүн бөлүнүп берилген Гранттын каражаты бул Категориянын алкагында макулдашылган бардык чыгашаларды каржылоо үчүн жетишсиз болгон учурда Алуучуну кабарлоо жолу менен АӨБ: (i) АӨБнын пикири боюнча ашыкча каражаты бар башка Категориядан Гранттын каражатынын тартыштыгын жабуу үчүн жетиштүү каражатты Категорияга кайра бөлүштүрө алат; жана (ii) эгер мындай кайра бөлүштүрүү бааланган каражаттын жетишсиздигин толук жабууга мүмкүндүк бербеген учурда, АӨБ бул Категория боюнча бардык тийиштүү чыгашалар жүргүзүлгөнгө чейин Категория боюнча каражатты чыгарып алууну андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн ушул чыгашаларга карата колдонулуучу чыгарылган каражаттын пайызын азайта алат; жана
(b) эгер кайсы бир Категорияга бөлүнгөн Гранттык каражат ошол категория боюнча макулдашылган бардык чыгымдардан ашык болсо, АӨБ Алуучуга билдирүү менен, ашык болуп калган каражатты кайсы бир башка Категорияга бөлүштүрө алат.
Төлөө процедурасы
4. АӨБ менен башка макулдашуу жок болгон учурда, Гранттын каражаты кредиттик каражатты төлөө боюнча Маалымдамага ылайык төлөнөт.
Гранттын Эсебинен каражат чыгарып алуу шарты
5. Ушул Гранттык макулдашуунун кандайдыр-бир башка жоболоруна көз карандысыз, Таблицанын 1-4-Категорияларына карата Гранттын Эсебинен каражат чыгарып алуу төмөндөгүлөр ишке ашырылганга чейин жүргүзүлбөйт:
(а) Алуучу (Алуучунун Финансы министрлиги аркылуу) менен БШМнын ортосунда формасы жана мазмуну боюнча АӨБны канааттандырган Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин жана ушундай Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу толук күчүнө киргенге жана анда баяндалган шарттарга ылайык Алуучунун Финансы министрлиги жана БШМ үчүн юридикалык милдеттүү болгонго чейин; жана
(b) Зайымчы жана БШМ тарабынан тийиштүү түрдө санкцияланган Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу юридикалык жактан таризделгендигин жана алардын атынан тапшырылгандыгын көрсөткөн, юрист тарабынан АӨБ үчүн алгылыктуу түзүлгөн жана анда баяндалган шарттарга ылайык БШМ үчүн юридикалык милдеттүү болуп саналган АӨБны канааттандырган юридикалык корутунду АӨБга берилгенге чейин.
ТАБЛИЦА
Гранттын каражаттарын бөлүштүрүү жана чыгарып алуу | |||
№ | Берене | АӨБ каржылоо үчүн бөлүп берген каражаттын жалпы суммасы (АКШ доллары) | Гранттын Эсебинен акча чыгарып алууга негиз |
|
| Категория |
|
1 | Жабдуулар/Товарлар* | 12600000 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 37,6% |
2 | Курулуш жумуштары* | 8800000 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 99,2% |
3 | Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр | 3000000 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 100% |
4 | Жер бөлүү жана көчүрүү* | 100000 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 100% |
5 | Долбоорду башкаруу* | 500000 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 100% |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ | 25000000 |
|
(*) Тиркеменин 5-параграфында жазылган каражаттарды чыгарып алуу шартына ылайык; жана алуучунун аймагында алына турган салыктардан, жана жыйымдардан тышкары.
(**) Грант жер участокторун бөлүү үчүн компенсациядан тышкары жер участокторун бөлүүгө жана көчүрүүгө байланыштуу бардык чыгашаларды жабат.
|
| Долбоор |
Расмий эмес котормо
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу (Жогорку технологиялар фонду) (Шаардык транспортту электрлештирүү долбоору)
_____-жылдын _______________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (''Алуучу") менен АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ("АӨБ") ортосунда _________________ түзүлгөн ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ.
(А) Алуучу менен АӨБнын ортосунда ошол күнү түзүлгөн Кредиттик макулдашууга ("Кредиттик макулдашуу") ылайык АӨБ Кредиттик келишимдин I-Тиркемесинде жазылган Долбоордун максаттарына карата Алуучуга АӨБнын жөнөкөй капиталдык ресурстарынан жыйырма беш миллион (25000000) АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берүүгө макул болгондугун;
(В) Алуучу Жогорку технологиялар фондуна (ЖТФ) грант үчүн кайрылгандыгын, ап Долбоордун алкагында кошо каржылоого карата чыгашаларды жабуу максатында АӨБ тарабынан администрлөө жүргүзүлө тургандыгын;
(С) Алуучу менен АӨБнын ортосунда ошол күнү түзүлгөн Гранттык макулдашууга ("ЖТФ гранты жөнүндө Макулдашуу") ылайык, Долбоордун максаттары үчүн АӨБнын Атайын фондусунан Алуучуга жыйырма беш миллион (25000000) АКШ доллары өлчөмүндө грантты берүүгө макул болгондугун;
(D) Долбоор Бишкек шаарынын мэриясы (БШМ), Бишкек троллейбус башкармалыгы (БТБ) жана Шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ) тарабынан ишке ашырыла тургандыгын жана ушул максаттар үчүн АӨБны канааттандырган шартта Алуучуга грант каражатын бере тургандыгын; жана
(Е) АӨБ Гранттык макулдашууда көрсөтүлгөн шарттарда Алуучуга ЖТФ грантынын каражатын берүүгө макул болгондугун ЭСКЕ АЛЫП
Ушул Макулдашууну түзүү менен Тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө макулдатышты:
I берене. Грант берүү эрежелери; Аныктама
1.01-бөлүмү. 2017-жылдын 1-январында кабыл алынган редакциядагы АӨБнын тышкы булактардан каржылануучу Гранттарды берүү эрежелеринин бардык жобосу ("Гранттарды берүү эрежелери"), эгерде алар ушул Гранттык макулдашууда толук баяндалса, ушул Гранттык макулдашууга карата ошол эле күчтө жана ошол эле көлөмдө колдонулат, бирок төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилген шарттар эске алынат:
(а) 2.01-бөлүмү (m) алып салынган жана төмөндөгүлөр менен алмаштырылган:
"Долбоордук макулдашуу" АӨБ, БШМ, БТБ жана ШТБ ортосундагы ушул Макулдашуу түзүлгөн күнү түзүлгөн долбоордук макулдашууну билдирет, ага мезгил мезгили менен түзөтүү киргизилиши мүмкүн, мындай долбоордук макулдашуу өзүнө долбоордук макулдашууга тиркелген бардык тиркемелерди камтыйт;
(b) Гранттарды берүү эрежелеринин 6.04(a), 8.01(c), 8.01(e), 8.0l(i), 9.01(b) жана 9.02(d) бөлүмдөрүндө пайдаланылган "Долбоордун аткаруучу агенттиги" деген термин, "БШМ, БТБ жана ШТБ" деген терминдер менен ар бири өзүнчө жана чогуу да алмаштырылат.
1.02-бөлүмү, Гранттарды берүү эрежелеринде берилген айрым терминдер ушул Гранттык макулдашууда пайдаланган бардык учурда, эгерде бул документте өзгөртүлбөгөн, же контекст башка түшүндүрмөнү талап кылбаган учурда ушул Гранттык макулдашууда көрсөтүлгөн мааниге ээ.
II берене.Грант
2.01-бөлүмү. АӨБ Алуучуга алты жүз элүү миң (650000) АКШ доллары өлчөмүндө ЖТФ грантын (Грант) берүүгө макул болот.
III берене. Грант каражаттарын пайдалануу
3.01-бөлүмү. (а) Алуучу Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуунун негизинде АӨБны канааттандырган шартта БШМга Грант каражатын доллар менен берет.
(b) Алуучу Грант каражатын ушул Гранттык макулдашуунун жана Долбоордук макулдашуунун жоболоруна ылайык, Долбоор боюнча чыгашаларды каржылоо үчүн гана пайдаланууну камсыздайт.
3.02-бөлүмү. Грант каражаты ушул Гранттык макулдашуунун 1-тиркемесинин жоболоруна ылайык бөлүштүрүлөт жана чыгарылат, Алуучу менен АӨБнын макулдашуусу боюнча белгиленген Тиркемеге мезгил мезгили менен киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор эске алынат.
3.03-бөлүмү. АӨБ менен башка келишимдер жок болгон учурда, Алуучу Кредиттик макулдашууга 4-тиркеменин жоболоруна ылайык Гранттын каражатынын эсебинен чыгашалардын беренелери боюнча сатып алууларды жүзөгө ашырат же сатып алууларды жүзөгө ашырууну камсыздайт.
3.04-бөлүмү. Товарларды, Жумуштарды жана Кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн Гранттын Эсебинен каражатты чыгаруу төмөндөгүлөргө байланыштуу чыгашалардын эсебинен гана жүргүзүлөт:
(а) АӨБга мүчө-өлкөлөр тарабынан өндүрүлгөн жана берилген, мезгил мезгили менен сатып алуунун алгылыктуу булактары катары АӨБда көрсөтүлгөн Товарларга, ошондой эле Жумуштарга жана Кызмат көрсөтүүлөргө; жана
(b) Товарларга, Жумуштарга жана Кызмат көрсөтүүлөргө, мезгил мезгили менен АӨБда тактала турган тийиштүү башка алгылыктуу критерийлерге.
3.05-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 8.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн Грантты жабуу датасы 2026-жылдын 30-июну болот же Алуучу менен АӨБ ортосунда мезгил мезгили менен макулдашылышы мүмкүн болгон башка дата болот.
IV берене. Өзгөчө шарттар
4.01-бөлүмү. Долбоорду ишке ашыруунун жана Долбоордук объекттерди эксплуатациялоонун жүрүшүндө Алуучу Долбоордук макулдашууда жана Кредиттик макулдашуунун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн бардык милдеттенмелерди аткарат же аткарылышын камсыздайт.
4.02-бөлүмү. Алуучу АӨБнын өкүлдөрүнө Долбоорду, Товарларды, Жумуштарды жана Кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бардык зарыл жазууларды жана документтерди инспектирлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен БШМ, БТБ жана ШТБны камсыздайт же берет.
4.03-бөлүмү. Алуучу БШМ, БТБ жана ШТБнын ичинен ар бирине Долбоордук макулдашуунун алкагында өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүү үчүн өз тарабынан бардык зарыл кадамдарды көрөт жана ушундай милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон кандайдыр-бир аракеттерди жасабайт жана жасалышына жол бербейт.
4.04-бөлүмү. (а) Алуучу Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында өз укуктарын Алуучунун жана АӨБнын кызыкчылыктарын коргоо жана Гранттын максаттарына жетүү үчүн пайдаланат.
(b) Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагындагы эч кандай укуктар жана милдеттенмелер АӨБ менен алдын-ала макулдашуусуз өткөрүп берилбейт, өзгөртүлбөйт же жокко чыгарылбайт.
4.05-бөлүмү. Алуучу АӨБ ушул Гранттык макулдашууну жеке жак катары эмес, ЖТФ грантынын администратору катары түзүп жаткандыгын тааныйт жана макул болот, Ага ылайык Алуучу АӨБ ЖТФдан Грант каражатын алган деңгээлде гана Грант каражатын чыгарып ала тургандыгына жана бул каражаттар толугу менен же жарым-жартылай токтотулбай тургандыгына жана жокко чыгарылбай тургандыгына жана (b) АӨБ ушул Гранттык макулдашууда баяндалгандан тышкары Долбоорго же Грантка карата ЖТФ милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин өзүнө албай тургандыгына макул болот.
V берене. Токтотуп туруу
5.01-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 8.01(k) бөлүмүнүн максаттары үчүн Гранттын эсебинен каражат чыгарып алууга Алуучунун укуктарын токтотуп туруу үчүн кошумча окуя катары АӨБ менен Кредиттик макулдашуунун же Гранттык макулдашуунун алкагында өз милдеттенмелеринин ичинен кандайдыр-бири Аткаруучу тарабынан аткарылбагандыгы көрсөтүлөт.
VI берене. Күчүнө кириши
6.01-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 9.01(e) бөлүмүнүн максаттары үчүн төмөндөгүлөр ушул Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн кошумча шарттар катары көрсөтүлөт:
(а) Кредиттик макулдашуу тийиштүү түрдө санкцияланган, таризделген жана Алуучунун атынан тапшырылган жана анын күчүнө киришин алдын алган бардык шарттар аткарылды (ушул Гранттык макулдашуунун жана АӨБ гранты жөнүндө Макулдашуунун күчүнө киришин талап кылган шарттан тышкары); жана
(b) АӨБ гранты жөнүндө Макулдашуу тийиштүү түрдө санкцияланды, таризделди жана Алуучунун атынан тапшырылган жана анын күчүнө киришин алдын алган бардык шарттар аткарылды (ушул Гранттык макулдашуунун жана Кредиттик Макулдашуунун күчүнө киришин талап кылган шарттан тышкары).
6.02-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 9.04-бөлүмүнүн максаттары үчүн Гранттык макулдашуунун күчүнө кирүү мөөнөтү катары Гранттык макулдашууга кол тамга коюлган датадан тартып 90 күндүк мөөнөт көрсөтүлөт.
VII берене. Аракетин токтотуу
7.01-бөлүмү, Гранттык макулдашуунун аракети жана алар боюнча тараптардын бардык милдеттенмелери Кредиттик макулдашуунун аракети токтотулган күнү токтотулат.
VIII берене. Башка шарттар
8.01-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 11.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн Алуучунун финансы министри Алуучунун өкүлү болуп дайындалат.
8.02-бөлүмү. Гранттарды берүү эрежелеринин 11.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн төмөндөгү даректер көрсөтүлдү:
Алуучу үчүн
| АӨБ үчүн |
Финансы министрлиги | Asian Development Bank |
Эркиндик бульвары, 58 | 6 ADB Avenue |
Бишкек, 720040 | Mandaluyong City |
Кыргыз Республикасы | 1550 Metro Manila |
| Philippines |
|
|
Факс: | Факс: |
(996) 312 661645 | (632) 8636-2444 |
| (632) 8636-2301 |
УШУЛАРДЫ ЫРАСТОО МЕНЕН, ыйгарым укук берилген өкүлдөрү аркылуу талаптагыдай аракеттенген ушул Макулдашуунун Тараптары жогоруда көрсөтүлгөн күнү жана жылы ушул Гранттык макулдашууга кол тамгаларын коюшту жана ушул Гранттык макулдашууну АӨБнын башкы кеңсесине жеткиришти.
Кыргыз Республикасынан |
| Азия Өнүктүрүү Банкынан |
|
|
|
______________________________ |
| ______________________________ |
(Аты-жөнү жана кызмат орду) |
| (Аты-жөнү жана кызмат орду) |
|
| Тиркеме |
Гранттын каражатын бөлүштүрүү жана чыгарып алуу
Жалпы жоболор
1. Ушул Тиркемеге тиркелген таблицада Гранттын каражатынан каржылоого тийиш болгон чыгашалардын беренелеринин категориясы көрсөтүлдү, ошондой эле Гранттын каражатын ушундай Категориялардын ар бири боюнча бөлүштүрүү көрсөтүлдү ("Таблица"). ("Категория" ушул Тиркеменин алкагында көрсөтүлгөн Таблицанын Категориясын же Кичи категориясын түшүндүрөт).
Гранттын Эсебинен каражаттарды чыгарып алуу үчүн негиз
2. АӨБ менен башка макулдашуулар жок болгон учурда, Гранттын каражаты чыгашалардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт жана Таблицада көрсөтүлгөн чыгашалардын ар бир беренеси үчүн белгиленген чыгарып алуунун пайыздык үлүшүнө ылайык чыгарып алынат.
Каражаттарды кайрадан бөлүштүрүү
3. Таблицада көрсөтүлгөн Гранттык каражаттардын жана эсептен чыгарып алуунун пайыздык үлүшүнүн бөлүштүрүлүшүнө карабастан,
(а) кандайдыр бир Категория үчүн бөлүнүп берилген Гранттын каражаты бул Категориянын алкагында макулдашылган бардык чыгашаларды каржылоо үчүн жетишсиз болгон учурда Алуучуну кабарлоо жолу менен АӨБ: (i) АӨБнын пикири боюнча ашыкча каражаты бар башка Категориядан Гранттын каражатынын тартыштыгын жабуу үчүн жетиштүү каражатты Категорияга кайра бөлүштүрө алат; жана (ii) эгер мындай кайра бөлүштүрүү бааланган каражаттын жетишсиздигин толук жабууга мүмкүндүк бербеген учурда, АӨБ бул Категория боюнча бардык тийиштүү чыгашалар жүргүзүлгөнгө чейин Категория боюнча каражатты чыгарып алууну андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн ушул чыгашаларга карата колдонулуучу чыгарылган каражаттын пайызын азайта алат; жана
(b) эгер кайсы бир Категорияга бөлүнгөн Гранттык каражат ошол категория боюнча макулдашылган бардык чыгымдардан ашык болсо, АӨБ Алуучуга билдирүү менен, ашык болуп калган каражатты кайсы бир башка Категорияга бөлүштүрө алат.
Төлөө процедурасы
4. АӨБ менен башка макулдашуу жок болгон учурда, Гранттын каражаты кредиттик каражатты төлөө боюнча Маалымдамага ылайык төлөнөт.
Гранттын Эсебинен каражат чыгарып алуу шарты
5. Ушул Гранттык макулдашуунун кандайдыр-бир башка жоболоруна көз карандысыз, Гранттын Эсебинен каражат чыгарып алуу төмөндөгүлөр ишке ашырылганга чейин жүргүзүлбөйт:
(а) Алуучу (Алуучунун Финансы министрлиги аркылуу) менен БШМнын ортосунда формасы жана мазмуну боюнча АӨБны канааттандырган Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин жана ушундай Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу толук күчүнө киргенге жана анда баяндалган шарттарга ылайык Алуучунун Финансы министрлиги жана БШМ үчүн юридикалык милдеттүү болгонго чейин; жана
(b) Зайымчы жана БШМ тарабынан тийиштүү түрдө санкцияланган Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу юридикалык жактан таризделгендигин жана алардын атынан тапшырылгандыгын көрсөткөн, юрист тарабынан АӨБ үчүн алгылыктуу түзүлгөн жана анда баяндалган шарттарга ылайык БШМ үчүн юридикалык милдеттүү болуп саналган АӨБны канааттандырган юридикалык корутунду АӨБга берилгенге чейин.
ТАБЛИЦА
Гранттын каражаттарын бөлүштүрүү жана чыгарып алуу | |||
№ | Берене | ЖТФ каржылоо үчүн бөлүп берген каражаттын жалпы суммасы (АКШ доллары) | Гранттын Эсебинен акча чыгарып алууга негиз |
|
| Категория |
|
1 | Жабдуулар/Товарлар* | 580000 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 1,7% |
2 | Курулуш жумуштары* | 70000 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 0,8% |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ | 6500 |
|
(*) Тиркеменин 5-параграфында жазылган каражаттарды чыгарып алуу шартына ылайык; жана алуучунун аймагында алына турган салыктардан, жана жыйымдардан тышкары.
|
| Долбоор |
Расмий эмес котормо
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Шаардык транспортту электрификациялоо долбоору) КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУ
____-жылдын _________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ("Зайымчы") менен АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ("АӨБ") ортосундагы ______-жылдын___________ түзүлгөн КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУ.
ТӨМӨНДӨГҮЛӨРДҮ ЭСКЕ АЛЫП,
(А) Зайымчы ушул Кредиттик макулдашуунун 1-Тиркемесинде көрсөтүлгөн Долбоордун максаттары үчүн Кредит алуу боюнча АӨБга кайрылды;
(В) Зайымчы менен АӨБнын ортосунда ошол эле күнү түзүлгөн Гранттык макулдашууга ("Гранттык макулдашуу") ылайык, АӨБ Зайымчыга Долбоордун максатына жыйырма беш миллион (25000000) АКШ доллары өлчөмүндө АӨБнын Атайын фондунун ресурстарынан грант ("АӨБгрант") берүүгө макул болду;
(С) Зайымчы менен АӨБнын ортосунда ошол эле күнү түзүлгөн Гранттык макулдашууга ("ЖТФ гранты жөнүндө макулдашуу") ылайык, Алуучуга Долбоордун максатына алты жүз элүү миң (650000) АКШ доллары өлчөмүндө грант ("ЖТФ гранты") берүүгө жана администрлөөгө макул болду;
(D) Долбоор БШМ, БТБ жана ШТБ тарабынан ишке ашырылат жана бул максаттарга Зайымчы АӨБнын шарттарында канааттандыруучу ушул Макулдашуу менен каралган Кредиттин каражаттарын БШМга берет; жана
(Е) АӨБ Зайымчыга АОБ, БШИ, БТБ жана ШТБ ортосунда түзүлгөн ушул Кредиттик макулдашууда жана Долбоордук макулдашууда көрсөтүлгөн шарттарда АӨБнын кадимки капиталдык ресурстарынан жеңилдетилген кредит берүүгө макул болду;
МУНУ МЕНЕН тараптар төмөндөгүдөй келишимге келишти:
I берене. Зайымдарды берүү эрежеси; Аныктоо
1.01-бөлүм. 2017-жылдын 1-январында кабыл алынган редакцияда АӨБнын Кадимки операциялар боюнча зайымдарды (жеңилдетилген) берүү эрежелеринин бардык жоболору ("Зайымдарды берүү эрежеси") ушуну менен ушул Кредиттик макулдашууга ошол эле күчтө жана ошол эле өлчөмдө, толугу менен ушул Келишимде баяндалган, бирок төмөндөгүдөй өзгөртүүлөргө ылайык колдонулат:
(а) 2.01-бөлүм (w) алып салынды жана төмөндөгүлөр менен алмаштырылды:
"Долбоордук макулдашуу" АӨБ, БШМ, БТБ менен ШТБ ортосундагы долбоордук макулдашууну билдирет, ага мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн; мындай долбоордук келишим долбоордук келишимдин бардык тиркемелерин өзүнө камтыйт.
(b) Зайым берүү эрежелеринин 6.01(а), 8.01(d), 8.01(f), 8.01(k), 9.01(с) жана 9.02(в) - бөлүмдөрүндө колдонулган "Долбоорду аткаруучу агенттик" деген термин өзүнчө жана жалпы "БШМ, БТБ жана ШТБ" деген термин менен алмаштырылсын.
1.02-бөлүм. Ушул Кредиттик макулдашууда колдонулган бардык учурларда, аныктамасы Зайымдарды берүү эрежелеринде берилген айрым терминдер, эгерде алар ушул документте өзгөртүлбөсө же контекст башка чечмелөөнү талап кылбаса, ушул Кредиттик макулдашууда көрсөтүлгөн мааниге ээ болот. Ушул Кредиттик макулдашууда колдонулган кошумча терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
(а) "БШМ" - 2013-жылдын 12-майындагы № 218 колдонуудагы редакциядагы "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн, Бишкек шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналган Бишкек шаарынын мэриясын билдирет;
(b) "БТБ" - "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын иш-аракетин оптималдаштыруу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 18-августундагы № 197 токтому менен түзүлгөн "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 12-августундагы № 96 токтому менен өзгөртүлгөн же АӨБ үчүн алгылыктуу болгон анын укук мураскери;
(с) "Консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр" Сатып алуулар жөнүндө жободо көрсөтүлгөн жана Сатып алуулар планында баяндалган консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет, алар Кредиттик каражаттардын эсебинен каржыланат;
(d) "АЧБЖБАД" 2020-жылдын 7-июлунда БШМ жана АӨБ ортосунда макулдашылган, АӨБ менен макулдашылган ар кандай жаңыртууларды кошуп, Айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүү жана баалоо боюнча алкактык документти билдирет;
(е) "Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралар планы" же "АЧКЧП" ага киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен БЭЭге кошуп, Долбоор үчүн түзүлгөн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралар планын билдирет;
(f) "Экологиялык коргоо чаралар" V главанын 1-тиркемесинде жана 4-Тиркемеде баяндалган КЧСБга карата принциптерди жана талаптарды билдирет;
(g) "ГМИП" БШМ жана АӨБ ортосунда макулдашылган ага карата бардык жаңыртууларды кошуп, Долбоор үчүн даярдалган гендердик маселелер боюнча иш-аракеттер планын билдирет;
(h) "Товарлар" - транспортировкалоо, камсыздандыруу, монтаждоо, эксплуатациялоого киргизүү, окутуу жана баштапкы техникалык тейлөө сыяктуу кошо жүрүүчү бардык консультацияланбаган кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп, Кредиттик каражаттардын эсебинен каржылана турган Сатып алуулар планында сүрөттөлгөн жабдууларды жана материалдарды билдирет;
(i) "БЭЭ" 2020-жылдын 28-августундагы жана АӨБ менен макулдашылган бардык жаңыртууларды эске алып, БШМ жана АӨБ ортосунда макулдашылган Долбоор үчүн баштапкы экологиялык экспертизаны билдирет;
(j) "Көчүрүүгө карата коргоо чаралар" КЧСБга карата 2-тиркеменин V главасында жана 4-тиркемеде (эгер бар болсо) баяндалган принциптерди жана талаптарды билдирет;
(k) "ЖБККАД" АӨБ менен макулдашылган бардык жаңыртууларды кошуп, БШМ жана АӨБ ортосунда макулдашылган 2020-жылдын 26-июнундагы Долбоор үчүн Жер бөлүү жана көчүрүү боюнча алкактык документти билдирет;
(l) "ЖБКП" ЖБККАДда баяндалган жана АӨБ менен макулдашылган талаптарга ылайык даярдалган жана берилген, Долбоорго бардык жаңыртууларды кошуп, ал үчүн жер бөлүү жана көчүрүү планын билдирет;
(m) "Кредиттик каражаттарды төлөө боюнча колдонмо" АӨБнын кредиттик каражаттарды төлөө боюнча колдонмосун билдирет (2017-жылы кабыл алынган, кийин өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын эске алган редакцияда);
(n) "Консультацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр" Сатып алуулар жөнүндө жободо баяндалган жана Сатып алуулар планында баяндалган консультацияланбаган кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет жана алар Кредиттик каражаттардын эсебинен каржыланууга тийиш;
(о) "ДАЖ" 2021-жылдын 31-сентябрында түзүлгөн, Зайымчы менен АӨБ ортосунда макулдашылган, Зайымчынын жана АӨБнын тиешелүү административдик жол-жоболоруна ылайык мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөр киргизиле турган "Долбоорлорду башкаруу боюнча колдонмону" билдирет;
(о) "Сатып алуулар планы" 2021-жылдын 31-сентябрында түзүлгөн жана АӨБ менен макулдашылган, Сатып алуулар саясатына, Сатып алуулар жөнүндө жобого жана макулдашылган башка макулдашууларга ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мезгил-мезгили менен киргизиле турган Зайымчы менен АӨБ ортосунда макулдашылган Долбоор боюнча сатып алуулар планын билдирет;
(q) "Сатып алууларга карата саясат" АӨБнын товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата саясатын билдирет (2017-жылы кабыл алынган, кийин өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын эске алган редакцияда);
(r) "Сатып алуулар жөнүндө жоболор" АӨБнын зайымчылары үчүн товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жөнүндө АӨБнын Сатып алуулар жөнүндө жобосун билдирет (2017-жылы кабыл алынган, кийин өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын эске алган редакцияда);
(s) "Долбоордук объекттер" Долбоордун алкагында иштелип чыга турган, курула турган, модернизациялануучу, эксплуатациялануучу жана техникалык жактан тейлене турган каалаган объекттерди билдирет;
(t) "Коргоо чараларынын талаптарын аткаруу мониторинги тууралуу отчёт" АӨБ Зайымчы, БШМ, БТБ жана/же ШТБ тарабынан түзүлгөн жана берилген ар бир отчётту билдирет, ал БЭЭ, АЧКЧП, АЧБЖБА, ЖБККБ жана Отчеттун аткарылышынын жана ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты жана бардык түзөтүүчү жана алдын алуу чараларын камтыган социалдык экспертизанын жыйынтыктары тууралуу отчётту камтыйт;
(u) "Коргоо чараларына карата саясат жөнүндө билдирүү" же "КЧСБ" АӨБнын Коопсуздук чараларына карата саясаты жөнүндө билдирүүсүн билдирет (2009-жылы кабыл алынган);
(v) "Кызмат көрсөтүүлөр" Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана Консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет;
(w) "Социалдык экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө отчёт" 2020-жылдын 16-июнундагы Долбоордун социалдык экспертизасынын жыйынтыктары жөнүндө АӨБ менен макулдашылган бардык жаңыртууларды эске алып, БШМ жана АӨБ ортосунда макулдашылган отчётту билдирет;
(х) "Субсидиярдык каржылоо жөнүндө макулдашуу" Зайымчы (Зайымчынын Финансы министрлиги аркылуу) менен БШМнын ортосунда макулдашууну билдирет, анда БШМ АӨБ үчүн канааттандырарлык шарттарда БТБ жана ШТБга Долбоорду ишке ашырууга Кредиттик каражаттарды, АӨБ грантын жана ЖТФ грантын берүүгө макул болот;
(у) "ШТБ" - Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 18-майындагы № 33 "Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы" муниципалдык мекемесинин түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн, "Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы" муниципалдык мекемеси же АӨБ үчүн алгылыктуу болгон анын мураскери; жана
(z) "Жумуштар" Сатып алуулар планында сүрөттөлгөн курулуш же жарандык жумуштарды билдирет, алар Кредиттик каражаттардын эсебинен каржыланат, анын ичине каалаган коштоочу Консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле башкы подрядчы же "толук курулуш" объектин берүүгө карата курулуш контрагы боюнча бериле турган долбоорго байланышкан кызмат көрсөтүүлөр.
II берене. Кредит
2.01-бөлүм. (а) АӨБ Зайымчыга АӨБнын кадимки капиталдык ресурстарынан жыйырма беш миллион АКШ доллары (25000000) өлчөмүндө кредит берүүгө макул болот.
(b) Зайымдын негизги суммасын жабуу 24 жылдык мөөнөт ичинде жүргүзүлөт, ал эми жеңилдетилген мезгил төмөндөгү (с)пунктта көрсөтүлгөн.
(с) Жогорудагы (а) пунктунда колдонулган "жеңилдетилген мезгил" термини ушул Кредиттик макулдашуунун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредитти жабуунун графигине ылайык негизги карызды жабуунун биринчи датасынан мурунку мезгилди билдирет.
2.02-бөлүм. Зайымчы АӨБга Кредиттик эсептен чыгарып алынган жана жабылбаган Кредиттин негизги суммасына мезгил-мезгили менен пайыздарды - жеңилдетилген мезгилде жылына 1% коюмда, ал эми андан кийин жылына 1,5% коюмда төлөп турат.
2.03-бөлүм. Кредит боюнча чегерилген пайыздар жана төлөмдөрдүн башка түрлөрү ар бир жарым жылда, жылдын 15-июнунда жана 15-декабрында төлөнөт.
2.04-бөлүм. Зайымчы Кредиттик эсептен чыгарып алынган Кредиттин негизги суммасын ушул Кредиттик макулдашуунун 2-тиркемесинде берилген жабуу графигине ылайык жабат.
2.06-бөлүм. Кредиттин негизги суммасын жабуу валютасы жана Зайымдарды берүү эрежелеринин 4.03 (а) жана 4.04-бөлүмдөрүнүн максаттары үчүн чегерилген пайыздарды төлөө валютасы АКШ доллары болуп саналат.
III берене. Кредиттик каражаттарды пайдалануу
3.01-бөлүм. (а) Зайымчы АӨБ үчүн канааттандырарлык шарттарда Субсидиярдык каржылоо жөнүндө макулдашуунун негизинде БШМга доллар түрүндө Кредиттин каражаттарын берет. Эгерде АӨБ менен башкасы макулдашылбаса, Кредиттин каражаттарын кайра кредиттөө үчүн каржылоо шарттары (анын ичинде кредиттин мөөнөтү, жеңилдетилген мезгил жана пайыздык коюм) ушул Кредиттик макулдашуунун алкагында каржылоо шарттары менен бирдей болот.
(b) Зайымчы ушул Кредиттик макулдашуунун жана Долбоордук макулдашуунун жоболоруна ылайык, Кредиттик каражаттарды Долбоор боюнча чыгашаларды каржылоо үчүн гана пайдаланылышын камсыздайт.
3.02-бөлүм. Кредиттик каражаттар ушул Кредиттик макулдашуунун 3-тиркемесинин жоболоруна ылайык бөлүштүрүлөт жана чыгарып алынат, анда Зайымчы менен АӨБ ортосунда макулдашуу боюнча аталган Тиркемеге өзгөртүүлөр жана толуктоолор мезгил-мезгили менен киргизиле тургандыгы эске алынат.
3.03-бөлүм. АӨБ менен башкасы макулдашылбаса, Зайымчы ушул Кредиттик макулдашуунун 4-тиркемесинин жоболоруна ылайык Кредиттик каражаттардын эсебинен чыгымдардын статьялары боюнча сатып алуунун жүзөгө ашырылышын камсыздайт же сатып алууларды жүзөгө ашырат.
3.04-бөлүм. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн Кредиттик эсептен акча каражаттарын чыгарып алуу төмөнкүлөргө байланыштуу чыгымдардын эсебинен гана жүргүзүлөт:
(а) АӨБ тарабынан мезгил-мезгили менен сатып алуулардын жарамдуу булактары катары белгилене турган АӨБ мүчө-өлкөлөрүнөн өндүрүлгөн жана жеткирилген товарларга, ошондой эле Жумуштарга жана Кызматтарга; жана
(b) АӨБ тарабынан мезгил-мезгили менен тактала турган башка жарамдуулуктун критерийлерине ылайык келген Товарларга, Жумуштарга жана Кызмат көрсөтүүлөргө.
3.05-бөлүм. Зайымдарды берүү эрежелеринин 8.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн Зайымдарды жабуу күнү 2026-жылдын 30-июну же Зайымчы менен АӨБ ортосунда маал-маалы менен макулдашылышы мүмкүн болгон дата болот.
IV берене. Өзгөчө шарттар
4.01-бөлүм. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жана Долбоордук объекттерди эксплуатациялоодо Зайымчы ушул Кредиттик макулдашуунун 5-тиркемесинде жана Долбоордук макулдашууда көрсөтүлгөн бардык милдеттенмелерди аткарат же аткарылышын камсыздайт.
4.02-бөлүм. Зайымчы АӨБ өкүлдөрүнө Долбоорду, Товарларды, Жумуштарды жана Кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле зарыл болгон жазууларды жана документтерди текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн БШМга, БТБга жана ШТБга берет же тапшырат.
4.03-бөлүм. Зайымчы БШМнын, БТБнын жана ШТБнын ар бирине Долбоордук макулдашуунун алкагында өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт жана мындай милдеттенмелерди аткарууга тоскоол боло турган эч кандай аракеттерди жасабайт жана аларга жол бербейт.
4.04-бөлүм. (а) Зайымчы Субсидиярдык каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында өз укуктарын Зайымчынын жана АӨБнын кызыкчылыктарын коргоо жана Кредиттин максатына жетүү үчүн пайдаланат.
(b) Субсидиярдык каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында эч кандай укуктар же милдеттенмелер АӨБнын алдын ала макулдугусуз ыйгарылышы, өзгөртүлүшү, жараксыз деп табылышы же жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.
V берене. Токтотуп туруу; Жабуу мөөнөтүн кыскартуу
5.01-бөлүм. Зайымдарды берүү эрежелеринин 8.01(m) бөлүмүнүн максаттары үчүн Зайымчынын Кредиттик эсептен акча каражаттарын чыгарып алуу укугун токтотуу үчүн кошумча окуя катары Зайымчы тарабынан АӨБ Гранттык макулдашуусунун же ЖТФнын Грант макулдашуусунун алкагында өзүнүн милдеттенмелеринин бирин аткарбагандыгы көрсөтүлөт.
5.02-бөлүм. Төмөнкүлөр Зайымдарды берүү эрежелеринин 8.07(d)-бөлүмүнүн максаттары үчүн мөөнөтүнөн мурда жабуунун кошумча окуясы катары келтирилген: Ушул Кредиттик макулдашуунун 5.01-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуянын келип чыгышы.
VI берене. Күчүнө кириши
6.01-бөлүм. Зайымдарды берүү эрежелеринин 9.01(f)-бөлүмүнүн максаттары үчүн төмөндөгүлөр ушул Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн кошумча шарттар катары көрсөтүлөт:
(а) АӨБнын Гранттык макулдашуусу тийиштүү түрдө таризделген жана берилген жана ал күчүнө киришин коштоочу бардык шарттар аткарылган (ушул Кредиттик макулдашуунун жана ЖТФнын Гранттык макулдашуусунун күчүнө киришин талап кылган шарттардан айырмаланган); жана
(b) ЖТФнын гранты жөнүндө макулдашуу тийиштүү түрдө санкцияланган, таризделген жана берилген жана анын күчүнө киришин коштоочу бардык шарттар аткарылган (ушул Кредиттик макулдашуунун жана АӨБ Гранты жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришин талап кылган шарттан тышкары).
6.02-бөлүм. Зайымдарды берүү эрежелеринин 9.04-бөлүмүнүн максаттары үчүн ушул Кредиттик макулдашуунун күчүнө кирүү мөөнөтү катары ушул Кредиттик макулдашууга кол тамга коюлган күндөн тартып 90 күндүк мөөнөт көрсөтүлөт.
VII берене. Башка шарттар
7.01-бөлүм. Зайымдарды берүү эрежелеринин 11.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн Зайымчынын финансы министри Зайымчынын өкүлү болуп дайындалат.
7.02-бөлүм. Зайымдарды берүү эрежелеринин 11.01-бөлүмүнүн максаттары үчүн төмөндөгү даректер көрсөтүлдү:
Алуучу үчүн
| АӨБ үчүн |
Финансы министрлиги | Asian Development Bank |
Эркиндик бульвары, 58 | 6 ADB Avenue |
Бишкек, 720040 | Mandaluyong City |
Кыргыз Республикасы | 1550 Metro Manila |
| Philippines |
|
|
Факс: | Факс: |
(996) 312 661645 | (632) 8636-2444 |
| (632) 8636-2301 |
УШУЛАРДЫ ЫРАСТОО МЕНЕН, ыйгарым укук берилген өкүлдөрү аркылуу талаптагыдай аракеттенген ушул Макулдашуунун тараптары жогоруда көрсөтүлгөн күнү жана жылы ушул Кредиттик макулдашууга өз кол тамгаларын коюшту жана ушул Кредиттик макулдашууну АӨБнын башкы кеңсесине жеткиришти.
Кыргыз Республикасынан |
| Азия Өнүктүрүү Банкынан |
|
|
|
______________________________ |
| ______________________________ |
(Аты-жөнү жана кызмат орду) |
| (Аты-жөнү жана кызмат орду) |
|
| 1-тиркеме |
Долбоорду сүрөттөө
1. Долбоордун максаты болуп, Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун айлана-чөйрөгө, ден соолукка жана экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу саналат.
2. Долбоор:
(а) Бишкек шаарынын мэриясына караштуу автобус паркын (i) 120дан кем эмес заманбап энергия натыйжалуу аккумулятордук электр электрбустарын (АЭБ) сатып алуу жолу менен модернизациялайт; (ii) буга жай жана тез кубаттоо инфраструктурасы, анын ичинде тиешелүү көмөкчордондор, кабелдер, ошондой эле электр монтаждык жана курулуш жумуштары; (iii) автобустарды тейлөө жабдуулары; (iv) үч жылдык мөөнөткө керектүү запастык бөлүктөр; жана (v) минимум бир эвакуатор кирет;
(b) иштеп жаткан бир троллейбустук деподо кеминде АЭБ үчүн жарым-жартылай жол катмарын жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн жамгыр калканчтарын кошкондо, жаан-чачындардан сактаган авто коюу жайлары менен камсыз кылуу үчүн автобус депосунун инфраструктурасын модернизациялайт;
(с) шаардын борборунда жол тыгындарын азайтуу үчүн пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзөт, жол кыймылын жана автотоктотмолорду жакшыртылган уюштурууну демонстрациялоо, автобустун ылдамдыгын жана эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: (i) пилоттук коридордун боюндагы автобустардын аялдамаларын модернизациялоо оптималдаштырылган жайлары; (ii) айрым жол кесилиштерин кайра долбоорлоо, айрым каналдар боюнча жол кыймылын бөлүштүрүү жана майда жол жумуштары; (iii) оптималдаштырылган убакыт жана синхрондоштуруу менен светофор тутумун модернизациялоо; (iv) автотоктотмолорду уюштурууну жакшыртылган чаралары; жана (v) аялдарды жана аялуу топторду коргоо үчүн коопсуздук функциясын өзүнө камтыган модернизацияланган автобустук аялдамалар менен жол кыймылынын моторсуз катышуучулары (жөө жүрүүчүлөр жана велосипедчендер) үчүн жакшыртуу; жана
(d) Бишкек шаарынын мэриясына шаардык мобилдүүлүктү башкарууну жакшыртуу, ошондой эле коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жана финансылык туруктуулугун төмөндөгүлөр аркылуу жогорулатууга колдоо көрсөтүүнүн эсебинен Бишкек шаарында автобустардын ишинин туруктуулугун жогорулатуу: (i) жакшыртылган институционалдык база жана потенциалды жогорулатуу; (ii) оптималдаштырылган коомдук транспорттун каттамдык тармагы жана кайра каралган бизнес модели; (iii) жол кыймылын башкаруу жана автотоктотууга карата саясат; жана (iv) автобустардын айдоочуларын жана техниктерин автобустарды тейлөө жана заряддык инфраструктура боюнча окутуу. Коомдук транспорттун каттамдарын узак мөөнөттүү оптималдаштыруунун алкагында аялдардын мобилдүүлүгүнүн жакшыртылган мүмкүнчүлүктөрүнүн өзгөчө муктаждыктары жана убактылуу жакырчылыкты кыскартуу каралат.
