РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 303-т (Көмүр продукцияны белгиленген тариф боюнча ташууну камсыз кылуу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 30-ноябры № 303-т

Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле калкты жана ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2021-жылдын 30-ноябрынан 2022-жылдын 1-мартына чейинки мезгилде көмүр продукциясын Балыкчы станциясы - Бишкек-1 станциясы каттамы боюнча темир жол транспорту менен бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен 436 (төрт жүз отуз алты) сом өлчөмүндө белгиленген тариф боюнча ташууну камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы көрсөтүлгөн мезгилде Балыкчы станциясынан Бишкек-1 станциясына чейин калкка көмүр продукциясын ташууда ушул тескеменин 1-пунктунда белгиленген тарифти колдонсун.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров