КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11-т (Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-январы № 11-т
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Индия Республикасынын Элчилигинин арызынын негизинде, "S60" моделиндеги, 2003-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № В523412592826, кузовунун № YV1RS53K922099704, кыймылдаткычынын көлөмү 2319 см3, кара-боз түстөгү "Volvo" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алсын;
- жогоруда аталган автотранспорт каражатынын наркын баалоону жүргүзсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга өткөрүп алсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А.У. Жапаров |