3. Долбоорду ишке ашырууну аяктоо 2025-жылдын 31-декабрына пландаштырылган.
|
| 2-тиркеме |
Төлөө графиги
Тиешелүү төлөмдөрдүн датасы | Негизги сумманы төлөө эсебине төлөмдөрдү жүргүзүү (АКШ долларында көрсөтүлгөн)* |
2029-жыл 15-декабрь | 520833 |
2030-жыл 15-июнь | 520833 |
2030-жыл 15-декабрь | 520833 |
2031-жыл 15-июнь | 520833 |
2031-жыл 15-декабрь | 520833 |
2032-жыл 15-июнь | 520833 |
2032-жыл 15-декабрь | 520833 |
2033-жыл 15-июнь | 520833 |
2033-жыл 15-декабрь | 520833 |
2034-жыл 15-июнь | 520833 |
2034-жыл 15-декабрь | 520833 |
2035-жыл 15-июнь | 520833 |
2035-жыл 15-декабрь | 520833 |
2036-жыл 15-июнь | 520833 |
2036-жыл 15-декабрь | 520833 |
2037-жыл 15-июнь | 520833 |
2037-жыл 15-декабрь | 520833 |
2038-жыл 15-июнь | 520833 |
2038-жыл 15-декабрь | 520833 |
2039-жыл 15-июнь | 520833 |
2039-жыл 15-декабрь | 520833 |
2040-жыл 15-июнь | 520833 |
2040-жыл 15-декабрь | 520833 |
2041-жыл 15-июнь | 520833 |
2041-жыл 15-декабрь | 520833 |
2042-жыл 15-июнь | 520833 |
2042-жыл 15-декабрь | 520833 |
2043-жыл 15-июнь | 520833 |
2043-жыл 15-декабрь | 520833 |
2044-жыл 15-июнь | 520833 |
2044-жыл 15-декабрь | 520833 |
2045-жыл 15-июнь | 520833 |
2045-жыл 15-декабрь | 520833 |
2046-жыл 15-июнь | 520833 |
2046-жыл 15-декабрь | 520833 |
2047-жыл 15-июнь | 520833 |
2047-жыл 15-декабрь | 520833 |
2048-жыл 15-июнь | 520833 |
2048-жыл 15-декабрь | 520833 |
2049-жыл 15-июнь | 520833 |
2049-жыл 15-декабрь | 520833 |
2050-жыл 15-июнь | 520833 |
2050-жыл 15-декабрь | 520833 |
2051-жыл 15-июнь | 520833 |
2051-жыл 15-декабрь | 520833 |
2052-жыл 15-июнь | 520833 |
2052-жыл 15-декабрь | 520833 |
2053-жыл 15-июнь | 520,849 |
Жыйынтыгы | 25000000 |
(*) Ар бир төлөө мөөнөтү келген учурда, төлөмдөр жөнүндө келишимдер Зайымдарды берүү эрежелеринин 3.04 жана 4.03-бөлүмдөрүнүн жоболоруна ылайык түзүлөт.
|
| 3-тиркеме |
Кредиттик каражаттарды бөлүштүрүү жана чыгарып алуу
Жалпы жоболор
1. Ушул Тиркемеге тиркелген таблицада Кредиттик каражаттын эсебинен каржылоого тийиш болгон чыгашалардын беренелеринин категориясы көрсөтүлдү, ошондой эле Кредиттик каражатты ушундай Категориялардын ар бири боюнча бөлүштүрүү көрсөтүлдү ("Таблица"). ("Категория" ушул Тиркеменин алкагында көрсөтүлгөн Таблицанын Категориясын же кичи Категорияны түшүндүрөт).
Кредиттин Эсебинен каражаттарды чыгарып алуу үчүн негиз
2. АӨБ менен башка макулдашуулар жок болгон учурда, Кредиттик каражаттар чыгашалардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт жана Таблицада көрсөтүлгөн чыгашалардын ар бир беренеси үчүн белгиленген чыгарып алуунун пайыздык үлүшүнө ылайык чыгарып алынат.
Пайыздарды кошуп эсептөө
3. "Пайыздарды кошуп эсептөө" категориясы үчүн бөлүнгөн сумма, Долбоорду ишке ашыруу учурунда, Кредит боюнча пайыздык коюмду каржылоо үчүн багытталган. АӨБ Кредиттин Эсебинен чыгарып алууга жана мындай пайыздарды кошуп эсептөө боюнча тийиштүү төлөмдөрдү өз убагында жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон сумманы Зайымчынын атынан өзүнө төлөөгө укуктуу.
Каражаттарды кайра бөлүштүрүү
4. Таблицада көрсөтүлгөн Кредиттик каражаттардын жана эсептен чыгарып алуунун пайыздык үлүшүнүн бөлүштүрүлүшүнө карабастан,
(а) кандайдыр бир Категория үчүн бөлүнүп берилген Кредиттик каражаттар бул Категориянын алкагында макулдашылган бардык чыгашаларды каржылоо үчүн жетишсиз болгон учурда Зайымчыны кабарлоо жолу менен АӨБ: (i) АӨБнын пикири боюнча ашыкча каражаты бар башка Категориядан Кредиттик каражаттардын тартыштыгын жабуу үчүн жетиштүү Категорияга кайра бөлүштүрө алат; жана (ii) эгер мындай кайра бөлүштүрүү бааланган каражаттын жетишсиздигин толук жабууга мүмкүндүк бербеген учурда, АӨБ бул Категория боюнча бардык тийиштүү чыгашалар жүргүзүлгөнгө чейин Категория боюнча каражатты чыгарып алууну андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн ушул чыгашаларга карата колдонулуучу чыгарылган каражаттын пайызын азайта апат; жана
(b) эгер кайсы бир Категорияга бөлүнгөн Кредиттик каражат ошол категория боюнча макулдашылган бардык чыгымдардан ашык болсо, АӨБ Зайымчыга билдирүү менен, ашык болуп калган каражатты кайсы бир башка Категорияга бөлүштүрө алат.
Төлөп берүү процедурасы
5. АӨБ менен башка макулдашуу жок болгон учурда, Кредиттик каражат Кредиттик каражатты төлөө боюнча маалымдамага ылайык төлөнөт.
Кредиттин Эсебинен каражаттарды чыгарып алуу шарттары
6. Ушул Кредиттик макулдашуунун кандайдыр бир жоболоруна карабастан, Кредиттин эсебинен каражаттарды чыгарып алуу төмөнкүлөр ишке ашырылганга чейин жүргүзүлбөйт:
(а) Зайымчы (Зайымчынын Финансы министрлиги аркылуу) менен БШМнын ортосунда формасы жана мазмуну боюнча АӨБны канааттандырган Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу түзүлгөнгө чейин жана ушундай Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу толук күчүнө киргенге жана анда баяндалган шарттарга ылайык Зайымчынын Финансы министрлиги жана БШМ үчүн юридикалык милдеттүү болгонго чейин; жана
(b) Зайымчы жана БШМ тарабынан тийиштүү түрдө санкцияланган Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуу юридикалык жактан таризделгендигин жана алардын атынан тапшырылгандыгын көрсөткөн, юрист тарабынан АӨБ үчүн алгылыктуу түзүлгөн жана анда баяндалган шарттарга ылайык БШМ үчүн юридикалык милдеттүү болуп саналган АӨБны канааттандырган юридикалык корутунду АӨБга берилгенге чейин.
ТАБЛИЦА
КРЕДИТТИК КАРАЖАТТАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ ЖАНА ЧЫГАРЫП АЛУУ | |||
№ | Берене | АӨБ каржылоо үчүн бөлүп берген каражаттын жалпы суммасы (АКШ доллары) | Кредиттин Эсебинен каражаттарды чыгарып алуу үчүн негиз |
1 | Жабдуулар/Товарлар | 20257019 | Жарыяланган чыгашалардын жалпы суммасынан 60,7%** |
2 | Бөлүштүрүлбөгөн каражаттар | 4290003 |
|
3 | Ишке ашыруунун жүрүшүндө пайыздарды кошуп эсептөө* | 452978 | тийиштүү сумманын 100% |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ | 25000000 |
|
(*) 3-тиркеменин 6-параграфында жазылган каражаттарды чыгарып алуу шартына ылайык.
(**) Зайымчынын аймагында алынуучу салыктарды жана жыйымдарды кошпогондо.
|
| 4-тиркеме |
Долбоорду ишке ашыруу; Финансылык маселелер
Ишке ашыруу механизмдери
1. Зайымчы, БШМ, БТБ жана ШТБ Долбоорду ДАЖда баяндалган деталдуу макулдашууларга ылайык ишке ашырууну камсыздайт. ДАЖга киргизилген бардык өзгөртүүлөр Зайымчы жана АӨБ тарабынан жактырылгандан кийин гана күчүнө кирет. ДАЖ менен ушул Кредиттик макулдашуунун ортосунда кандайдыр бир өзгөчөлүктөр бар болгон учурда, ушул Кредиттик макулдашуунун жоболору колдонулат.
Сатып алуулар
2. Зайымчы төмөнкүлөрдү камсыздайт же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат:
(а) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну Сатып алуу саясатына жана Сатып алуулар жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашыруу;
(b) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, сатып алуулар жана тандоо ыкмаларын, тендердик документтердин түрүн жана АӨБнын текшерүү талаптарын камтыган Сатып алуулар планында баяндалган деталдуу макулдашууларга ылайык келет. Зайымчы Сатып алуулар планында баяндалган деталдаштырылган макулдашууларды АӨБнын алдын ала макулдугу менен гана өзгөртө алат жана мындай өзгөртүүлөр Сатып алуулар планынын жаңыртылуусунда баяндалууга тийиш; жана
(с) (i) бардык сатып алынган Товарлар, Жумуштар жана алынган Кызмат көрсөтүүлөр (анын ичинде өзүнчө же башка товарлар жана кызматтар менен бирге сатылып алынган бардык компьютердик жабдуулар, программалык камсыздоолор жана тутумдар) өнөр жай же интеллектуалдык менчикке карата кандайдыр бир укуктарды бузбайт же зыян келтирбейт, же кандайдыр бир үчүнчү тараптын талаптары үчүн негиз түзбөйт; жана (ii) Товарларды, Жумуштарды жана Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча бардык контракттарда тийиштүү маалыматтар, күбөлөндүрүүлөр, зарыл болгон учурда, ушул пунктчада саналып өткөн кырдаалдар пайда болгон учурда, жабдуучу, подрядчы, консультант же чыгымдар боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ордун толтуруу кепилдиктери камтылган.
3. Зайымчы төмөндөгүлөр ишке ашырылганга чейин, айлана-чөйрөгө таасир этүүчү Жумуштарды аткарууга Контракттардын берилбөөсүн камсыздайт же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат:
(а) Зайымчынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги же анын АӨБ үчүн алгылыктуу болгон ар кандай укук мураскери БЭЭге акыркы макулдук бербейт; жана
(b) БТБ АЧКЧПнын тиешелүү жоболорун Жумуштарды аткарууга карата контрактка киргизбейт.
4. Зайымчы БШМы долбоордун деталдуу дизайнынын негизинде ЖБККПны даярдап, АӨБга тапшырганга чейин жана мындай ЖБККПны АӨБ менен макулдашканга чейин, көчүрүүгө тиешелүү Жумуштарды аткарууга карата контракттардын берилбөөсүн камсыздайт же БШМга, БТБга, ШТБга камсыздоону тапшырат.
Айлана-чөйрө
5. Зайымчы Долбоорду жана бардык Долбоордук объекттерди даярдоо, долбоорлоо, куруу, ишке ашыруу, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгарууну камсыз кылуунун төмөндөгүлөргө ылайык жүзөгө ашырылышын камсыздайт же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат; (а) Зайымчынын айлана-чөйрөнү коргоого, эмгекти коргоого жана коопсуздук техникасына тиешелүү колдонуудагы бардык мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына; (b) Экологиялык коргоо чараларына; (с) АЧБЖБАД; (d) БЭЭде жана АЧКЧПда белгиленген бардык чараларга жана талаптарга, ошондой эле Коргоо чараларынын талаптарынын аткарылышын мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчётунда белгиленген түзөтүүчү же алдын алуучу ар кандай чараларга.
Жерлерди бөлүү жана көчүрүү
6. Зайымчы Долбоор үчүн талап кылынган бардык жерлерди жана ээликтен ажыратуу боюнча бардык укуктарды Подрядчыга жумуштарды аткарууга карата тийиштүү контракттарда макулдашылган графикке ылайык берилишин, жана жерди бөлүү жана көчүрүү: (а) Зайымчынын жерди бөлүү жана калкты көчүрүү менен байланышкан колдонуудагы мыйзамдарына жана токтомдоруна; (b) Калкты көчүрүү боюнча коргоо чараларына; (с) Социалдык экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө отчётко; (d) ЖБККАДДА жана (е) ар кандай ЖБККПДА белгиленген бардык чаралар жана талаптар, ошондой эле Коргоо чараларынын талаптарын аткарууну мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчётто белгиленген ар кандай түзөтүүчү же алдын алуучу иш-аракеттерге ылайык жүзөгө ашырылышын камсыздайт, же БШМга, БТБга, ШТБга камсыздоону тапшырат.
7. Зайымчы көчүрүүгө, ЖБККАД же ЖБККП карата Коргоо чараларын колдонууну чектебестен, Долбоорго байланыштуу кандайдыр бир орун которууларды же туруктуу экономикалык абалдан арылтууларды болтурбоону төмөндөгүлөр ишке ашканга чейин камсыздайт, же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат:
(а) көрсөтүлгөн жактарга ЖБККПга ылайык компенсация жана башка төлөмдөр берилгенге чейин; жана
(б) ЖБККПга ылайык кирешелерди жана экономикалык абалды калыбына келтирүү боюнча комплекстүү программа түзүлгөнгө чейин.
Жергиликтүү калк
8. Зайымчы Долбоордун алкагында, жергиликтүү калкка, аларга карата КЧСБда аныкталганга ылайык, эч кандай таасир тийбөөсүн камсыздайт, жана БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат. Долбоордун кандайдыр бир таасири тийген учурда, Зайымчы, Долбоордун Зайымчынын жана КЧСБнын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
Коргоо чараларынын талаптарын аткаруу үчүн адамдык жана финансылык ресурстар
9. Зайымчы АЧКЧП жана КЧСБны толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бюджеттик жана адам ресурстарын камсыздайт же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат.
Тендердик документтердин жана Жумуштарды аткарууга карата контракттардын жоболорунун коргоо чараларына байланыштуулугу
10. Зайымчы Жумуштарды аткарууга карата тендердик документтерде жана контракттарда подрядчыларды төмөндөгүлөргө милдеттендире турган жоболор камтылышын камсыздайт, же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат:
(а) БЭЭде, АЧКЧПда, Социалдык экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө отчётто жана ЖБККПда (курулуш иштеринин натыйжасында жабыр тарткан адамдарга таасир этүүчү даражада) подрядчыга тиешелүү бардык чараларды, ошондой эле Коргоо чараларынын талаптарынын аткарылышын мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчётто көрсөтүлгөн түзөтүүчү жана алдын алуучу ар кандай чараларды сактоо;
(b) Жумуштар башталганга чейин, ушул участок үчүн, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын жеке планын Зайымчыга берүү;
(с) бюджетти жаратылышты коргоочу жана социалдык иш-чараларга бөлүү;
(d) БЭЭде, АЧКЧПда, Социалдык экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө отчётто же ЖБККПда эске алынбаган Долбоорду куруу, ишке ашыруу же эксплуатациялоо учурунда келип чыккан, айлана-чөйрөгө, калкты көчүрүүлөргө же жергиликтүү калкка карата ар кандай күтүлбөгөн тобокелдиктер же таасирлер жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү БШМга жөнөтүү;
(е) материалдарды ташуу жана куруу башталганга чейин жолдордун, айыл чарба жерлеринин жана башка инфратүзүмдүн абалын тийиштүү түрдө эсепке алуу; жана
(f) курулуш аяктагандан кийин, жергиликтүү инфратүзүмдүн жана айыл чарба жерлеринин жолдорун, башка объекттерин жок дегенде долбоорго чейинки абалына келтирүү;
Коргоо чараларынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө мониторинг жана отчёттуулук
11. Зайымчы төмөндөгүлөрдү өзү ишке ашырат же БШМга, БТБга жана ШТБга тапшырат:
(а) АӨБга Долбоордун алкагындагы курулуш иштери учурунда, Коргоо чараларынын талаптарын аткарылышынын мониторинги жөнүндө жарым жылдык отчётторду долбоор аяктаганга чейин берүү, андан кийин АӨБга Долбоордун ишинин жүрүшүндө Коргоо чараларынын талаптарынын аткарылышын мониторинг жүргүзүү жөнүндө жылдык отчётторду берүү жана бергенден кийин дароо тийиштүү жактарга ал отчёттордон тийиштүү маалыматты билдирүү;
(b) Долбоорду куруу, ишке ашыруу же эксплуатациялоо этабында БЭЭде, АЧКЧПда, Социалдык экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө отчётто же ЖБККПда эске алынбаган кандайдыр бир күтүлбөгөн экологиялык жана/же социалдык тобокелдиктер жана таасирлер келип чыккан учурда, АӨБга мындай тобокелдиктердин же таасирлердин келип чыгышы жөнүндө дароо кабарлоо, ошондой эле сунуш кылынган түзөтүүчү чаралар планы менен бирге окуянын деталдуу баяндалышын берүү; жана
(с) АЧКЧПда, Социалдык экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө отчётто же ЖБККПда көрсөтүлгөн чаралардын жана талаптардын аткарылышынын ар кандай иш жүзүндөгү же потенциалдуу бузулушу жөнүндө, мындай бузуу жөнүндө маалым болгондон кийин дароо билдирүү;
Тыюу салынган инвестициялардын тизмеси
12. Зайымчы Кредиттин же Гранттын каражаттары, КЧСБга карата 5-тиркемеде көрсөтүлгөн тыюу салынган инвестициялардын тизмесине киргизилген кандайдыр бир иш-чараларды каржылоо үчүн пайдаланылбашын камсыздайт же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат.
Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын стандарттары
13. Зайымчы Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Зайымчынын бардык негизги эмгек ченемдеринин, колдонуудагы мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыздайт, жана БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат. Зайымчы Долбоордун алкагында АӨБ тарабынан каржыланган тендердик документтерде жана контракттарда подрядчылардан, ушулардан тышкары, төмөнкүлөрдү талап кылган конкреттүү жоболор камтылышын камсыздайт, жана БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат: (а) Зайымчынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын сактоо жана жумуш ордунда эмгекти коргоонун колдонуудагы ченемдерин пайдалануу; (b) балдардын эмгегин пайдаланууга жол бербөө; (с) ишке орноштуруу жана жумуштуулукка тиешелүү маселелерде жумушчуларды дискриминациялоого жол бербөө; (d) мажбурлап иштетүүнү колдонбоо; (е) профсоюздарга биригүү эркиндигин берүү жана жамааттык келишимдерди түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү чындап таануу; жана (f) Долбоор алкагында ишке тартылган подряддык кызматкерлерге жана Долбоордун аймагына жанаша жайгашкан жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнө, өзгөчө аялдарга, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын, анын ичинде АИВ/КИЖСнын тобокелдиктери жөнүндө маалымат таратуу үчүң тиешелүү кызмат көрсөтүүчүлөрдү жайылтуу же тартуу.
14. Зайымчы буга чейинки 13-пунктта баяндалган талаптардын аткарылышын так мониторинг жүргүзүүнү жана АӨБга үзгүлтүксүз отчёт берүүнү жүзөгө ашырат жана БШМга, БТБга жана ШТБга тапшырат.
Гендер жана өнүктүрүү
15. Зайымчы (а) ГМИП анда баяндалган шарттарга ылайык ишке ашырылышын; (b) тендердик документтерде жана контракттарда подрядчылар тарабынан ГМИПде белгиленген чаралардын сакталышы жөнүндө тийиштүү жоболор камтылгандыгын; (с) ГМИПди ишке ашыруу үчүн адекваттуу ресурстар бөлүнгөндүгүн; жана (d) ГМИПди ишке ашыруудагы өсүүлөр, анын ичинде негизги гендердик натыйжаларга жана максаттык көрсөткүчтөргө жетүүдөгү өсүүлөр үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп, АӨБга билдирилип туруусун камсыздайт.
Утурлай каржылоо
16. Зайымчы жана БШМсы Долбоорду өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн, анын ичинде сметалык каражаттардын жетишсиздигин же ашыкча чыгымдалышын жабуу үчүн зарыл болгон утурлай каржылоонун бардык каражаттарын камсыздайт, Зайымчы да, БШМсы да Долбоорду өз бюджетине киргизүүнү камсыздайт, бул Долбоор боюнча керек болгон чыгашалардын ордун жабуу үчүн каражаттардын өз убагында берилишин жана бошотулушун камсыздоо үчүн зарыл болуп эсептелет. Зайымчы өз аймагында жүзөгө ашырылган Долбоорго байланыштуу чыгашаларга салынган салыктарды, алымдарды жана башка милдеттүү жыйымдарды каржылайт же төлөөдөн бошотот. Жогоруда белгиленгендерге кошумча катары, долбоордун финансылык туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле долбоордун активдерин эксплуатациялоо жана тейлөө үчүн, Зайымчы БШМнын, БТБнын жана ШТБнын ар биринде Жумуштарга, Товарларга, жана/же Кызмат көрсөтүүлөргө карата түзүлүүчү контракттарга байланыштуу келип чыгуучу өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн жетиштүү каражатка ээ болушун камсыздайт; жана (б) Зайымчы 18 (d) - параграфына ылайык Долбоор үчүн субсидия түрүндөгү каржылоонун БТБы тарабынан өз убагында берилишин камсыздайт, жана мындай субсидиянын суммасы БТБы тарабынан 2020-жылдын 31-декабрында аяктаган, финансылык жылга карата берилген субсидиянын суммасынан аз болбошу керек.
Финансылык милдеттенмелер
17. Зайымчы БШМы аркылуу иш алып баруу менен (i) 2019-жылдын 31-декабрында аяктаган финансылык жыл ичинде БТБга берилген субсидиялардын суммасын, БТБнын ар бир финансылык жылы үчүн бирдей кармап турууга жана БТБга берүүгө; жана (ii) 2025-жылдын 31-декабрына чейин АӨБга БТБнын финансылык туруктуулугун жогорулатуу үчүн, анын мамлекеттик субсидияларын көбөйтүү боюнча стратегиялык планын берүүгө милдеттүү.
Операциялык милдеттенмелер
18. Зайымчы (а) Долбоордун ишке ашырылышын жана Долбоордук объекттер долбоордук спецификацияларга жана курулуш ченемдерине ылайык орнотулуусун; (b) курулушту көзөмөлдөө, сапатын контролдоо жана контракттарды башкаруу эл аралык тармактык алдыңкы тажрыйбага ылайык жүзөгө ашырылуусун; жана (с) Долбоордун объекттерин жана жабдууларын натыйжалуу орнотуу, эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана башкаруу үчүн квалификациялуу жана тажрыйбалуу персоналдын ишке тартылуусун камсыздайт, же БШМга, БТБга жана ШТБга камсыздоону тапшырат.
Акыйкат башкаруу жана коррупцияны болтурбоо боюнча чаралар
19. Зайымчы, БШМ, БТБ жана ШТБ (а) АӨБнын Коррупцияга каршы саясатын (1998-жылы кабыл алынган, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен колдонуудагы редакциясы) сакташат жана АӨБы түздөн-түз же өзүнүн агенттери аркылуу Долбоор менен байланышкан, мүмкүн болуучу коррупциялык же алдамчылык, сүйлөшүп алуу же кандайдыр бир аракеттерди жасоого мажбурлоо учурларын териштирүү жүргүзүүгө укуктуу экендигин тааныйт; жана (Ь) ар бир мындай тергөө менен кызматташат жана мындай тергөөнүн канааттандырарлык аякташын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл жардамды көрсөтөт.
20. Зайымчы, БШМ, БТБ жана ШТБ ушул Долбоорго байланыштуу АӨБы тарабынан каржылануучу бардык тендердик документтерге жана контракттарга АӨБнын талаптарын канааттандыруучу коррупцияга каршы жоболорду, анын ичинде Долбоорго байланышы бар аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин жана бардык подрядчылардын, жабдуучулардын, консультанттардын жана башка кызмат көрсөтүү провайдерлердин эсепке алуусун жана эсебин аудит жүргүзүү жана текшерүү жөнүндө укугу тууралуу жоболорду киргизүүнү камсыздайт.